14-22-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Анда кыргыз курамасы жалгыз байгени утууга жетишти. Жалгыз, бирок алтын болгондо да эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Дүйнө чемпиондуктарындагы (олимпиадалык спорт түрлөрүнөн) алгачкы алтын байге. Мындай ийгиликти багындырган спортчунун ысымы – Айсулуу Тыныбекова. Бул ысым Кыргыз тарыхында алтын тамга менен жазылып калары талашсыз.
10 ЖЫЛДЫК ЭМГЕКТИН ҮЗҮРҮ
Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Жалпы 5 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңүүчү болуп чыкты. Спортчунун Дүйнө чемпиондугундагы жеңишке карай жолу 19-сентябрда башталды. Алгач кыргыз балбаны мексикалык Алехандра Бонильяны 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда япон балбаны Юкако Каваи менен кез келип, атаандашынын далысын килемге тийгизип таза жеңишке жетти. Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач менен беттешип, 9:6 эсебинде утуп алды.
Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу 2020-жылы Токидо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду.
Жарым финалда Түндүк Кореянын балбаны Йоң Сим Римди 7:0 эсебинде утуп, финалга аттанды.
20-сентябрь күнү алтын байге үчүн болгон беттеште Дүйнөнүн жана Европанын чемпиону болгариялык Мустафа Юсеин менен кез келди. Айыгышкан мүнөздө өткөн финалдык беттештин тагдыры акыркы секунддарда гана чечилди. Беттештин бүтөрүнө 15 секунд калганда кыргыз балбаны ийгиликтүү кадамга барып, жеңишти илип кетти. Жалпы эсеп 5:3. Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону! Беттеш бүткөндөн кийин ал кубанычын эли менен бөлүштү.
"Биз бул күндү аябай күткөнбүз. Алтын медалды жеңүү үчүн машыктыруучум менен он жыл бою аракет кылдык. Мына ошол күн да келди. Бул жеңишимди мекениме, күйөрмандарыма, жалпы кыргыз элиме арнайм",- деди Тыныбекова.
Айсулуу – күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргыз балбаны. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев 2006-жылы жана Жоламан Шаршенбеков 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунун финалына чейин барышып, бирок экөө тең чечүүчү беттеште жеңилип күмүш байге алышкан.
«ЭЛИМЕ СӨЗ БЕРГЕМ, СӨЗҮМӨ ТУРУШУМ КЕРЕК»
21-сентябрда Тыныбекова Кыргыз жерине кайтып келди. Балбанды «Манас» эл аралык аэропортунан Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана башка жоон топ бийлик өкүлдөрү менен бирге Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, балбан кийинки кадамдары тууралуу сөз кылды:
"Нур-Султан шаарына алтын медаль алабыз деп аттанганбыз. Буюрса, жакшы жыйынтык менен мекенибизге кайттык. Бул ийгилик Олимпиадага бара жаткан жолубуздун экинчи этабы. Биздин негизги максат – Олимпиаданы багындыруу. Ар бир убакыт маанилүү болгондуктан дүйнөлүк чемпиондукка даярдануу учурунда журналисттерге жооп бере албай жаттым. Бардыгын туура түшүнөсүздөр деп ишенем. Эми деле ушундай жол менен даярдык көрөбүз. Мен кыргыз элиме «Олимпиададан ийгилик жаратам» деп сөз бергем. Демек, мен сөзүмө турушум керек".
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков 2 күндөн бери Айсулууну колдоп кыйкырып жатып, үнүн жоготуп алганы үчүн күйөрмандардан кечирим сурап, жеңиш жалпы кыргыз элиники экенин белгиледи:
"Эки күндөн бери Айсулуу күрөшүп жатканда аны колдоп кыйкырып жатып үнүм чыкпай калды. Жеңиш, албетте, Кыргыз жарандарына таандык. Өлкө президентинин, Күрөш федерациясынын, элдин, күйөрмандардын колдоосу менен ийгиликке жеттик. Казакстанда, Нур-Султанда иштеп жаткан мекендештерибиздин дагы колдоосу күч болду. Күйөрмандардын ишенимдерин актаганыбызга кубанычтабыз",- деди Изабеков.
Кыргыздын намысына жарап, Кыргыз эли 28 жыл күткөн алтын байгени алып келген, миңдеген күйөрмандардын көздөрүнөн бакыттын көз жашын тамызып, мекенчил сезимдерин ойготкон, Кыргыз гимнин дүйнөлүк аренада жаңыртып, желегин желбиреткен Айсулуу кызыбызга таазим!
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg