КОЙ (21.03-20.04)
Бүтпөй калган иштерди аягына чыгаруу керектелет. Өзүңүзгө болгон ишенимди жоготпосоңуз эле баары жайында болот. Маселени чечүү үчүн тааныштарды колдонуңуз. Иште сиздин демилге азырынча колдоого алынбайт. Жаман адамдар менен компромисске бармак түгүл аларды тоготпой койгон оң. Үйдөгү эмеректерди кайра жайгаштыруу убаракерчилиги жаралат.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Акча топтоп албагандар каржылык кыйынчылыкка туш болушат. Бирок бул убактылуу! Башка адамдар менен эрегишүүнүн кереги жок, жашооңузду өзгөчө кылып алып кетүү өзүңүздөн. Узакка созулган оңдоп-түзөөнү аягына чыгарууга, жетекчиликке жаңыча мамиле кылууга жетишиңиз. Чөйрөдөгүлөрдүн кемчилигин айтып жинине тийбеңиз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бирге иштешкендерди, үйдөгүлөрдү түшүнүү жана аларга туура мамиле жасоо талап кылынат. Кандай чыр болбосун эки жакка тең пайдалуу кылып чечүүгө аракет кылыңыз. Кырдаал сыртынан тааныш адам менен кайрадан кезиктирип, аны менен жакындан таанышасыз. Түгөйүн таба электер ылганган адамдардын ичинен кимиси менен калуусу керектигин тандашат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Элдин баарына жагуу мүмкүн эместигин эске алып, майда сөздөрдү кулак сыртынан кетирген туура. Ийгиликтер карьера, бизнес же сүйүүдө коштойт. Достордун арасынан кимиси чыныгы дос экендиги бир муктаждыктан улам аныкталат. Өз алдынча дарыланам деп ооруну күчөтүп алууга жетпеңиз. Чакырган жерге кечикпей барсаңыз керектүү маалыматты угуп каласыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Маңдай тер төгүп иштеген эмгегиңиздин үзүрүн көрө баштайсыз. Жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер сыйлыкка татыйт. Арыктагысы келгендер диетага өтсө туура. Таламыңызды талашкан адам менен кеңешип, маселеңизди чечесиз. Колуңузга азыраак суммадагы акча тиет. Жылуу сүйлөгөн адам менен роман куруудан сактаныңыз, жыйынтыгы жакшы болбойт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иштер көп болуп, чыңалып иштейсиз. Кырдаалды жакшылап баамдап, алгач кайсы иштерди бүтүрүү керектигин тактап алыңыз. Жаман жоругу же сөзү менен ачууңузду келтирген адамды ордуна коюп коюңуз. Шашылыш кабардан улам туугандар менен сүйлөшүп, сапарга чыгуу же чыкпоо керектигин чечесиз. Сезонго жараша үйдөгүлөргө эмне керектигин тактайсыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Алыскы туугандар менен байланышты чыңдоого ылайыктуу кез. Балдарга көбүрөөк көңүл буруу талап кылынарын эске алыңыз. Жаңы адамдар менен баарлашуудан качпаңыз, алар ишиңизге жарап калуулары ыктымал. Бирөөлөргө көрүнүү үчүн гана кийим же буюм алуунун кереги жок. Андан көрө акчаны үнөмдөңүз. Апта акырында жаңылыктарга марыйсыз.
Апта башында өзүңүздү жалгыз сезесиз. Үйдөгүлөргө колдоо көрсөтпөйт деп таарынбаңыз. Аларга баарын туура жеткирсеңиз эле маселени жеңилдетүүгө киришишет. Бирөөлөрдүн алдоосуна кирип ири акчадан кол жууп калуудан сактаныңыз. Жакыныңыздын кичине болсо да белеги кубантат.
Интернеттен же китептен окуган өзгөчө маалыматтарга таасирленесиз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Үйдөгү иштер, чечилбеген маселелер жадатып, эс алууга убакыт бөлүү керектигин сезесиз. Бирөөлөргө туура эмес кеңеш айтып, аны бөөдө азап чегүүгө мажбурлабаңыз.Болбосо бет карашпай калганга чейин жетесиздер. Чоң иш боюнча кабыл алган чечимиңиз туура экендигинен күмөн санасаңыз, адиске кайрылыңыз. Коомдук унаада жүктөрүңүзгө сак болуңуз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01))
Кырдаал күтүлбөгөн жерден өзгөрүп баштайт. Баарына даяр туруңуз. Тобокелдикке барбоо жана бирөөлөргө акча карызга бербөө керек. Тишти жулдуруу же дарылатуу үчүн стоматологго барууңуз мүмкүн. Айрымдар чет өлкөгө барып иштеп келүүнү чечип, камданышат. Башына мүшкүл түшкөн досуңуздукуна барып көңүлүн аласыз. Баалуу буюмдарды кароосуз таштабаңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптадагы ийгиликтин ачкычы — аз сүйлөп, көп иштөө болмокчу. Өзү үчүн иштегендер креативдүү идеядан баш тартпоосу кажет. Калыптагы жеке жашооңузду кызганычтан улам чыккан чыр бузушу мүмкүн. Ашыкча эмоциядан карманыңыз. Мурас, үйдүн же жер тилкесинин документтерин бүтүрүү зарылчылыгы чыгат.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада атаандаштык күчөйт. Ар ким өз көмөчүнө күл тарткысы келип, мамилелер бузулат. Сиз да абалга жараша аракетте болуңуз. Бир кезде көрсөткөн жакшылыгыңыз үчүн бирөөлөр жакшы жооп кайтарат. Мээ сергитүү үчүн туугандардыкына барып убакыт өткөрүп келишиңиз мүмкүн.