БОЙДОКТОРДУ ҮЙЛӨНТСӨК...

Кыргыз шоу дүйнөсү

Түгөйлүү болууга не жетсин? Биз шаштырбасак бойдоктор дагы деле бойдокчулук доорун сүрүп жүрө беришет окшойт. Кантсе да кулак кагыш кылып сыртынан бычып, атактуу бойдокторду көз ирмемге үйлөнтүп көрүүнү чечтик. Албетте, куру сөз менен эмес, жылдыз төлгөсү боюнча.

РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВ, АЙГҮЛ ЧАЛОВА
Келбети келишкен, үнү керемет ырчы кыз Айгүлгө көзү түшкөндөр да көп болсо керек. Катуу ылдамдыкты жакшы көргөн Айгүлдү балбан жигит Руслан Түмөнбаев ноктолой алса керек деп ойлодук. Ананчы, күчтүү билеги гана эмес, күчтүү сезими менен баш ийдире ала турган Русландын жанында Айгүл созулган келинчек болуп калса керек. Экөөнү жакындаткан дагы бир нерсе – спорт. Анткени Айгүл спортко кызыгарын көп айтып келет. Балким, Русландын таасири менен Айгүлдү рингден көрүп калышыбыз да ажеп эмес.

ЖЫЛДЫЗДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Руслан Түмөн­баев жылдыз белгиси боюнча – эгиздер, ал эми Айгүл Чалова арстан белгисинин алдында төрөлгөн. Астрологдордун баамында бул – ийгиликтүү нике. Анткени эки белгинин өкүлдөрү бирин-бири толуктап турушат. Арстан жылдызы от табиятында, эгиздер аба табиятында болгондуктан, аба отту үйлөп алоолонтуп, жашыруун таланттарын да ачканга жөндөмдүү. Арстандын ак ниети, ачык жүрөгү менен эгиздердин курч акылы, куулугу айкашып, бир бүтүндүктү түзөт. Коркунучтуусу, эгиздердин шайырдыгы өзүмчүл арстандын кызганычын козгоп, чыр чыгып кетиши мүмкүн.


НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ, КУНДУЗ КАНАТБЕК кызы
Нурдөөлөт Копоев актёрлук кесип менен жүрүп, бойдоктуктун доорун жакшы эле сүрдү окшойт. Эми келинчегинин колунан ысык чай ичип, жакасы агарчу убакыт деле келип калды. «Таланттуу актёрубуз кимдин колун кармайт?» деп болжолдой берип чарчаган жаныбыз өзүбүз сыртынан бычып, Нурдөөлөт менен ырчы Кундузду чогуу карап көрдүк. Куп жарашып калышты. “Сүйлөгөндөн эринген Кундуздун жанында шайыр-шатман Нурдөөлөт турса, созулган кызыбыз кичине жанданат беле?” деген ой кетти.

ЖЫЛДЫЗДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Нурдөөлөттүн жылдыз белгиси – эгиздер, ал эми Кундуз – кой жылдызы. Бул белгинин өкүлдөрү эркиндикти сүйгөндүктөн, анык демократиялуу үй-бүлөлөрдөн болушат. Кой белгисиндегилердин түгөнбөгөн энергиясын эгиздер ийкем башкарып, ийгиликке жетелейт. Коркунучтуусу – эркин үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн биринин үйү театр, экинчисиники сахна болуп калышы.


ЧЫҢГЫЗ МЫРЗАЕВ, НУРАЙЫМ АЗЫКБАЕВА
Качан болсо “садагаң кетейин” деп кимгедир жалынып жүргөн Чыңгыз мырза да кыздардын көзүн күйгүзүп, ана-мына деп убакытты чоюп жүргөнчө, биз өзүбүзчө музыкант Курмангазы Азыкбаевдин кызы Нурайымга куда түшүп салдык. Чындыгында, чыгармачыл адамды чыгармачыл адам жакшы түшүнөт эмеспи. Анан да музыкант кайната Чыңгыздын чыгармачылыгына өз салымын кошсо керек. Элестетиңиз, жыл айланбай Чыңгыз кыл кыякты сыбызгытып, саксофон менен ырдап калса, эстрада жааты дагы бир тепкичке көтөрүлбөйбү.

ЖЫЛДЫЗДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Чыңгыз Мырзаев да, Нурайым Азыкбаева да жылдыз белгиси боюнча – бийкеч. Бул никеде бардыгы жалпы нерсеге айланат. Экөөнүн капчыгы, кызыкчылыгы, атүгүл кийинүү стили да окшош болот. Коркунучтуусу, никеде бардыгы көнүмүшкө айлангандыктан, бири-биринен жадап кетиши ыктымал.


ШАЙЫРБЕК АРАПОВ, НАЗИК ИСРАИЛОВА
“Унуталбайм” деген берүү аркылуу сезим сырларын тартуулап келген Шайырбектин жүрөгү да, жүгөнү да бош. Шайырбектин жанында биз бийчи Назикти көргүбүз келди. Эмнеге дебейсизби? Назиктин актрисалык талантынын ачылганына “Талак” фильминде күбө болбодукпу. Ал эми Шайырбектин режиссёрлук, продюсерлик талантына апта сайын күбө болуп келебиз. Демек...

ЖЫЛДЫЗДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Шайырбек букачар белгисинде болсо, Назик чаян белгисинде төрөлгөн. Бири-бирине магниттей тартылышкан экөөнү жакындаткан байланыш – экөөнүн тең кумарлуу болгонунда. Коркунучтуусу – чаяндын ашыкча үстөмдүк кылганына букачардын чыдамы түгөнсө, чаянга эч качан кайрылып келбесинде.

Толик сынчы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Krasotka
2010-08-18 00:17:05
ахахаха, мило))
0
Elmira
2010-08-19 23:24:33
Kunduz menen Shayirbekti 4oogu kilsa bolmok.
0
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан