ЧАРЧАП, МААНАЙЫҢЫЗ ЖОКПУ? ЭНЕРГИЯНЫ СОРГОН ЖАМАН АДАТТАРДАН АРЫЛЫҢЫЗ

Күз – жылдын кооз мезгили. Сары, кызгылт жалбырактар менен кооздолгон айлана, салкын соккон жел адамга жагымдуу маанай тартуулайт. Бирок күздө депрессияга кабылган адамдар да көп кездешет. Депрессияга жеткирүүчү себептердин бири – бул адамдарда энергиянын жетишсиздиги. А энергия кайда кетти? Психологдор адамдын энергиясын соргон терс адаттардан арылууга чакырат. Алар кайсы адаттар?

АШЫКЧА УБАРАКЕРЧИЛИК

Көп ишке бир мезгилде киришүү, тиешеси жок ишке деле мурдун сала берүү, бир ишти жарым жолдон таштап, кайра башкасына өтүү... Булардын баары сиздин энергияны соруп алат. Адам энергиясы менен кошо өзүн көзөмөлдөөсүн жоготот, ашыкча сүйлөйт, нерв коротот, шашат. Токтоңуз! Мындай темп менен алыска бара албайсыз. Отуруп, эс алып оюңузду бир жерге топтоңуз да, эмнени бүтүрүү маанилүү болсо, ошого гана киришиңиз! Сизге тиешеси жок ишке кызыкпаңыз.

“МЕН” ДЕГЕН ЖАСАЛМА ОБРАЗДЫ КАРМАНУУ

Сиз учурда кимсиз? Айланаңыздагыларга калп эле мыкты, баарына жетишкен, ар дайым өзгөчө чач жасалга, өзгөчө стилде жүргөн же дагы бир башка жасалма “мендин”образы менен көрүнүүдөн чарчадыңызбы? Сизге тиешелүү эмес жасалма ролду алып жүрүү абдан көп энергияңызды соруп алат. Мындай адам башкаларды эле эмес, өзүн да алдоодон чарчап баштайт. Кайсы бир кырдаалдан улам элге мурункудай көрүнбөй калган учурларда айланасындагыларга актанат, калп айтат. Бул адатка айланат. Токтоңуз! Бет кабыңызды сыйрып, энергияңызды реалдуу нерселерге жумшоочу кез келди.

ИШЕНБӨӨЧҮЛҮК

Негативдүү ойлордон жасалган “брондолгон кийимди” дайыма кийип жүрүүнүн эмне кереги бар? Жаман нерселерди ойлоп, башкалардан ошону күтө берүү, бирөө бир нерсе десе мен да калышпайын деп санаркоо – эң жаман адат. Коркуу коркууну чакырат жана күчөтөт, ал эми душмандашуу ички ресурсту азайтат, дене чыңалуу абалында жүрөт, адам психологиялык жактан чарчайт. Андыктан мындай жаман адаттан арылыңыз, адамдарга ишениңиз!

ӨЗҮҢ МЕНЕН ӨЗҮҢ КАЛУУЧУЛУК

Адамдар баарлашуудан, табигаттан, жакшы мамиледен энергия алат. Башкача айтканда, жашоосу курчап турган чөйрөсү менен байланышта болот. Биз адамдарга канчалык жакшы мамиле жасасак, ошончо жакшы мамиле, аны менен кошо ошончо оң энергия кайтып келет. Адам кайгыдан жана таарынычтан улам өзүн “капсулага” салып койсо, анда ал досторунан, туугандарынан, ишинен алыстайт да, энергиясы азаят. Бул алсыроого, өзүн жакшы сезбөөгө, ооруга алып барат. Андыктан баарына каршы чыккан рак клеткасы сымал болбой, табияттын, команданын бир мүчөсү болуңуз!

БҮТПӨГӨН ИШТЕР

Бүтпөй калган иш ар дайым кыжалатка салып, мээнин бир жеринде тура берет. Ушинтип энергияны соргону аз келгенсип аны ишке ашырууга да энергия кетери талашсыз. Мисалы, аягына чекит коюлбаган уруш-талаш, берилбей калган карыз, аткарылбай калган убада. Мындайда убакыт дарылабайт, маселени күчөтөт. Андыктан баарын аягына чыгарып, карызды берип тынчтанып алыңыз.

КУЛАП КАЛУУГА ЧЕЙИН ЖЕТҮҮ

Чоң кыялдарга жетүүгө, дайыма өсүүгө умтулуу жакшы нерсе. Бирок тигиге-буга жетишем деп тынбай чуркаган жол, кыйынчылыктар, стресс менен коштолот. Адам бара-бара дайыма стрессте жашоого көнөт, алсырайт, акырындап ден соолугун жогото баштайт. Андыктан убак-убагы менен токтоп, жашоодон ырахат алып, күч топтоп анан сапарды улоо оң.

АШЫКЧА ТАМАКТАНУУ

Майлуу, куурулган, башкача айтканда, күчтүү тамактарды көп жесеңиз, дайыма ашыкча тамактансаңыз, аларды аш кылуу үчүн көп энергияңызды жумшайсыз. Андыктан курамында зыяндуу заттары жок, жакшы тамакты ченеми менен жегениңиз туура.

ТЕЛЕВИЗОР, ИНТЕРНЕТ, ТЕЛЕФОН ЧАЛУУЛАР...

Сериалдар, интернеттеги оюндар, керексиз адамдар менен чалышып сүйлөшүү, социалдык тармактарда ашыкча отуруу да убактыңыздан тышкары энергияңызды сорот. Реалдуу жашоодо эмнелер керек болсо ошого жараша гана маалымат алып, ашыкчага чекит коюңуз. Өткөн жашоону улам эстеп, бир нерселерге кайгыра берүү да энергияңызды аларын унутпаңыз!

“УУЛУУ” АДАМДАР МЕНЕН БААРЛАШУУ

“Уулуу” адамдар деген кимдер? Алар сиздин ак көңүл мүнөзүңүздөн пайдаланып убактыңызды алат, нервиңизди бузат, боорукердик сезимиңизге таасир этет, көңүл бурууну ашыкча талап кылат, энергияңызды сорот. Кайгы-капасын сизге “төгүп” сизди да уулайт. Кыскасы, жалкоо, көп кейиген, энергетикалык “вампир”, чыр-чатакка жана ушакка жакын адамдардан кол үзүңүз.

МЭЭНИ “ТАШТАНДЫ МААЛЫМАТКА” ТОЛТУРУУ

Башта канчалык көп маалымат сактасаңыз, ошончо энергия коротосуз. Мисалы, сатып алына турган нерселердин тизмеси, бирөөлөрдүн телефон номерлери, жолугушуу күнү жана башка. Андыктан керектүүлөрдү блокнотко же смартфонго жазып сактаңыз.

УЙКУНУН ЖЕТИШСИЗДИГИ

Убагында жатпастан аз уктап калуунун себептери көп. Мисалы, социалдык тармактарда отуруу, бирөөлөр менен ушакташуу, шашпай бүтүрүүчү ишти жандалбастап түндөп бүтүрүү. Организм убагында эс алып, эртеңки күнгө энергия топтоосуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Энергияңыз аз болсо эртеси илең-салаң жүрүп, кыйратып иш бүтүрбөйсүз. Уйкунун сапатынан ден соолугуңуз, сулуулугуңуз, маанайыңыз да көз каранды экендигин эстен чыгарбаңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
airada
2019-09-30 11:21:07
Жакшы
+3
Luna15
2019-09-30 12:48:25
Баары туура,кооптон Бери жакшы психолог таппай журом(((
+7
Nevestkaa
2019-09-30 16:52:19
Баарын билебиз бирок ошол нерсени кылбайбыз.Айрыкча мен.....
+8
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан