24-27-сентябрь күндөрү Индиянын Банголор шаарында суудагы спорт түрлөрү боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө. Мелдештин алгачкы күнүндө кыргыз суучулу Денис Петрашов күмүш медаль тагынды. Петрашов чоңдор арасында 100 метр аралыкка брасс түрүндө сүзүүдө 1 мүнөт 1,88 секундда марага жеткен. Бул көрсөткүч менен ал 2-орунду камсыздады.
Ал эми 15-17 жаштагылар арасындагы жарышта кыргыз спортчусу Елизавета Рогожникова бир коло, бир күмүш жеңип алды. Ал 50 метр аралыкка сүзүүдө 2-болуп марага келсе, 200 метр аралык жарышта 3-орунду камсыздады.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg