ГВОЗДИКА

Гвоздика (жыпар мончок) – тропик өлкөлөрдө өсүүчү гвоздика дарагынын ачыла элек бутонунун кургатылганы. Дарак 1 жылда 2 ирет гүлдөйт жана түшүмү көп болот. Бутондорун чогултуп, сындырганда кырс этип үн чыгарып калгыча күнгө кургатышат. Сатыкка бүтүн бойдон жана упадай майдалап чакан куту, айнек идиш, кагаз баштыкчаларга салып чыгарышат. Майдаланганы сапатын батыраак жогото турганына байланыштуу бүтүндөрү өтүмдүү болот. Татымал дүйнө жүзү боюнча көп колдонулат. Аны Индонезияда сигаретага кошушат.

Козу карын, этти маринаддоодо, компот, пудинг, торт, кекс, булочка жасоодо өзү же корица менен аралаштырылганы колдонулат. Мурч менен аралашмасы суюк тамактарга, ошондой эле тоок жана үндүк этинен жасалган тамакка берилүүчү соустарга кошулат. Суюк тамактарга, анын ичинде шорпого тамак даяр болгонго 3-5 мүнөт калганда кошулат. Бул анын жыпар жыты сакталып калышы үчүн керек. Тамак-аштын даамын бузуп жибербеши үчүн керектүү өлчөмдө гана кошуу керек. Мисалы, компот менен суюк тамактын 1 литри үчүн 1-3 даанасы, таттуулар үчүн 1 килограмм камырга 4-5 даанасы жетет.

Гвоздиканын бутонунда эфир майы, витаминдерден A, B1, B2, PP, C, ошондой эле минералдык заттардан магний, кальций, натрий, фосфор, жез жана башкалар бар. Эфир майы дары, бальзам, атыр, консерва, арак-шараптардын курамына кошулат.

Кытайда, Японияда гвоздиканын эфир майы тамызылган таякчалар ароматерапия үчүн көп сатылат.

Элдик медицинада тиш ооруганда, бүйлө сезгенгенде, оозулда, ооздон жаман жыт чыкканда бутонун чайноо сунушталат. Артроз, артрит ооруларында бутка массаж жасоодо эфир майын колдонсо сезгенүүнү жана оорутууну азайтат. Чыйкан чыкканда (жара) 1 тамчы эфир майын тамызса эрте айыгат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан