СТРЕСС – көп ооруну жаратуучу душман

Стресстен кантип кутулууга мүмкүн? Кутулуу үчүн бийик мунарага чыгып алып, сырт дүйнө менен таптакыр байланышпай коюу кажет. Бирок минтүү мүмкүн болбогондуктан, стресстен чыгуунун жолун үйрөнүү оң.

СТРЕСС ДЕГЕН ЭМНЕ?
Стресс – адамдын эмоционалдык тынчтыгынын жана тең салмагынын бузулушу. Башкача айтканда, жагымсыз кырдаалдын таасиринен улам организмде пайда болгон катуу чыңалуу.
Негизи, нервдик чыңалууну организм “ден соолукка коркунуч туулду” деп кабыл алат. Ошол себептүү организмде химиялык жана биологиялык реакциялар жүрөт. Бул дененин күрөшүүгө (кырдаалга каршы турууга) же качууга даяр болуусун шарттайт. Ачуулануу же коркууга кез келгенде денени калтырак басып, муштум түйүлүп, анан артты карабай качуу же мушташуу келип чыгат. Коркунучтан кутулуу керек болгондо адам күчтүү болуп кетери да баарына маалым. Бул да болсо организмдин жашап кетүүгө болгон далалаты.

ЗЫЯНЫ – ООРУЛАРДЫ ЖАРАТЫП,
АДАМДЫ КАРТАЙТЫП ЖИБЕРГЕНИНДЕ

  • Эгер стресс узакка созулуп кетсе, анда нерв системасынын чыңалуусунан улам адамда шакый, белде оорутуу, кант диабети жана жыныстык жактан шалдык келип чыгат. Буга кан басымдын көтөрүлүүсү кошулат. Ал эми ашказанда туз кислотасы көбүрөөк бөлүнүп чыгып, ашказан жарасына кептелүү коркунучун жаратат.
  • Адамдын ДНКсында теломер аттуу зат бар. Булар генетикалык туруктуулукту жана хромосомдорду сактоого жооп беришет. Жаш өйдөлөгөн сайын теломерлер азайып отурат. Ал эми катуу же улам кайталанган стрессте теломерлердин саны кескин кыскарып, адам бир топ жашка улгая түшкөндөй көрү­нүп калат.
  • Стресс иммунитетке да зыянын тийгизет. Иммунитет начарлаганда тери жана аллергиялык оорулардын жаралуусу мүмкүн.

ЭМНЕДЕН УЛАМ КЕЛИП ЧЫГАТ?
Стрессти иштен айрылуу, жакын адамдын оорушу же каза болушу, жакшы көргөн адамдын таштап кетиши, катуу ооруга чалдыгуу, дамамат иштен же үйдөн уруш угуу, өнөкөт чарчап-чаалыгуу сыяктуу жагымсыз нерселер козгойт. Ошондой эле стрессти баланын туулушу, турмушка чыгуу (үйлөнүү) сыяктуу жагымдуу кырдаалдар да жаратышы мүмкүн.

СТРЕССТИН БЕЛГИЛЕРИ
Буга баш ооруу, уйкусуздук, жыныстык жашоонун бузулушу, депрессия, жүрөктүн кагышынын ылдамдашы, ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү, өзүнө ишенбөөчүлүк, фобиялардын көбөйүшү, эс-тутумдун начарлай башташы кирет.

СТРЕССТЕН АРЫЛУУНУН ЖОЛДОРУ
Кайгырып-капалануудан улам кээ бирөөлөр канча тамак ичкенин көзөмөлдөй албай калышат. Анын үстүнө жинденгенде тамакты чайнабай жутуп калуу күтүлөт. Анан бир күнү караса эле адам толуп кеткен болот. Жакшы чайналбаган же таптакыр эле чайналбаган тамактар толук сиңбейт да, калганы майга айланып кетет. Адамдын семирип кетүүсүнүн сыры ушунда. Ал эми тамакты чайнап жегенибизде тамак шилекей бездери менен иштелип, бат сиңүүгө шарт түзүлөт.

ТАТТУУЛАР КАЙГЫРЫП-КАПАЛАНУУДАН КУТКАРБАЙТ
Кайгырдыңыз, алтургай ыйлады­ңыз дейли. Көпчүлүк учурда мындайда кол өзүнөн-өзү таттууларга сунулуп, аны кантип жеп киргениңизди билбей каласыз. Таттуулардан жан дүйнөдө жеңилдик болгондой туюлат. Чындыгында, момпосуй, токочтордон соң кандагы глюкозанын деңгээли көтөрүлөт. Адам маанайынын көтөрүлүшүн, ишке жөндөмдүүлүгүнүн артышын баамдайт. Бирок көп өтпөй эле кандагы глюкозанын деңгээли кандай бат көтөрүлсө, ошондой эле бат түшүп, адамда тердөө, баш ооруу, ачка болгондой сезим, маанайдын түшүшү күтүлөт. Башкача айтканда, организм мурдагыдан да чоң стресске кабылат. Андыктан таттуулардын пайдасы деле жок. Бирок...

БИРОК АЧУУ ШОКОЛАД ЖАРДАМ БЕРЕТ
Курамында какаонун өлчөмү 75 пайызды түзгөн шоколад, чындыгында, маанайды көтөрөт. Мындай шоколадда кант аз, ал эми рахат гормонун бөлүп чыгарган заттардан турган какаонун өлчөмү көбүрөөк. Бирок бир күндө 50 граммдан ашык жебөө керек. Андан ашыгы толуп кетүүгө жол ачат.

БАЛЫК ЖАНА МАКАРОН СТРЕССТЕН КУТКАРАТ
Белгилүү диетолог Маргарита Королёва (Анита Цой, Наташа Королёва, Андрей Малахов, Николай Басков жана башкаларды өзү түзгөн диетасы менен арыктаткан) “балык, аш-көктөр (укроп, петрушка ж.б.) жана макарон нервдик чыңалуудан арылууга жардам берет” дейт. Бирок макаронду чени менен жебесе, семирүүгө жеткирет.

СТРЕССТЕН АРЫЛТУУЧУ ДАРЫ-ДАРМЕКТЕР
Медициналык каражаттардан гилицин, тенотен-валемидин жана башкалар бар. Бирок буларды дарыгердин сунушу менен гана ичүү керек.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

  • Көк чай чыңалуудан арылууга жардам берет. Ал эми матэ чайы сергитет.
  • Банан жеңиз. Андагы заттар шаттыктын гормону – серотинди иштеп чыгаргандыктан, маанай көтөрүлүп, санаа канча бир мезгилге чейин унутулат.
  • Спорт менен машыгыңыз. Ага моюнуңуз жар бербесе, анда үй жумуштары менен деле алектениңиз. Кир жууңуз, үй жыйнаңыз. Огороддо иштеңиз, шаардыктар дачасына барып, чарба менен алектенишсе болот.
  • Жакшы көргөн адамыңыз менен кафеге барыңыз. Шам алдында сүйлөшүңүз.
  • Резина шариги менен манжала­рыңызды машыктырыңыз. Бул чыңал­ган булчуңдарды бошоң­дотот.
  • Өбүшүңүз. Мында сүйүү гормону бөлүнүп чыгып, бүркөлгөн кабактын ачылышына жардам берет.
  • Адамды чыңалуудан арылтуучу процедураларга барыңыз.
  • Мисалы, массаж, ароматерапия.
  • Эгер стресстен чыгуунун жолун таппай кыйнал­саңыз, психотерапевтке кайрылыңыз. Ал сиздин кайгы-капаңыздын сырын угуп, андан чыгуунун жолдорун көрсөтөт.

Эскертүү! Курамында кофеин бар азыктан, мисалы, кофеден, ошондой эле кока-коладан качыңыз. Булар нерв системасын дүүлүктүрүп, стрессти күчөтөт.


Билип ал

КҮНДҮЗ ОҢ, ТҮНКҮСҮН СОЛ ТАНОО МЕНЕН ДЕМ АЛАБЫЗБЫ?
Чыгыш медицинасынын аныктамасына кайрылсак, адам энергияны тамак-аштан гана эмес, абадан да алат. Башкача айтканда, мурун аркылуу дем алуу менен күндөн, анан айдан энергия алабыз.
Дем алуу менен күндөн энергия алуу күндүзү көбүнчө оң таноо, айдан энергия алуу түнкүсүн көбүнчө сол таноо аркылуу ишке ашат. Муну өзүңүздөр текшерип көрсөңүздөр болот. Күндүзү жана кечинде танооңуздарды кезеги менен жаап, дем алып көрүңүздөр. Ошондо күндүн кайсы убагында кайсы таноо менен көбүрөөк дем алып жатканыңыздар анык болот.
Демек, оң таноо аркылуу кирген аба агымы адамды активдүү кылып, сол таноо аркылуу кирген аба адамдын активдүүлүгүн басаңдатат. Башкача айтканда, Күн энергиясы адамды жылытып, күч берип, адамды активдүү кылат. Ал эми айдын энергиясы адамды муздатат, тынчтандырат.
Андыктан депрессияга кабылган учурда, чарчаганда оң таноо менен дем алууга аракет кылуу пайдалуу. Ал эми жинденгенде, ачууланганда сол таноо менен көбүрөөк дем алууга аракет кылган оң.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан