“АЗАТТЫК” - МАТРАИМОВДОР ЧЫРЫ: ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ МЕНЕН ЖЕКЕ МЕНЧИК КОЛ ТИЙБЕСТИКТИН КАГЫЛЫШЫ

Ошто “Азаттыктын” оператору менен экс-чиновник Райымбек Матраимовдун жакындарынын ортосунда чыр чыгып, кызуу талкууга түштү. Окуя кандай болгон? Жыйынтык кайда алып баратат?

ЭКИ ТАРАП ТЕҢ АРЫЗ ЖАЗДЫ

28-сентябрда Ошто “Азаттыктын” операторунун видеокамерасы жана дрону тартып алынды. Тартып алган тарап да, тарттырып жиберген тарап да Ош шаардык милициясына арыз жазып, бири-бирине укуктук чара көрүүнү талап кылышты. Тартып алган тарап – бир тууган Матраимовдордун кичүүсү Руслан Матраимов арыз жазуусун “үйүмдүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербей видеотасмага тартып жатат. Үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип, жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салууда” деп түшүндүргөн. Дрон үйдөгү тургундардын биринин башына келип түшкөндүгүн, анын денесине залал келтирилгендигин билдирген. Ал эми экинчи тарап “сөз эркиндигине кысым, журналисттик иликтөөгө тоскоолдук жаратты, медиа мекемеге тийиштүү мүлктү опузалап тартып алышты” деп чыкты.

Искендер Матраимов: “АЗАТТЫКТЫН” АҢДЫГАНЫ ЭЛЕ БИЗДИН ҮЙ”

“Азаттыктын” оператору Айбек Кулчуманов Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдүн тегерегин тартып жүргөн. Окуя боюнча парламент депутаты Искендер Матраимов буларды айтат:

– 5 жылдан бери ошол үйдү бир эле “Азаттык” кайра-кайра тарта берет. Үйдү тартууга эч кандай уруксат алышкан эмес. 5 жыл тартканы аз келгенсип, бул жолу да таңкы саат 6-7нин ортосунда үйдү видеотасмага дрондун жардамы менен тарта баштаптыр. “Азаттыктын” жөндөмү жок операторунун айынан дрон үйдө жүргөн жигиттин бетин жакын тартабыз дешкенби, айтор, аппараты баланын башына түшүп, ал жабыркаган. Дронун башкара албай калган оператор аппаратын издеп жүрүп, балдардын колуна түшүп калат. Жигиттер бирөөнүн жеке турак-жайын уруксатсыз тартканы үчүн дронду жана пультун тартып алышкан. Кийин Ыдырыс Исаков (“Азаттыктын” Оштогу кабарчысы) аким болуп иштеген иниме, Райымдын өкүл баласына телефон чалып, “дронду берип койгула, мындан ары бири-бирибизге тийишкенди токтотолу” деп айтыптыр”.

“БУЛ ЧОҢ САЯСАТ...”

1-октябрда интернет желесине “Азаттыктын” жарандык коомчулуктун үстүнөн манипуляциясы” деген аталышта журналист Ыдырыс Исаков менен С.М. аттуу адамдын телефондон сүйлөшүүсү деп аталган аудио тарады. Аудиодон С.Мнын “балдарыңыз эмнеге ал жакка барат?” деген суроосуна Исаков делген адам бул чоң саясат деп жооп бергенин угууга болот. "Камераны алып, сындырып койгон дронду төлөтүп алышыбыз керек. Алар эмнеге ал жакка барганы бул чоң саясат, аны чоңдор чечет. Мени уруп салды, чаап салды дей турган болсоңор, Матраимовдор кол салды деп журналисттерди көтөрөбүз”, - дейт Исаков деп белгиленген адам. С.М. – жогоруда Искендер Матраимов айткан айыл өкмөт башчысы, Райымбек Матраимовдун өкүл баласы деген пикирлер жазылууда.

“Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаков С.М. аттуу жаран менен сүйлөшүү болгонун ырастады. Бирок бир нече сүйлөшүүнү монтаждап, сөздөрдү бириктирип коюшкан деп билдирди. Айтор, адегенде “Азаттыктын” журналисттери жабдууларын кайтарып берүүнү суранып, үй ээси макул болбой койгон соң окуя коомчулукка жарыяланып, коомдук пикир түзүүгө аракет жасалганы белгилүү болду. Ал эми аудиожазуу монтаж же монтаж эместигин тийиштүү органдар текшерип, аныктай турган иш. Бул аудиодон кийин “Азаттыктын” иликтөө максатынан күмөн санагандар да пайда болду.

ИШКЕР “МЕНЧИГИМДИ КОРГОЙМ” ДЕЙТ

Журналист Ыдырыс Исаков “Матраимовдордун көпчүлүгү азыр болбосо, буга чейин мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген, бийликте болгон адамдар. Аларды эл көзүндөгү адам деп карообуз керек. Аларга тиешелүү бардык маалыматтар ачык-айкын болуп, элден жашыра турганы болбош керек”, - деген пикирин билдирди. Ал эми бир тууган Матраимовдордун кичүүсү, жеке ишкер Руслан Матраимов “Азаттык” үстүнөн дрон менен тарткысы келген үй ага таандык экенин SUPER.KG порталына айтып берди.

–Өзүбүз жашаган үйдүн үстүндө дрон учуп жүрсө, анан ал келип короодогу адамдын башына түшүп жатса, мен эмне кылышым керек эле? Эч ким бизге келип, кайсы бир жагдай тууралуу тартып жатабыз деп эскерткен да, макулдашкан да, уруксат алган да эмес. Эгер дрон кичинекей кызымдын башына түшсө эмне болмок? Ошондуктан бул окуя мыйзам чегинде каралсын деп милицияга кайрылганбыз, - дейт ал.

Искендер Матраимов 2-октябрда “Азаттыктын” түз эфиринде аталган үй кичүү иниси Руслан Матраимовго таандык экенин билдирди.

“Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаков дрон короодогу адамдын башына тийип, жаракат келтиргенине ишенбей турганын билдирди. Ошондой эле аны каралоо башталганын айтып чыкты. “Мага карата каралоо башталыптыр. Коррупционердин бетин ачып, ээлеп алган жерин айтып, төлөбөй койгон салыгын санап, “казынага төк” деп доолап жатсаң кимге жаксын” дейт ал.

Учурда конфликттин эки тарабында тургандарды ар бири тийиштүү мыйзамдарга таянып турган кези. Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, журналистке коомчулукту кызыктырган маалыматты алууда тоскоолдук болбошу керек, журналистке маалыматты эркин алууга жана жайылтууга мамлекет кепилдик берет, журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө аны коргоону камсыздайт деп белгиленген. “Азаттык” мына ушул мыйзамга таянууда.

Медалдын экинчи тарабындагылар өлкөнүн эң негизги мыйзамы болгон Конституцияга таянышууда. Баш мыйзамда жарандардын жеке жашоосунун купуялуулугу жана жеке менчиктин кол тийбестиги тууралуу беренелер бар. Конституциянын 30-беренесине ылайык, ар бир жаран жеке менчигиндеги турак-жайдын жана башка объектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Жарандардын уруксатысыз эч ким жеке жашоосуна тийиштүү маалыматтарды чогултууга, жайылтууга укугу жок.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жеке менчик кол тийбестиги менен журналисттик ишмердүүлүктүн кагылышы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан