Байыш Момунов: “КЛАРА МЕНИ МЕНЕН ДУЭТ ЫРДАЙМ ДЕСЕ КАРШЫ ЭМЕСМИН”

90-жылдардын аягында көпчүлүк “Анын Мерседеси бар” деп кыңылдап калышпады беле. 19 жашында “Жаныш Байыш” тобун түзүп, 10 жыл дөңгөлөк үстүндө жүргөн жашоосун, ырчы Клара Алибекова менен кош жылдыз катары дүңгүрөп чыккан кезин, учурда уулу Баэлдин ырчылыкка аттанып жатканы тууралуу ырчы Байыш Момунов маек куруп берди. Кызыктын баары бул жакта, окурман.

– Байыш, сиз тууралуу акыркы уккан кызыктуу маалыматым уулуңуздун ырчылыкка аттанып жатканы болду.

– Уулум Байэл менен кичине кезинен эле жакынбыз. Экөөбүз чогуу жакында телеканалдардын бирине маек бердик. Уулум “Ата, мен ырдайм” деп калды. Атасы да, апасы да сахна адамдары, баары бир ырдап чыкмак болуш керек деп ойлойм. Таланты укмуш деп айта албайм, бирок аракети күчтүү болуп жаткан кези. Талантты багыш керек, тапташ керек. Азыр жаштар сахнанын ысык-суугун билбей, ырчы болот десе эле койкоюп чыгып ырдап коёт деп түшүнүп жатышат. Биринчиден, үнүн тапташы керек. Уулум Жамиля Муратовадан вокал боюнча сабак алганы жатат. Буюрса, жылдызы жана турган күн да келет.

– “Анын Мерседеси бар” деген ырыңыз кезинде хит болду. Ошол учурдагы “Жаныш-Байыш” тобу тууралуу кеп салып берсеңиз?

– Жаныш экөөбүз тең Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте 1-класстан баштап окудук. Чачыбыздын учуна чейин нотаны сиңирдик. Ал учурда мектепти бүтүп жатканда Кыргыз улуттук консерваториясына атайын экзамен менен алып кетишчү. Ал жактан эстрада-вокал бөлүмүн бүттүм. Жаныш композиторлук жагын бүтүрдү.

Жашпыз, кан кайнап, энергия ашып-ташып турган учур. "Жаныш-Байыш"тобун 11-классты бүтүрө электе эле түзүп алгам. Анткени өспүрүм кезибизде “Динара” тобу бизди тандап, өз командасына кошуп алган. Бирок мектепте бизди гастролдорго жибербей мугалимдер урушчу. “Силер классикалык музыканы улантуучусуңар, профессионал музыкант болосуңар, эстрадага барсаңар, ошондон ары кеткиле” дешчү. Ал кезде эстраданы окутушчу эмес, “халтурщик” болуп кетесиңер, ырчылар силерди бузуп жатат” деп ызылдашчу. Кыл кыяк, пианино, операга басым жасалчу. Бирок биз сахнанын даамын татып калганыбыз үчүнбү, гастролдорго чыксак деп эңсеп турчубуз. Ошол кезде “Динара” тобу популярдуу эле. Динара эже (ред.: Акулова) ырдап жатканда артындагы клавиша чертип турган өспүрүмдөрдү байкап калсаңар, ошол бизбиз (күлүп). Кээде видеолордон өзүбүздү көрүп калабыз. Негизги таасирди ошондо алган окшойбуз. "Топ ачсакпы" деп сүйлөшүп отурсак, өзүмдүн бир тууган эжем “Жаныш-Байыш” деп эле атыңарды коюп койбойсуңарбы” деп калды. Жагып калды. Топко солист болуп эжем Диля Момунова кошулду. Үчөөбүз ырдап жүрдүк.

1996-жылдары “Динара” тобу дүркүрөп турганда Ош шаарында 10 жылдык мааракелик концерт берген. Ошондо Өзбекстандан популярдуу эстрада жылдыздарын чакырышкан. Ал балдар так эле Жаныш экөөбүздөй жаш балдар болчу. “Анын арабасы бар” деген ырды түркчөдөн өзбекчеге которуп ырдап жүрүшкөн экен. Мага ушул ыр жагып калып алардан сурап алдым. Мен башында “Анын машинасы бар” деп ырдап жүрдүм, жакшы угулбай жаткансыды. Ошол учурда Бишкекке жаңы эле чет жактан машиналар келип мода болуп жаткан кези эле. “Анын Мерседеси бар” десем жарашып калды. Учурунда хит жаратып жатканым деле ойго келбептир.

Айтмакчы, ошол клиптеги жаш кыздын азыр неберелери бар. Ал менин эжем.

– Үй-бүлөңөр менен ырчы турбайсыңарбы, силерди музыкалык билим алууга ким үндөгөн?

– Бактылуу кокустук деп койсом болот. Мен Ошто Кара-Суу районуна караштуу мектеп-интернатта окуп жүргөндө борбордон таланттуу балдарды чогултуп музыкалык мектепке алып кетебиз деп комиссия келген. Мен биринчи классты бүтүп жаткан кезим экен. Ырдап бийлеп берсем керек, мени тандап кетиптир. Апам мени борборго жеткирген. Анда иним Жаныш биринчи класска бара турган учуру эле, “экөө шерик болсун” деп аны да таштап кеткен. Ошентип ойго келбеген жерден Жаныш да кошулуп калыптыр. Ал азыр мыкты музыкант.

– Ошол курам болуп жүрө берсеңиздер, балким, мындан да чоң эмгектерди жаратмаксыңар...

– Он жыл бою биз барбаган айыл, шаар, район калбады. Акча деле кызык эмес эле, сахнага чыгуу, кол чабуу, жаштык энергия менен жүрдүк. Анан экөөбүз тең үй-бүлөлүү болгондон кийин үй-бүлөнү багыш керек болду. Көп учурда Жаныш ырчыларга аранжировка жасап бошобой калды, мен жеке ырчы катары кеттим. Шарт ошондой болуп калды.

– Сизге Клара Алибекова тууралуу суроо ыңгайсыздык жаратабы?

– Биздин жашабай калганыбызга көп жыл болду. Бирок кайда барбайын ал тууралуу суроо берилет. Клара интервьюга барса ага да мен тууралуу суроо берилет. Бул эми биздин тарыхыбызда калган нерсе, ошентсе да...

– Силердин жеке жашооңорду эмес, чыгармачылыктагы тандемиңерди сурайын дегем. Чыгармачылыгыңызда Клара Алибекова менен болгон дуэттер сиз үчүн да секирик болгон деп ойлойм, кошуласызбы?

– Сен чыгармачылык дуэт деп айткан учурда деле эл өзү ары жагын кошуп алат да (күлүп). Клара Алибекованын өзүнүн чоң ысымы бар. Мен үчүн Клара Динара Акулова, Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиевалардын деңгээлиндеги чоң ырчы десем болот. Буга көбү эле макул болсо керек. Чынында дүркүрөп катуу чыккан, мен эле эмес, мен сыяктуу жигиттердин көбү сүйгөн. Телевизордон Клара чыкса баары экранга жабышып калышчу. Аны туураган, чачын ошондой кестирген кыздар көп болгон. Биздин үйлөнүп калганыбыз, кайра ажырашып кеткенибиз деле Кудайдын буйругу, тагдырыбыз. Кээ бирөө тескери ой жооруп “Клара жылдыз болгон үчүн үйлөнгөн” дешет. Мага анын жылдыз болгонунун эмне кереги бар эле? Башка чөйрөдөгү адам болсом, балким, кызыкмакмын.

Чыгармачылыкка келсек, ал кезде дуэттер аз болчу. Ооба, азыр деле ырчы кыз-жигит үйлөнүп калса кызыгып жатышпайбы, ошол учурдун да кызыгуу жараткан адамдары биз элек. Жакшы ырларды жаратканбыз. Клара азыр деле мени менен дуэт ырдайм десе каршы эмесмин. Анткени экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз. Жаш кезде Клара тууралуу суроо берилгенде эмоцияга алдырып ачуум келип кетчү. Азыр токтолуп, жашоону аздыр-көптүр түшүнүп калдым.

– Ойлоруңуз жакты. Кларанын талантын баалайт экенсиз да?

– Ошол кезде деле талантын баалачумун, азыр деле баалайм. Экөөбүздүн ортобузда уулубуз бар. Эл ар кандай нерсени айта берет экен. Биздин ортобузда болгон нерсени биз гана билебиз да. Ажырашкандар канча, кайра бактысын тапкандар канча. Мен Клара өз теңин, бактысын таап кетсе сүйүнөм.

– Азыр Клара Алибекованын чыгармачылыгы солгундап жүрбөйбү, эмнеден деп ойлойсуз?

– Стресс болушу да мүмкүн. Эмил деген байкеси бар эле. Убагында Клараны гастролдорго чыгарып, чыгармачылыгын колдоп жүргөн адамдардан ошол байке эле. Ал байкеси оорудан каза болуп калганда катуу стресс болду. Негизи өтө таланттуу адамдар табиятынан назик болушат. Алар дайым кимдир бирөөлөрдүн камкордугуна муктаж. Аны көзүнүн карегиндей сактап жүргөн адамдар мага чейин эле болгон. Ошого көнүп алып жалгыз калганда өз жашоосун башкара албай калды окшойт. Кечке эле бирөөнүн карамагында боло албайсың, кайсы бир убакта ар бир адам өзү үчүн күрөшүш керек. Ошентсе да ырдап жүрөт, дагы жакшы ырларды ырдайт деп ишенем.

– “Оо, менин биринчи сүйүүм” деген ыр жаңыланып ырдалып чыкты, тарыхы барбы?

– Бул атайын Кларага жазылган ыр эмес болчу. “Жаныш-Байыш” тобу болуп жүргөндө эле жаздырып, эжем экөөбүз ырдап жүргөнбүз. Кийин Клара экөөбүз ырдап калдык. Анан Данияр Эрматов менен Клара ырдап чыкканда сүйүнүп, уруксат бергем.

– Эркектин аркасында аял дайыма тыл болуп келет эмеспи, жубайыңыз тууралуу уккум келди...

– Менин жубайым көтөрүмдүү, сабырдуу, акылдуу аял. Балдарымдын апасы, үйүмдүн куту. Элге укмуш мактап жибербесем да, көптөгөн жакшы сапаттарына ичим жылыйт. Аялдар өзү эркекти алдап эле койсо баарын кылып берет экенбиз. Ысык тамагын берип, жылуу сөзүн айтып мактап койсо эле болду. Аял ызылдап баштаса эле “ушуга алып берейинчи” деп ойлонуп жаткан нерсени, алып бербей, эркектин жини келип баштайт. Үй-бүлөлүк турмуш “тонкий” саясат. Акылга салып оокат кылса эле баары гүлдөп баштайт.

– Эркектерди “өмүрү чоңойбогон балдар” деп коюшат. Сиз өзүңүздү кайсы учурда чоңойдум деп эсептейсиз.

– Мен кичине куракта эле чоңоюп алдым. Топ түзгөндө уюштуруу, эсеп кысап, жол кире, кийимдер, репертуарыбыз, баары моюнумда эле. Ошол курагымда чоңойдум. Азыр “кантип ошондо отуздай адамды башкарып өз алдынча топ түзүп, жер кыдырып гастролдоп жүрдүм?” деп таң калам.

– Кандай атасыз?

– Жумшак атамын, өзүм үйдө көп болбойм, келсем эле балдарым эркелеп жабышып калышат, анан кантип урушасың? Үйдө тарбияны апасы көп берет. Мен кээде урушуп коюшум мүмкүн, бирок анда деле сөздү абайлап айтканга аракет кылам.

– Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Nestana95
2019-09-23 11:38:39
Анын Мерседеси бар дегенди ,биздики деп турктордон талашып коем го мен
+10
Tiken
2019-09-23 11:42:13
Кларанын ТВдан бир корууго зарыгып кутоор элек аттин! Мынча сулуу деп эле олтуа берчумун. Чындыгында ак конул , назик жана ишенчээк жан экен. Карыганда деле сахнаны багындырып жаткандар азыр четтен табылат, Кларанын туптогон орду бар болгону ошол ордун жоготуп койду. Жанылансын Клараны эл кутот!!! А сиз Байыш мырза биринчи жон гана назик жандын тагдырын талкалап, бырчалап, тебелеп туруп гана басып кеттиниз!!! Адамову абийринизге шек келтирбей эле коеюн !!!
+30
dobrajelatel
2019-09-23 12:37:53
Клара эч эле стресс депрессиядан чыкпай койду. Клара ажырашкандан кийин Элдер 3-4 эрге тийип чыкты.
+31
Jaan_ai
2019-09-23 13:12:31
Ээх Клара... Мынчалыктын эмне кереги бар эле.. А бул мырзага соз жок... Эптеп дагы бир дунгуроп алайын деп атат...ХХХХХ
+20
Jaziko80
2019-09-23 13:28:24
Азыр байыштын аты очуп кетти. А Клараны эл унутпайт. Атын кайрадан чыгарып алгысы келип жатат окшойт. Баласы ырчы болом десе кичинесинен жакынмын деп калыптыр. Кичинесинде уйун алып кабарлашпвй калды элего.
+25
aiba_00
2019-09-23 15:45:59
Клара такыр эле ылжырап калды го, баласында эми вся надежда ырдап акча таап апасын багып кетсе болду.
+16
nazira...
2019-09-23 17:23:36
Жалка Кларага, Тагдырын талкалаган сенсин, жок дегенде ошо бир комнат квартиранды таштап чыксан болмок. Кошо ырдагандын оордуна кайра квартира алып берип кой, ырас баланды ойлосон. Сен дагы эркексинби, Кларанын тамган ар бир коз жашына жооп бересин али. Озунчо бактылуу боло бербе "жумшак ата" болуп.
+23
nurhan2702
2019-09-28 10:23:38
nazira..., туура. Ал квартираны деле Байыш озу албаган болуш керек. Расул Маматкулов Белек кылган. Аны кийин ажырашканда талашып бети деле жок экен бунун. Клараны жаш баласы менен кочодо калтырган
+2
nazira...
2019-09-23 17:25:58
Кыздарындын бироосунун тагдыры Кларадай болуп калып журбосун
-1
Dembele84
2019-09-23 21:51:57
Убагында Кларанын кийген кийимине чач жасалгасына чейин туурап жургон кыздар кобойгон,ото популярдуу кыз эле.Эми мына Момуновдон чыккандан бери,стресстен айрылбады
+12
Mamytovv_n
2019-09-23 22:34:55
Убагында ажырашып эми дует ырдайм десе каршы эмесмин деп тим эле озуну кучтуу сезип алганго
+13
Sezimim...
2019-09-24 00:33:01
Озун озу " асмандагы жылдыз " эсептеген дердин бири да...
+10
aminali
2019-09-24 16:38:31
Sezimim...,ошо да кичкий кезинен бери ырдап, топ тузсо да Кларадай атактуулука жете элек!
+8
aimai
2019-09-24 21:59:57
Ayalin jamandagan erkekti men siylabaim
+6
saza20
2019-09-29 10:54:38
aimai, молодец
0
pero5184
2019-09-27 17:45:49
Сындатып эле койсо
-3
ggvatua
2019-09-28 20:22:02
Клара сени менен дуэт ырдап жинди болуптурбу?Акмак киши экенсин,брат.Катынды кор кылдын эми сенин да кызынды бироо ошондой кор кылбасын.кеч бололекте Кларадан кечирим сура.Тарых ким экендигинди аныктап коет тез эле.Мышык болуп калыпсын го.Клара назик.ишенчээк тура сени кантип суйду экен?
+4
assr
2019-09-29 12:46:19
турмуш экен да
-1
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан