КУМАРЛУУ ЖАНСЫЗБЫ?

Төшөктө өзүңүздүн канчалык тажрыйбалуу экениңизди билгиңиз келеби? Кантип дейсизби? Аны билүү оңой эле. Төмөнкү тесттеги суроолорго жооп берип, упайларды эсептөө аркылуу билип алууга болот.

ТЕСТ

1. ЭГЕР БЕЙТААНЫШ ЭРКЕК СИЗГЕ ТИЙИШСЕ ЭМНЕ КЫЛАСЫЗ?

а) Көңүл бөлбөйм. 0
б) Жүзүнө тик карап, кандай сезими бар экенин текшерип көрөм. 5
в) Мен да ага тийише баштайм. 5

2. АЯЛЗАТЫ СИЗГЕ БАШКАЧА МААНАЙДА ТИЙИШЕ БАШТАСАЧЫ?

а) Аны таң калуу менен карап, эмне максатта тийишип жаткандыгын билүүгө аракеттенем. 5
б) Достошкусу келип жаткан го деп ойлойм. 2
в) Көңүл деле бурбайм. 0

3. КҮЙӨӨҢҮЗ ТИЙИШСЕЧИ?

а) Төшөккө чакырам. 5
б) Дүүлүгүп, мен да тийише баштайм. 5
в) Эмне кыларымды билбей, делдиреп калам. 0

4. БИРӨӨНҮН КҮЙӨӨСҮ ТИЙИШЕ БЕРСЕЧИ?

а) Аны менен бийлейм да, эмне максаты бар экенин билүүгө ашыгам. 5
б) Кагып салам. 0
в) Аялына айтып, жазасын тарткызам. 0

5. КАЙСЫ ЖЕРИҢИЗГЕ ТИЙГЕНДЕ ДҮҮЛҮГӨСҮЗ?

а) Колума. 3
б) Ар кайсы убакта ар кандай болот. 5
в) Дүүлүкпөйм, толкунданбайм. 0

6. СЕКСУАЛДЫК МААНАЙЫҢЫЗ КАЙСЫ УЧУРДА ПАЙДА БОЛОТ?

а) Музыка укканда. 3
б) Шам жагып, музыка угуп, тамак ичип отурганда. 0
в) Мен ага дайыма даярмын. 5

7. ИШТЕП ЖАТКАНЫҢЫЗДА КҮЙӨӨҢҮЗ ТӨШӨККӨ ЧАКЫРСА...

а) Бир аз күтө туруусун суранып, жылмайып коём. 3
б) Өзүнөн башканы ойлобогон немеге катуу айтууга чейин барам. 0
в) Жасап жаткан ишимди таштап, сунушун кабылдайм. 5

8. БЕЙТААНЫШ КЕЛБЕТТҮҮ ЖИГИТ СИЗДИ ТӨШӨККӨ
ЧАКЫРЫП КАЛДЫ ДЕЙЛИ...

а) Жугуштуу оору жуктуруп алуудан коркуп, каалап турсам да "жок" дейм. 3
б) "Эч качан болбойт” дейм. 0
в) Ойлонуп көрмөкмүн. 5

9. СИЗГЕ ӨБҮШҮҮНҮН КАНДАЙ ТҮРҮ ЖАГАТ?

а) Французча өбүшүү. 5
б) Эринден чоп эттире өбүшкөн. 2
в) Өбүшүүнү такыр жактырбайм. 0

10. СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ РОМАНТИКАЛЫК ЫР УККАНДА
ЭМНЕНИ ОЙЛОЙСУЗ?

а) Ал менин ошол учурдагы абалыма жараша болот. 1
б) Сезимим жалындай баштайт. 5
в) Ошол ыр жазылган кассетаны же дискти сатып алсамбы деп ойлоно баштайм. 0


ЖЫЙЫНТЫГЫ:
0-16
Тилекке каршы, сиз сексуалдуу айым эмессиз. Аныңыз өзүңүзгө деле маалым. Сексуалдык сабатыңызды жоюп, керектүү маалымат алуу ашыктык кылбайт.

17-33
Сиз мезгил-мезгили менен сезимге жетеленесиз, бирок баары бир төшөктө өнөктөшүңүздү кумардын туу чокусуна чыгара албайсыз. Ошондой эле өзүңүз да дайыма эле канааттануу алалбайсыз.

34-40
Төшөктө өтө тажрыйбалуусуз. Ар дайым күйөөңүздүн да, өнөктөшүңүздүн да эсин оодара алууга жетишесиз. Эч качан өнөктөшсүз жалгыз калбайсыз!

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
miki98
2011-07-18 02:18:42
эн сонун нерсе экен меники тура эле чыкты.
+1
2012-04-11 15:27:04
miki98, сен канча упай чогулттун
0
dojdik
2011-09-06 13:29:01

0
kuba7888
2011-12-24 23:31:31
Бул тест аялдаргабы???????
0
Love_kg
2012-04-19 15:38:12
у меня 37 вышла ))))
+1
bektursun2010
2012-08-02 18:02:32
буйурса келинчегимде сынайбыз
0
Maral05
2015-09-14 11:29:59
меники да туура чыкты
0
Barbaristka
2020-04-03 00:30:00
46 чыгып китти го, базар жок
0
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан