ЖЫЛАҢАЧ БААТЫР. КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ

14-сентябрда SUPER.TV каналында “Жылаңач баатыр” реалити-шоусу старт алды. "Эмне үчүн "Жылаңач баатыр?" деп жатсаңыз түшүндүрө кетели. Долбоордо 14 катышуучу Ысык-Көлдүн жээгинде баш байге үчүн ат салышат. Катышуучулар долбоордун аягына чейин акча, уюлдук байланыш, интернет, тамак-ашы жок шартта жашашат. Түрдүү таймаштар, оюндар жүрөт. Долбоордон күн сайын 1ден катышуучу четтетилет. Ким борттон сыртка ыргытыларын долбоордун катышуучулары жашыруун добуш берүү менен чечишет.


1) Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткан бул реалити-шоуго катышууну каалагандардын саны көп болду. Кастинг аркылуу жылдыздардан, “Супер-Инфо” гезитинин жана SUPER.KG порталынын окурмандарынын арасынан 14 катышуучу тандалып алынды.

2) “Жылаңач баатырдын” катышуучулары, долбоордун алпаруучулары Максат Надырбеков менен Айжан Нурманбетова Ысык-Көлдүн Кутургу айылына ак кемеде баратышат. Алар көңүлдүү маанайда бийлеп, ырдап барышты.

3)Чыпалак баатыр Сания айым менен жакындан таанышып жаткан кези. “Титаник” тасмасындагы башкы каармандардын образдарын Чыпалак баатыр менен Сания тамаша иретинде туурап жатышат.

4) Катышуучулар кемеде зеригишкен жок. Ойноп, күлүп, жакындан таанышкан катышуучулар алдыда сыноолор күтүп жатканын да билип турушту.

5) Реалити-шоунун шартына ылайык катышуучулар 15 күн бою телефонсуз жүрүшөт. Телефон менен интернетке байланган заманбап адамдарга смартфондору менен коштошуу кыйын болду.

6) Кеме жээкке келип токтоп, катышуучулар жерге түшүп жатышат.


7) Кемеден түшүп токой аралап баскан катышуучулардын көздөрүнөн “жапайы шартка кантип чыдайт болдук экен?” деген суроо көрүнүп турду. Алар чыныгы сыноо эми башталганын сезип жатышты.

8) Көл жээгине чогулган катышуучулар чүчү кулак кармап 2 командага бөлүнүштү. “Кызыл кемсел” жана “Көк кемсел” аталышкан командалар алгач бири-бири менен ат салышат.



- “Көк кемсел” командасы. (Солдон оңго Азамат, Назель, Нуркыз, Деңиз, Кудайберди, Зарылбек, Айгерим)


-“Кызыл кемсел” командасы. (Солдон оңго Саниа, Калыс, Замира, Шерхан, Айгерим, Азамат, Марс)


9) От алдында баарлашуу. “Кызыл кемсел” командасынын мүчөсү, ырчы Марс Мамаев “Шаардык кыз Аида, Аида, Аида. Жүрчү кетеличи “Жылаңач баатырга” деп ырдап берди.



10) Муну уккан ырчы Назель “Кайдасың, каяктасың, Ысык-Көл, Нарындасың, менин томпогум” деп Марсты эркелетип ырдап өттү.


11) Реалити шоунун 1-күнү. 15-сентябрь. “Жылаңач баатырлар” көл жээгинде чатыр тигип жарышышты. Чатырды биринчи тигип бүткөн “Кызыл кемсел” командасы сыйлык катары картошка кууруп жегенге мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми жеңилген “Көк кемсел” командасынын мүчөлөрү туз, майы жок күрүчтү өздөрү бышырып жегенге аргасыз. Бул азык-түлүк менен алар 1 күн тамактанышат.



12) Курсактын камын көрүп кубанган “баатырлар” от жагып тамак бышырып жатышат.


13) “Чатыр тигүү” оюнунда утулуп калган “Көк кемсел” командасы долбоордун шартына ылайык 1 оюнчусу менен коштошту. Аталган команда жашыруун добуш берүү аркылуу бир добуштан Чыпалак баатырды долбоордон четтетишти.


14) Реалити-шоунун 2-күнү. 16-сентябрь. Бул күнү ачка болгон катышуучулар баштыкчага салынып, таякка байланып кумга катылган жумурткалар үчүн беттешишти. Көбүрөөк жумуртка таап чыгууга аракет кылышып, жыйынтыгында “Көк кемсел” командасы жеңишке жетти.


15) Оюндан утулуп калган “Кызыл кемсел” командасы 1 оюнчусу менен коштошту. Азамат Мамбетовго каршы 5 добуш, Калыс Жакыповго 1 добуш, Шерхан Абкуловго 1 добуш берилди. Каршы добушту көбүрөөк алган Азамат Мамбетов долбоордон четтетилди. Анын “жок дегенде 3-орунду багынтып, 20 миң сом алсам долбоорго катышкандардын баарын кафеге чакырып сыйламакмын” деген тилеги орундалбай калды.

БЛИЦ МАЕК
Чыпалак баатыр: "УТСАМ МАТИЗ АЛМАКМЫН"

– Саламатсызбы, Зарылбек мырза! "Жылаңач баатыр" долбоорунан биринчи болуп четтетилип калдыңыз. Бул сиз үчүн күтүүсүз болсо керек?

– Ооба, күтүүсүз болду. Баш байгени утсам Матиз үлгүсүндөгү унаа алмакмын. Жеңем деген каалоом аз болуп калды окшойт. Буга капа эмесмин.

– Долбоордо катышуучулар эмне себептен сизди кетиришти деп ойлойсуз?

– Билбейм. Бирок мен “Кызыл кемсел” командасы утат деп ойлойм. Долбоордо ырчы Марс Мамаевдин жеңишин каалайм.

– Реалити-шоу эмнеси менен эсиңизде калды. Бир күн болсо да катышуучу болдуңуз да?

– Кемеде жүргөнүм, кесиптештерим менен сүрөткө түшүп, видеого тартылганым жүрөгүмдө калды.

Реалити-шоудогу кызыктар али алдыда. Долбоордон дагы кимдер четтетилет? Ким жеңүүчү болот? Реалити-шоунун жүрүшүн кийинки сандарда чагылдырып турабыз.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Рэп окуган Чыпалак баатыр, телефонсуз калган катышуучулар (1-күн)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Shokoladka94
2019-09-23 11:14:54
Последний герой деген орустардыкы менин кичинекей кезимде болчу эле
0
karona12
2019-09-23 13:48:26
Башында кызылдарга жан тартып аткам эми,Кудайбергенге жан тартып калдым.
0
Aimani
2019-09-23 21:06:19
Силерге кандай билбейм бирок мага сүрөттөр жарымы эле көрүнөт. Солго жылдырсам тиги көк страница чыгып жаап калат. Дайым ушундай
+1
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан