Салам, окурман. Сиз да күн сайын SUPER TV`нын Youtube каналын акмалап, «Жылаңач баатырдын» ар бир чыгарылышын күтүп көрүп жатсаңыз керек. Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан реалити-шоунун биринчи жана экинчи күнүндө болгон кызыктарды гезитибиздин өткөн санында жазганбыз. Анда 14 катышуучунун ичинен Зарылбек Аликенов (Чыпалак баатыр) менен Азамат Мамбетов долбоордон четтетилген. Күн өткөн сайын катышуучулардын саны азайып, оюн курчуп, кызыктарга бай болуп жатат. Назар салыңыз, өлкөдө абдан кызыгуу жаратып жаткан реалити-шоунун жүрүшүн ушул материалда баяндап беребиз.
3-күн: ОЮНЧУЛАРДАН КАПКАК ТАЛАШКАН БАКАЛАР
Бул күнү оюнчулар кутулардын ичинен желим бөтөлкөлөрдүн капкактарын таап чыгышты. Кутулардын ичинде балыр, ичеги-карын, бака, малдын боору бар эле. Кайсы кутуда эмне бар экенин оюнчулар билишпейт.
Жыйынтыгында «Кызыл кемселчендер» 22 капкак, «Көк кемселчендер» 31 капкак топтошту. Кызыгы, капкактын баарын топтогондо да 1 командада 30 гана капкак болмок. Ошондуктан бул команда өздөрү капкак кошуп койгон деген шек жаралып, капкакты көп чогултканына карабай «Көк кемселчендер» жеңилүү ызасын тартышты. Бул күнү так ойногондугу үчүн кол тийбестик тумары «Кызыл кемселчендерге» ыйгарылды.
«Көк кемселчендер» добуш берүүнүн жыйынтыгы менен өз тайпасынан Нуркыз Кожонованы чыгарышты.
Нуркыз Кожонова:
– Бүгүн командам үчүн күйүп, бака-жыландан корксом да аракет кылгам. Оюн кызыктуу болду. Ансайын калгың келет экен. Телефонсуз, жаратылыш коюнундагы жашоого көнө баштагам. Долбоордо калгандарга ийгилик каалайм.
4-күн: КҮЧТҮҮ ОЮНЧУГА КАРШЫ ДОБУШ
Көздөрү таңылган оюнчулар суу жана ылай куюлган желим стакандарды аралап өтүшү керек болду. Суу куюлган стаканды тээп сууну төккөн оюнчу командасына 1 упай алып келсе, ылай салынган стаканга буту тийип кеткендердин командасынан 1 упай кемитилип жатты. Аралыкты басып өтө албай калгандар же тосулган лентаны басып алгандардын командасынан 10 упай кемитилип жатты.
Жалпы эсеп боюнча «Кызыл кемселчендер» 51, «Көк кемселчендер» 5 упай алышты.
Оюндун башында эле лентаны басып алган Азамат Аманидинов «мага оңой сезилип жаткан. Көзүмдү таңгандан кийин өзүмдү жоготуп койдум» десе, Назель «мен жатарда таттуу жеп көнгөм. Мага бүгүнкү оюнда шоколад жетпей калды окшойт» деп тамашалады.
«Көк кемсел» командасы 1 катышуучуну оюндан четтетүү үчүн чогулушту. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Азамат Аманидинов жана Деңиз Маданбековдун ар бирине 2ден каршы добуш берилип калды. Буга байланыштуу «Кызыл кемсел» командасы экөөнүн бирөөнө каршы добуш бериши керек болду. «Кызыл кемселчендердин» баары «күчтүү оюнчу болгону үчүн» деп Деңиз мырзага каршы добуш берип, оюндан четтетишти.
Деңиз Маданбеков:
– Бул жакка келип дос күттүм, жакшы оюндарды ойнодук, эсте каларлык күндөр болду. Баарына ийгилик. Сиздерге рахмат.
5-күн: «АТ БОЛДУМ, ӨГҮЗ БОЛДУМ, АНАН АДАМ БОЛДУМ»
Улак тартыш, өгүз тартыш жана аркан тартыш оюндарын камтыган, кара күчтү талап кылган оюндар 5-күнү орун алды. Оюнчулардын саны тең болушу үчүн «Кызыл кемселчендерден» Шерхан Абкулов менен Айгерим Эшим оюнга катышкан жок.
Бири экинчисин көтөрүп, кум толтурулган капты жер казылып даярдалган «тай казанга» ташташ керек болгон улак тартыш оюнунда «Кызыл кемселчендер» мыктылыгын көрсөтүштү. Ал эми өгүз тартыш оюну «Көк кемселчендерге» жеңиш алып келди. Бирок алар бул күнү да кол тийбестик тумарына ээ боло алышкан жок. Анткени аркан тартыш оюнунда да «Кызыл кемселчендер» күчтүүлүк кылды.
Оор таймашта чарчаган Кудайберди Айтбосунов: – Ат болдум, өгүз болдум, анан адам болдум (күлүп). Көзүм караңгылап жатса да Азамат мени жалдап алган атындай эле чапкылады.
Бул күнү оюндан четтетилген Азамат Аманидинов:
– Долбоорго катышканыма кубанычтамын. Оюн ортолоп калганда кетип жатам, жаман болгон жокмун. Үйдөгүлөрдү сагындым. Бүгүнкү оюндар өзгөчө оор болду. Болгон аракетибизди жумшасак да утулуп калдык.
6-күн: КАТЫШУУЧУЛАР КУРТ ТАЛАШЫП, АЙГЕРИМ ЭШИМ ЫЙЛАП...
Бул күнү катышуучуларды көп адамдын колунан келе бербеген таймаш күттү. Алар бети, мурду, тили же оозу менен курттарды чогултушу керек эле. Жеңиш үчүн эмнени гана кылбайсың, жүрөгү айланып, кускусу келгенине карабай оюнчулар өмүрүндө биринчи жолу оозу менен курттарды чогултушту. Оюн учурунда «курт жутуп алдым окшойт» деп кускандар болду.
Жыйынтыгында «Көк кемселчендер» аз санда экенине карабай 146 курт чогултушуп, жеңишти илип кетишти. Ал эми «Кызыл кемселчендер» 72 курт чогултушту.
Бул оюнда жеңилип калган «Кызыл кемселчендер» арасынан бирөөнү оюндан чыгарууга мажбур болушту. Көпчүлүктүн каршы добушу менен Айгерим Эшим үйүнө кайтты.
Айгерим Эшим:
– Ооба, бүгүн жаман ойнодум. Бирок буга чейинки оюндарда жакшы ойноп жаткам. Ошондуктан мени кетиришет деп такыр күткөн эмесмин. Анткени буга чейинки оюндарда жаман ойногондор бар болчу. Катышуучулар менен бир жума ичинде бир туугандай болуп калдык. Ошол себептен ыйлап жатам (ыйлап). Ута албай калып ыйлап жатат деп ойлобогула.
7-күн: КАЛЫС ЖАКЫПОВ АЙГЕРИМ ЭШИМ ҮЧҮН ОЮНДАН КЕТТИБИ?
7-күнү оюнчулар сөөлжан болушту. Дегеним, 2 команда тегерек болуп тигилген материалдын ичине кирип алып, белгиленген аралыкты эки ирет айланып чыгышты. Экинчи айлампада 2 жумуртканы колдоруна алып, аны сындырбай келиши керек болду. «Көк кемселчендердин» аз санда болгонунун ушул күнү пайдасы тийди окшойт. Алар биринчилерден болуп марага жетип, муну менен 2-ирет катары менен жеңүүчү аталышты.
Добуш берүүгө кезек келип, «Кызыл кемсел» командасынын оюнчуларынын көпчүлүгү бул ирет Калыс Жакыповго каршы добуш беришти. Көрсө, Калыс Жакыповдун кетишине команданын ичиндеги пикир келишпестик себеп болуптур.
Замира Хатамова: – Кечээки пикир келишпестиктер мурда күнү оюндан четтетилген Айгеримдин айынан чыкты. Калыс «эмнеге баарыңар Айгеримге каршы добуш бердиңер?» деп нааразычылыгын билдирди. Ошол себептеп кечээ күнү ич ара келишпестиктер орун алган.
Калыс Жакыпов:
– Бул оюнга Кудайдын буйругу менен келдим, кайра Кудайдын буйругу менен кетип жатам. Баарына шүгүр. Баары сонун болду. Көп нерсени үйрөндүм. 7 күн ичинде 7 жылга чоңойдум десем болот. Буга чейин адамдарды жакшы айырмалап биле албасам, долбоордон кийин көп нерсени баамдап, билип алдым. Бул күндөрүм сонун көз ирмемдер менен эсимде калды.
Бул күнү катышуучуларга ашказандын майрамы болду. Оюнчуларга уюштуруучулар «Супер-Инфо» гезитинин жана SUPER TV`нын атынан козу гриль берилди.
8-күн: КЫЗДАР БАГЫНЫП БЕРБЕЙ, ЭРКЕКТЕРДИН ЭСТЕРИ ООДУ
Таймаштардын 8-күнү тайпалык оюндар жоюлуп, оюнчулар ар бири өзү үчүн күрөшмөй болушту, ар ким өз көмөчүнө күл тарта баштады. Бул күнү оюнчулар өздөрүнүн чыдамкайлыгын сынашты. Тагыраагы, ар бири колу талыганча «Супер-Инфо» гезитин өйдө көтөрүп турушу керек болду. Башка катышуучулар 10-20 мүнөт чыдашса, элди таң калтырган Замира Хатамова менен Назель болушту. Алар бири-бири менен атаандашып, гезитти 3 саат 40 мүнөт көтөрүп турушту. Жыйынтыгында долбоордун эң улуу катышуучусу Замира Хатамова кол тийбестик тумарына ээлик кылды. Ага «Супер-Инфонун» логотиби басылган стол үстүнө коюлчу саат белекке берилди.
Бул күнү катышуучуларга бир мүнөт жакын адамдары менен видеочалуу аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилди. Айрымдары аялына, күйөөсүнө, көпчүлүгү апасына чалып сүйлөшүп, сагынычтарын аз да болсо таркатып алышты. Мындан тышкары ушул эле күнү кечинде оюнчуларга бир саат телефон колдонууга уруксат берилди.
Бул күнкү оюнда Назель канчалык өжөрлүк көрсөтсө да, ага ийгилик жылмайган жок. Ал оюндан четтетилди.
Назель:
– Мен арыктап алайын деп келгем. Кичине болсо да ал тилегим орундалды. Башынан эле жеңем деп ойлогон эмесмин, Кудайдын буйругу болот, бирок аракет жасайм дегем.
9-күн: ЗАМИРА ХАТАМОВАНЫН УНАА АЛАМ ДЕГЕН КЫЯЛЫ ОРУНДАЛБАЙ КАЛДЫ
6 оюнчу калды. Алар колдору артка байланган бойдон көлдөн ооздоруна суу алып жээкте жайгашкан 1 литрлик желим бөтөлкөлөрдү толтурушту. Какап-чакап, орто жолдон сууларын төгүп алгандар, бири экинчисин атайын күлдүрүп тоскоол болгондор болду. Бул оор оюнда Кудайберди Айтбосунов кыйындыгын көрсөтүп, бөтөлкөнү алгачкылардан болуп толтуруп, кол тийбестик тумарына ээ болду.
Замира Хатамова бул оюнда да шамдагайлыгынан тайган жок. Ал Айтбосуновдон бир кадам гана артта калып, жеңишти алдырып жиберди.
Шерхан Абкулов:
– Марс байке оозуна суу толтуруп келатса орто жолдон күлдүрүп жаттым. Ал күлөм деп суусун төгүп алып, кайра артка кетип жатты.
Замира Хатамовага бул ирет күчтүүлүгүнүн зыяны тийди көрүнөт. Көпчүлүк катышуучулар бир ооздон күчтүү болгону үчүн деп Замира Хатамовага каршы добуш беришти.
Замира Хатамова:
– Карга карганын көзүн чокубайт. Ырчылар ырчыларга каршы добуш бербей, мени кетиришти. Жеңишке жетиш үчүн аябай аракет кылдым. Өзүм чыдамкаймын. Жашоодо мындан чоң кыйынчылыктарды көргөм. Утуп алсам, унаа алмакмын. Кызымды мектепке унаа менен жеткирип турсам деген тилегим бар эле.