Эч бир тыныгуусуз 1,9 чакырымды сууда сүзүп, 90 чакырым велосипед тээп жана 21 чакырымды чуркап өтүү мүмкүн деп ойлойсузбу? Албетте, мүмкүн. Мындай аралыкты басып өтүү триатлет спортчулары үчүн көнүмүш адатка айланган. Триатлет Айваз Оморканов дал ушул аралыкты 4 саат 19 мүнөт 1 секундда басып өтүп Кыргыз Республикасынын рекордун жаңылады. Ал жакында кыргыз спортчулардан биринчилерден болуп Дүйнө биринчилигине жолдомо утуп алды.
ТРИАТЛОН СПОРТУ ТУУРАЛУУ
Триатлон – бул сууда сүзүү, велосипед жарышы жана чуркоо спорт түрлөрүн камтыган Олимпиадалык спорт түрү. Спортчулар көрсөтүлгөн аралыкты эс алуусуз басып өтүшү керек. Аталган спорт ХХ кылымдын 70-жылдарында АКШнын Гавайи аралында пайда болгон. Триатлон кыска убакыт ичинде популярдуулукка жетип, учурда дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө да өз күйөрмандарын тапты. Бул спорттун популярдуулугунун себеби жөнөкөй. Анткени көпчүлүк адамдар өз жашоосунда чуркап, велосипед тээп, сууда сүзүп көргөн. Демек, бул спорт түрү ар бир адам үчүн жеткиликтүү.
Кыргыз өлкөсүндө Триатлон федерациясы 2015-жылы негизделип, Улуттук олимпиадалык комитет жана Эл аралык триатлон бирикмеси тарабынан таанылган.
Триатлон спортунда ар кандай аралыктагы жарыштар болот. Алардын ичинен эң абройлуусу – бул Ironman (Темир киши) жарышы. Ironman — узак аралыкка жарыш. Анын алкагында катышуучулар төрт чакырымга сууда сүзүп, 185 чакырымды велосипед менен өтүп, 42 чакырымга чуркашат. Аталган триатлон дүйнөдөгү эң оор мелдештердин катарын толуктайт.
Триатлон спортунун пайдасы абдан көп. Алардын эң негизгиси жүрөк-кан тамыр системин жакшыртууга алып келет. Ошондой эле сиз арыктоону каалап жатсаңыз эч кандай диета кармабай эле триатлон менен машыгууну баштаңыз. Анткени триатлон менен машыгуу арыктоого себеп болот.
ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА ЖОЛДОМО АЛГАН АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ
15-сентябрда Кытайдын Сиань шаарында триатлон боюнча Ironman 70.3 (1,9 чакырым сууда сүзүү, 90 чакырым велосипед менен жарышуу, 21 чакырым чуркоо) мелдешинде Айваз Оморканов өзүнүн жаш курагында (18-24 жаш) алтын медаль тагынды. Бул мелдештеги жеңиши менен кошо спортчу Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды. Дүйнө чемпиондугу 2020-жылдын 10-октябрында Гавайи аралында өтөт. Оморканов триатлон боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка катыша турган алгачкы кыргыз спортчусу.
Маалымат иретинде: триатлон чемпиондугу эң беделдүү мелдештердин сап башында. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 2000ге жакын спортчу катышат. Аталган мелдешке катышуу укугун алыш үчүн спортчу Ironman мелдештеринин биринде мыкты көрсөткүч көрсөтүп, өз жаш курагындагылар арасында байгелүү орунду ээлеши керек.
АЙВАЗ ОМОРКАНОВ
Туулган жылы – 1996-жыл, 2-июнь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 183 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок
Учурда – триатлон боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, велоспорт боюнча спорт чеберине талапкер.
"Темир жигит" Айваз Оморканов: “ТРИАТЛОН АДАМДЫ ЧЫДАМКАЙ КЫЛАТ”– Айваз, Дүйнө биринчилигине жолдомо алышың менен куттуктайм. Триатлон спорту менен кантип таанышып калдың?
– Рахмат. Кичинекей кезимде бул спорт тууралуу уккан эмесмин. Триатлон спорту менен эки жыл мурун гана тааныштым. Алгач триатлон жөнүндө Рамазан Каяев деген байкемден билгем. Ал Кыргыз өлкөсүндө алдыңкы триатлет спортчулардын бири.
– Бул спорт сени эмнеси менен кызыктырды?
– Триатлон өзүнө 3 спорт түрүн камтыганы мени абдан кызыктырды. Себеби сени тажатып жибербейт. Анткени сен күндө улам жаңы нерселерди үйрөнүп турасың. Ошондой эле бул спорт эң негизгиси адамды чыдамкайлыкка үйрөтүп, мүнөзүңдү калыптандырат.
– Эң алгачкы жолу мелдешке катышып, стартка чыкканың эсиңдеби?
– Эң биринчи мелдешим Абу-Даби шаарында болгон. Анда мен олимпиадалык аралыкты (1,5 чакырым сууда сүзүү, 40 чакырым велосипед тебүү, 10 чакырым чуркоо) багындыргам. Алгач мен жөн гана өзүмдү сынап көрүү максатында катышкам. Бактыга жараша, өзүмдүн жаш курагымдагылар (18-24 жаш) арасында 3-орунду ээлегем. Ошентип алгачкы эле чоң мелдешке катышуум ийгиликтүү болуп, биринчи медалга ээ болгом. Дал ушул жетишкендик бул спортко болгон кызыгуумду дагы да арттырды.
– Спорт дүйнөсүндө сага дем-күч берип турган спортчу барбы?
– Ян Фродено деген триатлет чебери шыктандырат. Ал Олимпиаданы жана Ironman боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип алган жалгыз спортчу.
– Спорт менен машыгып көрбөгөн адамдан мыкты триатлет спортчу чыгышы мүмкүнбү?
– Триатлон спортуна адамдар ар кайсы жаш куракта келет. Андыктан буга чейин спорт менен машыкпасаң да триатлон менен машыгууга кеч эмес. Адамзаттын мүмкүнчүлүгү чексиз. Эгерде адамда каалоо болсо, бул спортто кыйын делген аралыкты басып өтүүгө да болот.
– Машыгууларың тууралуу айтып берсең?
– Жумасына 5-6 жолу машыгам. Кээде күнүнө 2 жолудан машыккан учурлар да болот.
– Атаң Анарбек Оморканов хоккей спортунун чебери. Учурда Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын президенти экени маалым. Атаң сени хоккейчи кылам деп ойлогон жок беле?
– Бала кезде 2-3 жылдай хоккей менен машыккам. Тилекке каршы, окуума байланыштуу Пекинге кетип, ошол менен хоккейди таштап салгам. – Сенин жакындарың спорт менен машыгабы? Эгер болочоктогу жубайың экстремалдык спортко катышууну кааласа, сен кандай кабыл алат элең?
– Биздин үй-бүлө спортко абдан жакын. Баарыбыз спортту жактырып, дени сак жашоону үлгү кылабыз. Жогоруда айтылгандай, атам спорт чөйрөсүндөгү адам. Ал эми апам чыгармачыл инсан, ал ырдайт. Ал эми өмүрлүк жарым тууралуу айтсам, бир үй-бүлөгө бир триатлет спортчусу жетет деп ойлойм (күлүп).
– Кыргыз өлкөсүндөгү триатлондун деңгээлине кандай баа бересиң?
– Биздин өлкөдө триатлон спорту тез темп менен өнүгүүдө. Дүйнө жүзү боюнча бул спорттун популярдуулугу улам артып баратат. Анын ичинде Кыргыз жергесинде дагы триатлетчилердин саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Мындай көрүнүш, албетте, кубантпай койбойт.
– Триатлон спорту боюнча өтө турган Дүйнө чемпиондугу тууралуу айта кетсең. Биздин башка триатлеттерде бул биринчиликке катышуу мүмкүнчүлүктөрү барбы?
– Дүйнө чемпиондугу – триатлон спортундагы эң беделдүү мелдеш. Ал жакка мыктылардын мыктысы гана тандалып алынат. Аталган мелдешке кыргыз өлкөсүнүн атынан биринчилерден болуп катышууга жолдомо алганыма абдан сыймыктанып турам. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик. Мүмкүнчүлүктөр бардык спортчуларда бар. Бардыгы каалоодон көз каранды.
– Келечекте Олимпиада оюндарына катышууга мүмкүнчүлүктөр барбы?
– Мүмкүнчүлүк бар. Талыкпай эмгек кылуу менен чыдамкайлык керек.
– Кийинки жарыштарыңа ийгилик.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg