(Башы өткөн сандарда)
Айдар колундагы акчаны сүйүнүп карап турду. Көрсө, болот экен да.
– Аруш, көрдүңбү, бул акча! Экөөбүздүн акчабыз.
– Ооба, биздики.
Арууке эч нерсени түшүнбөсө деле көздөрүн жадыратып агасы сүйүнсө кошо сүйүнө берди. Төш чөнтөгүнө акчасын салып, айылды көздөй чуркап жөнөштү. Бир аздан кийин эле бөбөгү чарчап калды.
– Кел, аркама мин.
Тырмышып агасынын аркасына минип экөө талаа аралап кетип бара жатышты. Өспүрүм тыпылдап жонундагы салмакты деле сезбей бара жатты. Жүзүнөн аккан тер тып-тып. Бирок уктап калган бөбөгүн ойготкусу келбей үйгө чейин чыдап алып келди. Аны акырын төшөгүнө жаткырды. Арууке уйкусурап колун агасынын коюнуна салды. Анын ушундай адаты бар. Жанына жатып, таноосунан чыккан жытын искеп жатып уктап кетти.
ххх
– Сен акмаксың, сага караганда карачы 10 жаштагы Айдар жаны тынбай жалданып иштеп жатат. Чычкандай богуң менен тең бала сенден жакшыраак оокат кылып жатат,- деди Калыс атанын кызы жалкоо күйөөсүн жемелеп.
– Турчу, эй, ары жакка жебиребей...
– Калппы? Сен мени алганы тырмактай дагы киреше алып келбедиң. Атамдын пенсиясын аңдып отурабыз. Атамдын үйүндө анын малын жеп, чарбагындагы мөмө-жемишти сатып оокат кылып келе жатабыз. Мен уялып бүттүм.
– Жоголчу ары, эр албай эптеп мага тийип алып...
Аял селдейе түштү. Эң эле талуу жерине тийди бул сөз. Урушканда мындан да жаман сөздөрдү айтчу эле, бирок бул сөз чучугуна жетти. Ушул деп баарынан кечкенине, күйөөсү жанын оорутканына чыдабай кетти. Туруп барып шкафтагы кийимдерин жыйнап туруп тигиге көзү менен эшикти көрсөттү.
– Эмне-е?- деди күйөөсү жаны чыга.
– Тур, чыгып кет. Менин үйүм, менин жайым, менин балдарым. Бул үйгө эч нерсеси жок келгенсиң, кийимдериңди ал да, чык.
– Эй, азыр мен сени,- ызырынып туруп келе жаткан күйөө негизи жүрөгү жок неме эле, жалтана түштү. Сыртка чыгып кетти. “Чычкандай Айдар сенден жакшы оокат кылып жатат” деген сөз жанын куйкалап бара жатты. “Айдар, ээ?! Ошонун көзүн тазалайм! Бул айылдан жок кылам, силер сыймыктанган Айдарыңарды” деди өзүнө өзү.
ххх
– Бир жыл болду, балдар эч кимиси жок жашап жатышат. Силердин кызмат ушундай балдарды караш керекпи?- деп күпүлдөп жатты ал эртеси күнү райондун социалдык кызматкерлерине.
– Жакшылап түшүндүрүп айтыңызчы, кандайча эч кимиси жок?
– Апасын өлтүрүп салып атасы түрмөдө. Чоң энеси бакчу эле, оо дүйнөгө кетип калды. Менин кайнатам каралашып жүрөт, бирок ал картаң чалдын колунан эмне келмек?
– Макул, чара көрөбүз.
– Силердин милдетиңер бул, чара көргүлө,- деп күпүлдөп кетип калды ал.
Мүнөттүк ич күптүсү үчүн балдардын тагдырын талкалап жатканын эч сезбеди. Базарга барып мантыдан тоё жеп, айылына жол тартты. Бир жумадан кийин социалдык кызматкерлер келип, балдарды балдар үйүнө өткөрүп беришти.
ххх
– Калыс ата, эмне болду?- деди Эрнис дароо эле карыянын кебетесинен бир нерсе болгонун билип.
– Акмак, арсыз, келесоо...
– Ким?
– Күйөө балам.
– Эмне болду?
– Кызым экөө урушуп кетип балдардын жалгыз жашап жатышканын айтып коюптур, тигил ашкеби күйөө балам. Алып кетишти экөөнү,- деди демигип чыккан Калыс ата. Эрнис купкуу болуп кетти. Жүрөгүнүн түпкүрүндө ушундай нерсе болорун билген. Эң корккон нерсеси ушул эле. Шалдайып отуруп калды.
– Мен багып алам балдарды!- деди Калыс ата.
– Сизге беришпейт.
– Эмне кылуу керек?
– Эч нерсе. Биз эч нерсе кыла албайбыз,- деди үнү өчкөн Эрнис.
– Бир гана Асияда үмүт бар. Эптеп бир жолун таап аны тапканга аракет кылыңыз. Айдардын таята-таенеси Асия мага турмушка чыкканда “топурагымды түйүп бердим, батаны бузуп аркалыкка тийип кеттиң” деп катышпай коюшкан. Ошол боюнча кабарлары жок болуп кетти. Ата-энеси бар экенин кечээ жакында билдим. Асия Орусияга кетиптир, бир-эки жолу ата-энесине кабарлашып амандыгын билдирген экен. Кийин “Дубайга кетем” дептир. Ошол боюнча жылдар бою кабары жок имиш. Эч ким дайынын билбейт экен. Бирок ата-энеси тирүү дейт.
– Анан?
– Менин оюмча, алар менин түрмөдө экенимди, апамдын каза болгонун билишпейт. Небереси жалгыз калганын билсе алып кетишет. Сен аларды тап, Калыс ата. Балдарды сен ала албайсың, бирок таята-таенеси ала алат. Жүрөгү таптакыр таш болуп катып калбаса жалгыз кызынын баласын алышар, Айдар болсо эч качан Аруукени таштабайт. Демек, экөөнү тең алар алышы мүмкүн. Менин акылыма келгени ушул, Калыс ата.
– Атаң көрүнүн баласы, башынан эмне айткан жоксуң?
– Асия келет деп эле үмүт кыла бердим, ата. Ал аябай баласаак эле. Мени жек көрсө да баласын эч бир жамандыкка кыйбайт болчу. Мен ага ишенчү элем. Келген жок. Айла жок, эми анын ата-энесине барышыңыз керек.
– Болуптур, кана дарегин жаз.
Эрнис алакандай кагазга мээсиндеги даректи чиймелей калды.
– Атасы катуу киши дешкен. Апасына жолук, Калыс ата.
Эки эркек тең үмүт менен коштошушту.
ххх
Ош. Алыстан келгени билинген карыя автобустан түшүп эмне кыларын билбей туруп калды. Шуулдаган таксисттердин бири жанына келди.
– Такси алыңыз, ата.
– Алайын, баатыр. Сен биринчи мага ушул кагаздагы даректи бир түшүндүрүп бер.
Тигил алакандай кагазды карап туруп ийинин куушурду.
–Такси менен барганга акчаңыз жетеби Баткенге.
– Жок, кагылайын.
– Баткенге кете турган автобустарга алып барып коёюн анда.
– Шам-шум этип алсамбы дедим эле.
– Жүрүңүз, тамак ичкен жерге алып барайын.
Калыс ата чайханага келип чарчаңкы отуруп калды. Ойлор термеди. Кирип барганда кучактай моюнуна асылган Аруукени, жылмайып тосуп алган Айдарды эстеди. Экөө өз неберелериндей эле ысык болчу. Өмүр бою мугалим болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан карыя жан дүйнөсү балдарга жакын эле. Бирок ушул эки баланы ушунча жакшы көрүп калам деп ойлогон эмес. Эптеп тайларын тапса, бул иш бир ыңгай чечилсе деп санаа басып турду.
ххх
Балдар үйүнө келгенден бери Айдар тарбиячыларынан уруш жейт. Анткени жашына карап эки тайпага бөлгөнү менен, Аруукени дээрлик жанынан чыгарбайт. Кайда болсо экөө чогуу. Бала сымал ойноп да кетпеген бул балага таң калып бүтө алышпайт.
– Аруш, сен бир аз чыда, ээ, макулбу?- деди бала короого чыкканда.
– Биз үйгө качан кетебиз?
– Билбейм, бирок кетебиз.
– Бул жер мага жакпайт.
– Мага дагы. Бирок ыйлабай бир аз чыдасак Калыс ата келет. Ал мага атаңарга барып бир айласын табам деди.
– Атам да келеби?- деди кыз сүйүнө. Айдар анын сүйүнгөн жүзүн карап туруп түнөрө жооп берди.
– Келбейт ал.
– Эмнеге? Бизди жаман көрөбү?
– Жакшы эле көрөт, бирок келе албайт, Аруш.
– Биз бул жакта калып калбайбызбы, абака?
– Жок! Биз кетебиз. Эч болбоду дегенде сен экөөбүз качып кетебиз. Калыс атаны күтөлү, болбосо качабыз.
– Макул.
Кичинекейдин акылы деле жеткен жок. Агасы “качабыз, Аруш” дедиби, демек, бир нерсе ойлоп табат. Агасы аны эч качан таштабайт деген сокур ишеними бар эле кыздын. Бул ишеним анда өмүр бою жашады. Өзүнүн ишенимдүү колдо экенин ал бой жеткенде да сезчү. Бирок бул сезимдин үрөнүн ким сепкенин унутуп калган.
(Уландысы кийинки санда)