ПАРЛАМЕНТ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУСЧА ТЕКСТТИ ЭЖЕЛЕП АРАҢ ОКУГАНЫ СЫНГА КАБЫЛДЫ

24-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин 4-жыйналышы өттү. Ага Кыргыздын атынан Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков катышып, сөз сүйлөдү.

Кыргыз коомчулугун Жумабековдун сөзүнүн мааниси эмес, орусча жазылган текстти кыйналып окуганы «чочутту». Жыйында отургандар кандай кабыл алды белгисиз, бир нече мүнөттүк сөздү кагаздан окууда төраганын толкунданып, айрым сөздөрдү так эмес айтканы Кыргыз коомчулугунда сын-пикир толкунун жаратты.

Эл аралык абройлуу жыйындарда мамлекеттин атынан барган, өлкөнүн президентинен кийинки эле экинчи кызмат адамынын ар бир сөзү мааниге ээ. Бул окуя Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик тилге кандай мамиле жасалып жатканын көрсөттү. Эгер орус тилинен кыйналса, жыйында төрага Жумабеков мамлекеттик тилде баяндама жасай алмак.

Кыргыз жеринде 23-сентябрда мамлекеттик тил күнү белгиленди. Чиновниктер «Эне тилин өнүктүрөлү, барктайлы» деген жалындуу сөздөрдү айтышты. Иш жүзүндө кыргыз тилине кандай мамиле жасалып жатканы жогорудагыдай иш-чараларда, расмий жолугушууларда, парламентте, Ак үй менен Көк үйдө өтүп жаткан жыйындарда көрүнөт.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан