ШОУ-БИЗНЕСТИН ТАЙМАНБАС ТАЛАНТТАРЫ

Кыргыз шоу-бизнеси ар дайым жаңы жүздөр менен толукталып келет. Бул ирет биз элдин назарын бурган үч жаңы ырчы менен сизди тааныштырабыз.

КАЛЫС ЖАКЫПОВ, ЫРЧЫ: “МЕН ЧЫНДЫКТЫ АЙТАМ ДЕП ЭЛГЕ ЖАМАН КӨРҮНҮП АЛДЫМ”

Калыс Жакыпов 1-классынан ырдап баштаган. “Туулган күн”, “Сахна” деген ырлары менен белгилүү болгон балакай ортодо жок болуп кеткен. Былтыртан баштап жаңы дем менен чыгармачылыкка киришкен Калыс "Жылаңач баатыр" долбооруна катышып, жакшы оюнчу экенин көрсөтүп келе жатып, көпчүлүктүн добушу менен оюндан четтетилди.

– Калыс, кандайсың? “Жылаңач баатыр” долбооруна кандай максат менен бардың эле? Долбоордон жаңы эмнени алдың?

– Жакшы, рахмат. Бул күндөр өмүр бою эсимде калат. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген жетекчилигиңиздерге рахмат! Долбоорго мен акча үчүн деле эмес, бирок жеңем деп катышкам. Катышуучулар менен сүйлөшүп калганда “эгер финалга чыгып калсак, акчанын баарын берейин, жеңишти мага бергиле” деп сурангам (күлүп). Тилекке каршы, четтетилип калдым.

Мурун адамдарды жакшы айырмалап биле албасам, эми айырмалаганды өздөштүрдүм. Башкалардай болуп арамзаланганды үйрөндүм. Бирок оюн мыкты деңгээлде уюштурулду.

Мен негизи аздан, бирок бат-баттан тамак жеп турчумун. Ал жакта оюнга чейин эч нерсе жебей, оюндан кийин түштө өтө тоюп алып ашказанга күч келип жатты (күлүп).

– Долбоордон четтетилериңди сездиң беле?

– Курсагым жакшы тойбой кыйналганымдан Айгерим Эшим жарым тамагын мага берип жаткан. Ал үчүн бизди “сүйүшүп калдыңар” деп чыгышты. Негизи экран артында көп интригалар орун алып жатты. Айгеримди оюндан кетиргенде деле түшүнбөстүк болду. Мен элге чындыкты айтам деп жаман көрүнүп алдым. Эртеси мени кетиришерин алдын ала билгем. Анткени ага чейин бул тууралуу сөз болгонунан кабарым бар.

– Өзүң кимге жан тартып жатасың?

– Мен Куба (ред. Кудайберди Айтбосунов) байкени бааладым. Анда эркекке тиешелүү бардык сапаттар бар экен. Куба байкени утса экен деп жатам. “Көк кемселчендерден” Айгерим, Назель эже ичинде кири жок жакшы адамдар экен. Алардын адамдык сапатын бааладым.

– Кичинекей кезиңде ырдап чыгып, жок болуп, кайра иштеп баштадың. Ага эмне себеп болду?

– Ооба, мен 1-класстан 7-классыма чейин ырдадым. Биздин мектепке ырчы Бакыт Мамаев актёрлук ийрим ачып, атам мени алып барган эле. Агай мени ырдатып, үнүмдү жактырып, "ыр жаздырып берели" деп сунуштаган. Ырдап калышыма себепкер Бакыт агайым.

Өткөөл куракта үн алмашып, мутация болот экен. Ошол учурда мугалимдердин сунушу менен ырдаганды токтотком. 9-класста М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, чыгармачылыкка кайра кириштим. Бир жыл мурун “Сен” деген ырыма тартылган клибим жарыкка чыкты, буюрса, алдыга койгон максаттарым чоң.

АЙГЕРИМ ЭШИМ, ЫРЧЫ: “ДОЛБООРДОН КЕТЕМ ДЕП КҮТКӨН ЭМЕСМИН”

Айгерим Эшим былтыр сахнага жеке ырчы катары чыгып баштаган. Репертуарында "Бакыт", "Жүрөк сыры", "Ах, толкундар" деген ырлары бар.

– Айгерим, кандайсың? Долбоордон четтетилгениңде ыйладың, кетем деп күтпөсөң керек?

– Ооба, долбоордон кетем деп күткөн эмесмин. Башта кимди четтетерин ар ким өзү чеччү. Ошол күнү командада "Замира эжени кетиребиз" деген сөз болгон. Аларга ишенип Замира эжеге каршы добуш берсем, Калыстан башкасы мени тандашыптыр. Мен, чынында, Замира эженин кетишин каалаган эмесмин. Анткени аны менен бир бөлмөдө жатып, анын турмушун жакшы билет элем. Бизге караганда акча эжеге керек болчу. Элге ишенип, алданып калдым. Ошол күнү жакшы оюн көрсөтө албай калганым үчүн мени кетирип салышты. Болбосо күндө эле бизди артка тарткандар болуп жаткан.

– Калыс экөөңөрдү кыз-жигит деп уктук...

– Калыс аябай камкор бала экен. Ошого экөөбүз жакын болуп калдык. Аны баары "жүрөсүңөр" деп айтып чыгышты. Менимче, экөөбүздү биригип алып башкаларга каршы добуш берет деген ой менен кетиришти окшойт.

– Сен үчүн эң оор оюн кайсы болду?

– Курттарга байланыштуу оюн болду. Ал күнү оюндан четтетилеримди билгенде катышпай эле коёюнчу демекмин. Курттарды көрүп жийиркенсем да команда үчүн болушунча аракет кылдым. Эки күндөн кийин тамагым шишип жаман болдум, эми гана жакшы болуп келе жатам.

– Долбоор сага эмне берди?

– Жаңы эле таксиде келе жатсам айдоочу күзгүдөн мени карап, “ай, эмне, келип калдыңбы? “Жылаңач баатыр” бүттүбү?” дейт (күлүп). Долбоорду уюштурган “Супер-Инфого” рахмат. Өзүмө чоң мотивация алып келдим. Көлдө жашаганда катышуучулар менен сүйлөшүп калганда, балким, ушул долбоор менен гезитке чыгып калабыз деген сөз болду. Ошондо мен “Супер-Инфонун” башкы бетине чыкпай эле турайын. Ал жакка чыксам, чоң кыялыма жеттим деп баарын таштап салам” дедим (күлүп). Сиздер берген чоң мотивация менен чыгармачылыгымды улантайын деп жатам.

– Качантан баштап жеке ырчы катары чыга баштадың?

– 4 жыл мурун жеке ырчы катары ырдап чыккым келген. Бирок продюсер, акча жок кыйын экен. Максатымды ишке ашырам деп алгач 1 жыл сулуулук жаатында окудум. Андан кийин 1 жыл тажрыйба топтоп иштедим. 3-жыл дегенде чакан сулуулук студиясын ачып, акча таап, өзүмдөн артып баштаганда гана ырчылыкка аттандым. Азыр продюсер менен иштешип, кадимкидей ишим жүрүшүп баштады.

НАЗЕЛЬ, ЫРЧЫ: “ОЮНДАН КИЙИН КУРТТАРГА БОЛГОН ФОБИЯМДЫ ЖЕҢДИМ”

Назель ырдоо стили, өзүн алып жүрүшү менен башка ырчылардан айырмаланып турат. Ырчы айым “Баратат”, “Күйөө издейм”, “Ой-бой”, “Кайнене” деген ырлары менен таанымал.

– Саламатсызбы, Назель? 3 сааттан ашык ордуңуздан жылбай "Супер-Инфо" гезитин колуңузга көтөрүп туруп мыкты оюн көрсөтсөңүз да долбоордон четтетилип калдыңыз. Капачылык жокпу?

– Саламатчылык. Эмнеге таянып мени четтетишкенин чынында билбейм. Ар бир адам каалаганына добуш бергенге укуктуу. Андыктан ар биринин тандоосун сыйлайм. Мен деле буга чейин бирөөлөргө каршы добуш берип келгем. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Негизи ар бир окуяны жакшылыкка жооруйм. Муну Кудайдын буйругу деп кабыл алдым.

– Долбоордон өзүңүзгө кандай сабак алдыңыз?

– Буга чейин эле так, пунктуалдуу жүргөнгө аракет кылчумун. Ошол сапаттарым мага жакшы жардам берди. Ал эми долбоордон сабырдуулукка, эрктүүлүккө үйрөндүм. Сынактарда колдонулган курт-кумурска, бакалардан аябай коркчумун. Ошол фобиямды жеңдим. Буга чейин Бишкекте кыйын сезилген нерселер долбоор менен салыштырганда жепжеңил болуп калды.

– Экран артында интрига көп болуп жатканын уктук. Сизге да бул нерсе байкалдыбы?

– Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу ушундай реалити-шоу болуп жатат. Андыктан интрига деле керек болчу. Себеби ансыз долбоор кызыксыз болуп калат. Кээде адилетсиздик болуп жатты. Жаман нерсе болгондо жакшынын кадырын, акыйкатсыздык болгондо акыйкаттын кадырын билип баштайт экенбиз. Андыктан бул деле туура нерсе.

– Эми кесибиңизге келсек, сиз башкалардай болуп сүйдүм-күйдүм деген темада эмес, туфлилер, күйөө, кайнене жана башка темада ырдайсыз...

– Ооба, мен тигиге бул жагат, ошону ырдайын дебейм. Биз жашоого бир жаралабыз. Ошондуктан жүрөгүм каалаган нерсени жасагым келет. Албетте, чектен чыкпай. Чектен чыгып кеткенди туура көрбөйм.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан