Курал Чокоев: “КЫЗДУУ БОЛУП, КУБАНЫЧТАН ЫЙЛАДЫМ”

Ырчы Курал Чокоев 24-сентябрь күнү кыздуу болду. Жубайынын төрөтүнө катышкан ырчы мырза кызын көрүп сөз менен жеткире алгыс сезимдерге кабылганын айтат:

– Жубайымдын төрөтүнө катыштым. Анын 5 саат кыйналганын көрүп, аман-эсен көз жарып алгандан кийин моюнумдан оор жүктү алып салгандай болду. Эркектер сыртта жүрүп, төрөттүн кыйынчылыгын билбей калат экенбиз. Аялзатын мурдагыдан да көбүрөөк сыйлап калдым. Кызым төрөлгөндө кубанычтан ыйладым. Ымыркайыбыз салмагы 3 килограмм 290 грамм, бою 52 сантиметр болуп төрөлдү. Атын Акылман деп койдук.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
mikana
2019-09-30 10:02:00
Бешик боо бек болсун. Кызыныз элдин керегине жараган, атына заты жарашкан ыймандуу,көп адамдардын ыйманга келүүсүнө себепчи болгон аалым кыздан болсун
+2
Jadyrashka
2019-09-30 11:00:08
Уулум бар эле эми мынтип кыздуу болдум деп байкуш уулунду эстеп койсон болбойтбу.
+1
vikidiki
2019-09-30 17:15:20
Jadyrashka,Бойроктон шыйрак таап эле турабыз. Наристе ырыс кешиктуу кыздардан болсун!
+1
Aimani
2019-09-30 20:51:07
Jadyrashka,уулун эстебей атканын кайдан билесиң. Коп эле ээрчитип дурот го
+1
Edenova66
2019-10-04 19:15:09
Aimani,уулу барбы
0
Meken28
2019-10-01 08:26:11
Omurundo birinchi jolu balaluu bolgondoi yilaptyrgo.
0
Jamalym
2019-10-02 19:32:08
Нукура кыргыз ысымдарын унутта калтырбайлы.Жакшы ысым коюптур.Омурлуу кыз болсун.
0
Siren.ms
2019-10-05 16:02:54
Уулунун торотуно да киргенде ушинтип сыйлап калат белен ким билет наристе омурлуу болсун
0
Abdimanap83
2019-10-05 21:46:01
Өмүрү узун ыймандуу кыз болсун
0
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан