24-сентябрда Улуттук филармонияда өткөн Бек Борбиевдин концертинде ырчы Анжелика менен шоумен Манас Алыкулов алпаруучулук кызматты аркалашты. Концертте Анжелика Бек Борбиевдин калемине таандык ырлардын бирин аткарды. Ырчы ырдап бүткөн соң залдагы элдин арасынан кучак толо гүлдесте көтөргөн ишкер Марат Назарбеков сахнага чыгып, Анжеликанын бетинен өөп гүлдестени тапшырып, андан соң сахнанын артына өтүп кеткени көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Манас Алыкулов “Анжеликанын жеке концертине кош келипсиздер. Гүл оор экен, кымбат экен” деп тамашалады. Концерттен кийин ишкердин Анжеликага гүл берип жаткан видеосу интернет айдыңына тарады. Ишкер Марат Назарбеков менен Анжеликанын ортосунда мамиле бар деген кептер эл арасында көп талкууну жаратып келет.
Концерттен кийин Анжелика бул гүлдестени көтөрүп түшкөн сүрөтүн Инстаграм баракчасына жүктөдү.