Азил-чыны аралаш
Шакирдин аттуу эркек арманын катка жазып, аялынын жаздыгынын астына коюп кетиптир...
“Балдарымдын энеси, мен сени аябай сүйөм. Өткөн жылы сени 365 жолу төшөк оюнуна чакырганым эсимде. Анын 36 жолкусу гана ийгиликтүү болду десем жаңылышпайм. Калган учурда ар кандай шылтоолоруң менен сунушумду четке кактың. Мына ошол айтылган шылтоолоруңдун баарын күндөлүгүмө жазып жүргөм.
7 жолу – Балдарды ойготобуз.
15 жолу – Аябай ысык болуп жатат.
3 жолу – Үй аябай суук.
19 жолу – Аябай чарчап турам.
16 жолу – Кеч болуп кетти.
9 жолу – Азыр эрте го...
33 жолу – Уйкум келип жатат.
16 жолу – Ичим ооруп жатат.
28 жолу – Башым ооруп жатат.
36 жолу – Кечээ эле...
21 жолу – Каалабай турам.
17 жолу – Бала ооруп, кыйналып жатат.
12 жолу – Барчы ары, сыналгы көрүп жатпаймынбы!
12 жолу – Бетиме маска жаап алгам.
16 жолу – Жуунган эмесмин.
9 жолу – Бүгүн мас экенсиң.
60 жолу – Сен ушуну гана ойлойсуң!- деп айткан элең.
Катымды окугандан кийин бул тизмедеги шылтоолоруңдун жок дегенде бирөөсү өзгөрөбү, жаным?
Сени сүйгөн күйөөң Шакирдин”.
Алигидот
ЧЫКАНАКТАН ТӨШТҮ КӨЗДӨЙ...
Ысык-Көлгө эс алганы барган Таштан бир айым менен таанышып, жакындашууну ойлойт. Биринчи түнү айымдын колунан кармап, алаканын сылайт. Кийинки түнү билегине, үчүнчү түнү чыканагына жетет.
Акырында чыдабаган айым:
– Аябай кызык киши окшойсуз! Эмне, мени бул жакка жарым жылга келди деп турасызбы? - дептир.
Астра Айдарова
erotika@super.kg