МАНГОСТАН

Тропик өлкөлөрүндө өстүрүлгөн мангостан жемиши учурда Кыргызстанга чейин жетип, Бишкектин дүкөндөрүндө сатылууда. Мына ушул мөмөсү бышкан пахтага окшогон жемиш тууралуу сөз кылабыз.

Мангостан (мангустин, гарциния, мангкут) – бийиктиги 25 метрге чейин жете турган мөмө дарагы. Мекени— Түштүк-Чыгыш Азия. Таиланд, Мьянма, Вьетнам, Камбоджа, Малайзия, Индия, Шри-Ланка, Филиппин, Борбордук Америкада жана Африканын 4 өлкөсүндө көп өстүрүлөт. Абдан кеч мөмөлөйт, башкача айтканда, тиккенден 9 жылдан кийин мөмө алат.

Мөмөсү жаңы бышкан кезде желет. Диаметри 3,4-7,5 сантиметрге жеткен мөмөсүнүн кабыгы калың, 1 сантиметрге чейин жетет. Даамы банан, жүзүм, шабдалыга да окшошуп кетет. Айрым учурларда аны консервалашат. Ширеси абдан популярдуу. Кабыгында адамдын организмине керектүү заттар бар, ошондуктан аны шире даярдоодо да кошушат. Мөмөсүнүн курамында ксантон (антиоксидант) заты болгондуктан косметика жасоодо колдонулат.

Жалбырагы менен кабыгынан даярдалган кайнатма элдик медицинада ич өткөктө жана дене табын түшүрүүдө колдонулат. Бирок илимий түрдө анын дарылык касиети бар экендиги тастыкталган эмес.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан