(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
КЫЗДАР ЖИГИТТЕРГЕ КАНТИП ЖАГЫНА АЛЫШАТ?
Биздин кыз-келиндерге туруктуулук, назиктик, боорукерлик, чыдамдуулук, үй-бүлө турмушун барктаган касиеттер тиешелүү. Кыздар өздөрүнүн денесинин жакшы жана кемчилик жактарын жакшы билүүсү керек. Мисалы, жамбаш сөөгү кичине, ал эми сандары жоон болсо, узун көйнөк кийүүсү шарт. Эмчеги кичине жана жалпак болсо, калыңыраак көйнөк же кофта кийүүсү зарыл. Эмчеги калыптагыдай жана сулуу болсо, анда үлбүрөгөн жана эмчектин көркүн чыгарып турган көйнөк кийүүсү керек. Буттары түз жана сулуу кыздар кыска көйнөк менен бийик така кийсе, сымбаты чыга түшөт. Кыз-келиндер, негизи, басканда жеңил-желпи, денени койкойтуп түз кармап, тыкылдап басса, эркектердин эротикалык сезимдери козголот. Анан дагы кубулжуган, назик үн менен сүйлөй билүүсү шарт. Дүйнөдөгү эң сулуу киножылдыздардын сүйлөгөнүнө кайрылып көрөлү. Мисалы, Мэрилин Монронун үнү шыбырап чыккан. Элизабет Тейлордун үнү бийик жана ошол эле кезде баркыттай жумшак болгон.
Мындай кооз үн менен сүйлөөгө алар айлап-жылдап машыгуунун арты менен жетишкен.
Эркектер аялдардын чачынан өөп, колдору менен сылап эркелеткенди жакшы көрүшөт. Кээ бир эркектерге чачын мулжуйтуп кыска кырктырган аялдар жакпайт.
Аялдардын чачы узун болсо, өзгөчө ал чечингенде анын көркүн ачат.
Кээ бир адамдар дене тазалыгына такыр көңүл бурушпайт. Адамдардын 99 пайызынын ооздору сасыйт. Себеби тиштери кариес же башка. Ушунун баары эле тишти жуубай, таза алып жүрбөгөндүкү. Кээ бирөөлөр ооздорунун сасыктыгын өздөрү сезе беришпейт. Тишти жууштун 8 түрү бар. Айрымдар ошолордун бирөөсүн да туура колдонууну билишпейт. Мисалы, тишти щётка менен 4 же 5 мүнөт жууш керек. Тиштин ички-сырткы бетин, анан тиштерди тийиштирип толук жууганга эле 300-400 кыймыл жасоо керектелет. Тишти эртең менен жана кечкисин кечки тамакты ичкен соң жуу зарыл. Ар бир 2 айда тиш щёткасын алмаштыруу кажет. Бул маселеге мынчалык токтолуп жатканыбыздын себеби ооздун сасыгынан жийиркенишип, далай адамдар жакшы көргөн адамы менен мамиле курбай коёт. Маданияттуу ашыктар же жубайлар тишти жуубай туруп, такыр ооздон өбүшүшпөйт. Кээ бир адамдардын ашказаны, уйку бези ооруганда же кызыл өңгөчү чоңоюп калта болуп, ал жерге тамак-аш туруп калганда оозу сасып турат. Тиштерин жуубай сары кирге бастырып, куртка жедирип, анын үстүнө арак ичип же тамеки чегип жүргөндө да ооз сасып турат. Минтип оозу сасыган кыздар балдар менен, ал эми балдар кыздар менен мамиле түзө албай кыйналышат. Анткени алардан жийиркенишет.
Кээ бир адамдардын кийген кийимдери дайыма кир, тырышып-бырышкан, бут кийими да чаң баскан болот. Айрымдардын колоңсосу же бутунун шыбоосу жыттанат.
(Уландысы кийинки саныбызда)