КУРСАН АСАНОВГО ДАГЫ БИР КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуяны иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын жыйынында айтылды.

Аскер прокуратурасы «Курсан Асанов атайын даярдыктагы жоокерди мыйзамсыз түрдө өзүнө айдоочу кылып дайындап алган» деп билдирди. Бул факт боюнча ИИМ териштирүү жүргүзүп, тийиштүү материалдар Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Комиссиянын жыйынында Курсан Асановдун уулу тууралуу да маселе көтөрүлдү. Аскер прокурору Нуркамал Набиев генералдын баласы Мухаммед-Али Асанов өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Айтымында, ал Ош облусу аркылуу Өзбекстанга кирип кеткен. «Ал убакта Асановдун уулу кылмышка шектүү эмес болчу. Бирок ага каршы көрсөтмөлөр, тийиштүү далилдер бар эле. Аны суракка аларда, качып кетти»,- деди Набиев.

Курсан Асанов жана анын айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» айыпталууда.

Башкы прокуратура Курсан Асановго 8-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн далил буюмдарды алып чыгып, жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу аркылуу баласы Мухаммедге берген деген айып койгон. Ал эми Асановдун уулуна 27-августта аталган кылмышка катыштыгы бар делинген шек менен сыртынан камакка алуу чечими чыгып, издөө жарыяланган.


 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан