ЭКО МЕНЕН ТӨРӨЛГӨН БАЛА КИЙИН ӨЗҮ БАЛАЛУУ БОЛО АЛАБЫ?

Өткөн сандарда тукумсуздук боюнча макала жарыялангандан кийин окурмандардан көптөгөн суроолор келип түштү.

Аларга жоопту Бишкек шаарында көптөгөн үй-бүлөлөргө бала жытын тартуулаган «Анкалайф» клиникасынын негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, профессор Жихангир Чакыжы айтып берди.

– Канча убакыттан бери бойго бүтпөй жатса тынчсызданууга болот?

– Дени сак түгөйлөр жыныстык катнашка барып жүрүшкөн болсо, анда бир жылга чейин аялдын боюна болушу керек. Эгерде биринчи аракеттер ийгиликтүү болбосо, кайгыруунун кажети жок. Себеби ар кандай болушу ыктымал.

Мисалы, гормоналдык дарыларды жакын арада эле колдонуу, аялдын же эркектердин стресске кабылышы, жашоо-шартынын өзгөрүүсү.

Эгерде бир жылдан ашык убакыттын ичинде бойго бүтпөсө, анда анын себебин издөө керек.

– Жатын түтүктөрүнүн бүтөлүп калышынын (непроходимость труб) чечүү жолу барбы?

– Албетте. Азыр тукумсуздук менен кайрылган пациенттердин көпчүлүгү ушул диагноз менен келишет. Көпчүлүгү жатын түтүктөрүн ачтыруу менен убара болушат. Бирок бул учурда бойго бүтүү ыктымалдуулугу аз деп айтат элем. 5-10-15 жылдан ашык дарылануудан өтүп, ар кандай дары-дармектерди ичишет. Убакыттын өтүшү менен аялдын жумурткалары азайып, ЭКО (жасалма бойго бүтүрүү) ыкмасын жасоого да мүмкүнчүлүк аз калган болот. Андыктан баарына айтар элем, ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кылдат мамиле кылуусу абзел.

– Азыркы учурда клиника бейтаптар үчүн дагы кандай кызматтарды көрсөтүүдө?

– Биздин клиника аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоо, ЭКО ыкмасы менен балалуу болуу, карын эне (суррогатная мать), уруктарды тоңдуруу, донор (эркек жана аял), инсеминация, гинекологиялык жактан операциялар (миомэктомия, лапороскопия, гистероскопия), TESA жана башка кызматтарды көрсөтүүдө.

– Жакында эле сиздерге 7 жолу ЭКО жасатып, 14 жыл балалуу боло албаган пациент кайрылыптыр. Ошол тууралуу айта кетсеңиз?

– Бизге пациент 2018-жылы кайрылган. Буга чейин 7 жолу чет мамлекеттерден ЭКО жасатып, жыйынтык болгон эмес. Бизге анализдери менен кайрылган учурда, менде да бул аялга жардам бере алабызбы деген күмөн санаган ойлор болгон. Анткени буга чейин Германиянын, Франциянын дарыгерлери да балалуу болууга жардам бере алышкан эмес экен.

Колубуздан келген нерсени жасадык. Жыйынтык жакшы. Азыркы учурда эгиз балдардын энеси.

- Эл арасында “ЭКО ыкмасы менен төрөлгөн бала алсыз, кийин ден соолугунда көйгөйлөр болот” деген сөздөр айтылат. Буга кандай жооп берет элеңиз?

- Тескерисинче, дени сак балдар төрөлөт деп айта алам. Анткени жубайлар башынан аягына чейин текшерүүдөн өтүп, дарыгердин көзөмөлүндө болот. Лабораториядан уруктардын күчтүүлөрү, тазалары иргелип алынат. Кардарларыбыздын көпчүлүгү “уруктарыбыз алмашып кетпейби?” деп кооптоно беришет. Уруктар өзүбүздүн лабораторияда дыкат изилденет. Ал жакка мен жана эмбриолог гана кире алат. Бөтөн адамга кирүүгө болбойт. “Эркек балдар кийин балалуу боло алышпайт экен” деп да айтып жүрүшөт. Бул миф. Мен ЭКО жолу менен эң алгач жарыкка алып келген наристе – эркек бала. Учурда ал 21 жашта, үй-бүлөлүү. Ал табигый жол менен эле балалуу болгон.

– ЭКО жасатуу менен дароо күткөн жыйынтыкка жетүүгө болобу?

– Жыйынтыктын жакшы же жаман болушу адамдын организмине жараша болот. Кээ бир организм урукту кеч кабыл алат, айрымдары дароо кабыл алат. Анан да урук салгандан кийин ден соолугуна кам көрүүсүнө жараша болот. ЭКОдо дүйнө жүзү боюнча 100 пайыз шанс берилбейт. Биринчи келгенде эле кепилдик барбы деп сурагандар аябай көп. Медицинада шанс деп айтабыз. Биз колубуздан келгенин кылабыз, калганы, албетте, Жараткандан.

– Аялдын боюна бүтпөө көйгөйү жалгыз эле аялдын маселеси болушу мүмкүн эмес да?

– Албетте! Адам жаралуусу үчүн аялдын да, эркектин да бирдей ден соолугу чың болуусу керек. Мисалы, эркек тукумсуз болсо же тукум калтырууда көйгөйү болсо, аялдын боюна бүтпөйт. Кээ бир эркектер мандем өзүндө экенин түшүнбөй эле аялды боюңда болбой жатат деп жемелей беришет. Аялынын боюна бүтпөй жатса, жубайлар экөө тең бирдей текшерүүдөн өтүп, маселенин себебин аныктап алып, анан ошого жараша дарыланууларды жүргүзүү шарт.

- ЭКО жасатып, бирок жыйынтыгы болбой калышынын негизги себептерин айта кетсеңиз. Дегеле ЭКО ыкмасы кандай кадамдар менен жүргүзүлөт?

­ ЭКОнун ийгиликсиз болушуна ички жана сырткы факторлор таасир берет. Алсак:

  • Сапатсыз эмбриондор
  • Жатын түтүктөрүнүн патологиясы
  • Ата менен эненин антигендери аябай окшош болсо
  • Гормоналдык бузулуулар
  • Жаш өзгөчөлүк
  • Ашыкча салмак
  • Терс адаттар – ичимдик ичүү, тамеки тартуу
  • Өнөкөт оорулар, жыныс системиндеги жана өпкө, ашказан, боор, бөйрөк оорулары жана башкалар
  • Урукту салдыргандан кийин дарыгер сунуштаган нерселерди аткарбай коюу.

ЭКО жасатуу убактысы гормоналдык фонго, жумуртка клеткалардын сапатына, жашка, салмакка карата белгиленет. Эгер булардын баары жайында болсо, анда болжол менен 1-1,5 ай убакыт кетет. Бул аралыкта жубайлар психологиялык даярдыктан өтүшөт, керектүү анализдерди тапшырышат. Андан соң жубайлардын урук клеткалары алынып, пробиркада өстүрүлүп, аялдын жатынына салынат. Клиниканын дарыгерлери болочок эне менен 9 ай бою тыгыз байланышта болушат.

- ЭКО ыкмасын колдонуп балалуу болууга каражаты жетпеген жубайлар үчүн арзаныраак ыкма барбы?

- Бар, ал инсеминация ыкмасы деп аталат. Бирок бул ыкма – аялдын жатын түтүктөрү ачык болгондо, эркектин уруктугу жакшы болгондо гана жасалат.


- Сиздердин клиника жана ал жакта иштеген адистердин тажрыйбалары тууралуу айта кетсеңиз.

- Биздин клиника 2015-жылдын март айынан баштап иш алып барат. 4 жылдан ашык убакыттын ичинде 4800 пациент кайрылган. Анын ичинен 300дөн ашуун баланы жарык дүйнөгө алып келдик. Бул да болсо биздин жетишкендик деп айтат элем.

Андан сырткары профессордун ЭКО тармагында 35 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Медициналык жабдыктардын бардыгы Германиядан, Түркиядан алынып келинген. Алыскы облустардан келген пациенттер үчүн да мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Биздин максат тукумсуздук менен жабыркаган пациенттерге жардам берүү, балалуу болуу тилегин ишке ашырууга себепчи болуу.


Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Nevestkaa
2019-10-07 11:59:58
А.Заворотнюк,Ж.Фриске да ЭКО мн төрөгөндөн кийин рак болуп калды дешти го.Кудайым табигый жол мн төрөгөндү насип кылсын баарыбызга.
+7
Aimani
2019-10-07 16:20:34
Nevestkaa,туура айтасың . Побочный эффект дегени да бар да
+3
mmdina2013
2019-10-08 11:52:16
Nevestkaa, туура. Эмне учун кемчиликтерин жазышпайт? ЭКО го чейин аялдын организмин гормоналдык даарылар менен даярдашат экен. Кийин ал мээнин шишигин жаратышы мумкун дешет, бирок баардыгында эмес. Жашы 40 га жакындап калган кыздар ЭКО кылып кереги жок, Фриске менен Заворотнюктун тагдырын кайталап калбаш учун.
+2
nazira...
2019-10-09 14:06:21
Кемчилигин жазса ЭКО кылбай коюшуп булар ишсиз, акчасыз калышат да. ЭКОдон жаралган бала узак жашай албайт дешет го, балалуу боло беришет но узак жашашпайт, клон.Орустар оздору айтышат го душасы жок бала болуп калат деп. Ошон учун табийгыйга эле аракет кылуу керек го. ЭКО менен торой бересин, но баланын кийинки жашоосун ойлоп да койуш керек.
+3
BoDiNur
2019-10-14 02:49:15
nazira...,табигый менен торой албай анан ЭКО кылып жатат да, табигый менен торой алса эмнеге эко кылмак эле, кызык адамдар коп
+1
Nuriza-2020
2019-10-12 12:59:34
Менимче баланын душасы бар жогу бул тарбиядан ата эненин мээриминен кадимкидей эле эненин курсагында чоноюп торолуп атпайбы болгону пробиркада бир канча убакыт жашайт ошол элего
+2
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан