Дарыгерлер дааратканага смартфон ала кирип отуруунун канчалык деңгээлде ден соолукка зыяндуу экендигин айтышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазат.
Адам дааратканага смартфону менен кошо кирүүнүн натыйжасында геморроиддик түйүн, башкача айтканда, көтөн чучуктагы кан тамырлардын кеңейип кетишине кабылышы мүмкүн.
Мындан тышкары телефонго дааратканадан ар кандай вирустар жабышып чыгышы мүмкүн. Телефон бетке, оозго жакын колдонулгандыктан, коркунучтуу вирустар адамдын организмине смартфон аркылуу тез кирет. Британияда жүргүзүлгөн сурамжылоодо калктын 57 пайызы дааратканага смартфон менен кирерин моюндашкан.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg