ЭРКИН МУКАШЕВ 40 ЖЫЛ САХНАДА

2000-жылдары хит болгон “Танец под дождём” аттуу ырдын автору, ырчы, композитор Эркин Мукашев сахнада жүргөнүнө 40 жыл болгонун айтат. Ал 17 жашынан тартып кыргыз эстрадасынын баштоочусу Чоро Кожомжаров менен иштеше баштаган. Кийинчерээк “Наристе”, “Семетей”, “Элес” топторунда эмгектенип, 12 жылдан бери өзүнүн “Фрунзе” аттуу тобун жетектеп келет.

– Быйыл сахнада жүргөнүмө 40 жыл болду. Ошонун урматына “Биз Фрунзеденбиз” деген аталышта концерт бергени жатам. Бул концертти туулуп-өскөн Фрунзе шаарыма арнайм. Жеке концертиме чыгармачылыктагы агаларым Алтынбек Сапаралиев, Султан Каримов катышат. Андан сырткары “Инсан”, “Элес”, “Дельмар”, Казакстандан келген топтор, жаш ырчылар Кайрат Примбердиев, Салтанат Аширова жана башкалар менин ырларымды аткарышмакчы. Отчёттук концертим Улуттук филармонияда, 25-октябрда болот,- дейт Эркин Мукашев.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nazira...
2019-09-23 16:27:05
Эээ, бул оло сонун ырдайт да. 40 жыл болуптурбу? Молодец!
+2
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан