Марс Мамаев, ырчы: «ЭЛ МЕНИ «ЖЫЛАҢАЧ БААТЫР» ДЕП ТААНЫП КАЛДЫ»

Марс Мамаев жакында Super TV уюштурган «Жылаңач баатыр» долбоорунда 14 катышуучунун арасынан суурулуп чыгып, жеңүүчү аталып, баш байгеге коюлган 100 миң сомду илип кетти. Долбоордогу жеңиши, чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу ырчы бизге ачылып-чачылып маек курду.

Туулган жери – Бишкек шаары

Туулган жылы – 1988-жыл, 10-ноябрь

Кесиби – инженер-механик

Бою – 176 сантиметр

Салмагы – 100 килограмм

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

Репертуарындагы ырлары – «Аида», «Кайгырба», «Жаш кездин күндөрү», «Заман» жана башка.

– Кандайсыз, Марс? Жеңиш кут болсун! Биринчиликке жетүү кыйын болдубу?

– Долбоор мага жакты. Жеңүүчү болом деп күткөн эмесмин. Бирок аракет кылдым. Толук болгонум үчүн айрым оюндар кыйын болду. Менден шамдагайлар көп болчу. Биринчиликти алганым борборго келгенде, бир туугандарым, досторум чалып куттуктаганда гана сезиле баштады.

– Сиз жеңишиңизди ырчы, атаандашыңыз Кудайберди Айтбосуновго бергиңиз келди. Эмнеге?

– Кудайберди жаман ою жок, жакшы бала экен. Аны менен жакын болуп калдык. Экөөбүз биринчилик үчүн ат салышууга баратканда «Куба, сенден биринчиликти талашкым келбейт, сага эле берем. Бирок эркекпиз да, кандай оюн болсо да, өзүбүздү татыктуу көрсөтөлү» деп айткам. Чакага колубузду байлап койгондо колум талып жатты. Бат эле тартып алайын дедим. Бирок мен элдин сынынан корком. Эрте эле жеңилип калсам, эл «колунан эч нерсе келбейт экен» деп айтышат деп намыстандым. Бир маалда Кудайбердини карасам, кыйналып жаткандай көрүндү. Колумду тартайын десем эле Куба менден биринчи колун таштап жиберди. Менин оюмча, Куба баш байгеге татыктуу болчу. Анан Кубага биринчиликти берем дебедим беле, айткан сөзүмө турбай калдым деп жаман болдум. Бирок дароо эле «утулдум, жеңишти Кудайбердиге берем» десем, ал «утулсам утулдум да» деп менин жүрөгүмө тийгизе сүйлөп койду. Бирок жеңишти башкага өткөрүп берсе болбойт экен. Антсе да кубокту Кудайбердиге бердим. Азыр баш байгени алганыма сүйүнүп жүрөм.

– Сезимтал адам көрүндүңүз. Долбоордон Шерхан Абкулов кеткенде да, жеңишке жеткениңизде да ыйладыңыз...

– Мен жашоодо кыйынчылыктарды көрүп чоңойгом. Көптү көргөнүмдөнбү, бардык окуяны жүрөгүм аркылуу өткөрөм. Кубокту алганда башкача толкундануу болду. Бир жолу келген жашоомдо биринчиликти ала турган күнүм бар экен деп сүйүндүм, толкундандым, бирок ыйлаган эмесмин.

Шерханды өз инимдей жакшы көрдүм. Ачык, туура сүйлөгөн, таза жүргөн, акылдуу жигит экен. Менден 2 жаш кичүү инимди көптөн бери көрбөй сагынып жүргөм. Ошондон уламбы, Шерхан кеткенде өзүмдү жалгыз калгандай сездим.

– Бир туугандарыңызга жакын окшойсуз?

– Мен жети бир туугандын бешинчисимин. Ата-энем дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин экинчи агам бизге ата ордуна ата, эне ордуна эне болду. Ал үйлөнгөндөн кийин жеңем бизге апа болуп берди. Жеңебизди «жеңе» же «апа» дейбиз.

– Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз.

– Кичине кезибизде ата-энем Казакстанда иштеп жүрүштү. Биз эң улуу агамдын колунда калганбыз. Мен 1-курста окуп жүргөндө ал агабыз киши колдуу болуп каза болду. Анын сөөгүн 2 жарым айдан кийин суудан тапканбыз. Баласын жоготуу күйүтү ата-эне үчүн оор экен. Артында биз турсак дагы улуу агамдын күйүтүн көтөрө албай, кан басымы көтөрүлүп, агамдын өлгөнүнөн 8 айдан кийин эле апам көз жумду. Андан көп өтпөй атам да кан басымы көтөрүлүп каза болду. Андан кийин таенем менен чоң апам өтүп кетти. Жакындарымды катары менен жоготуп, өзүмдү тоголок жетим сездим. Мен үчүн оор болду, бирок аракет кылып жашадым. Ал кезде көптөр мени жаман жолго түшүп кетет деп ойлошту. Жок, мен ата-энемдин атын көтөргүм келди.

Ошондон кийин мен атамдын карындашынын үйүндө жашап калдым. Эжем менен жездеме ыраазымын,бирок эч ким өз ата-энеңдей болбойт экен. Аябай кыйналган учурларым болду. Үйдө ызы-чуу болмоюнча жашоо кызыксыз да. Ызы-чуу болгон күндөрү автобекетте, мейманканада түнөгөн күндөрүм болгон. Кийин Москвага барып кафеде, унаа жуучу жайда, жеткирүү кызматында иштедим. Ал жактан кыргыз балдар кыр көрсөтүштү. Рэкетчиликтен качып кайра Кыргызстанга келдим. Бул жактан курулушчу, официант, унаа жуугуч болуп иштедим. Ошол кезде ди-джей Назгүл Жамгырчиева эжеге жолугуп калдым. Ата-энемден кийин мага Назгүл эже тарбия, багыт берди. Ырдап чыгам десем, жардам берди, продюсерим болду. Ошону менен шоу-бизнеске аралашып калдым.

– Ырчылык балалык кыялыңызбы?

– Кичине кезимде атам "каратист болосуң" деп спортко кызыктырчу. Бирок өзүм кичинемден комуз, гитара, аккордеон ойноого кызыгып, ыр да жазчумун. Чоңойгондо талантым бар, таанышым жок жүрдүм. Назгүл эженин жардамы менен азыр бул чөйрөдө эмгектенип келатам.

– Сизди орусиялык ырчы Григорий Лепсти туурайт дешет?

– Тоголок көз айнек тагынып, кырылдап ырдаганым үчүнбү, ошентип айтышат. Менде ал кишиге окшошом деген ой болгон эмес. Бирок окшоштурса, сүйүнөм. Кичинемде Жеймс Браун, Боб Марлинин ырларын жакшы көрүп укчумун. Ошол ырчылардын таасири менен чыгармачылыгымда регги стилин тандап алдым.

– Кийинүү стилиңизге да көп сын айтышат...

– Ооба, «пижама кийип аласың» дешет. Бул пижама эмес. Атайын ушундай образды тандап алганбыз. Башында мындай кийингенден өзүм да уялдым. Эл корей ырчысы PSY`га, Индиянын полиция кызматкерлерине окшоштурушту. Азыр көнүп калдым, көчөдө деле ушундай кийинип жүрө берем. Элге да жагат, "башкаларга окшобогон стиль" деп айтышат.

– «Жылаңач баатыр» долбоорунан утуп алган 100 миң сомду эмнеге жумшайсыз?

– Башында бардык катышуучулар «утсам, акчаны таратып салам, баарына берип салам» деп сүйлөптүрбүз. Башында көп акча көрүнүп жаткан. Акчаны албай жатып жок кылдым окшойт. "Жууйсуңбу?" дегендер көп. Баарына жууп берем. Өзүм да бир туугандарым айтмакчы атамдай болуп, бир көргөн адам менен достошо берем, жок дей албайм. Ошол сапатымды өзгөртөйүн деп аракет кылдым, бирок болгон жок. Бирөө жардам сураса, башында баш тартып койсом дагы улам ойлоно берем да, кайра барып жардам берем. Бирөөнүн көңүлүн кыя албайм.

– Долбоордон эмне алдыңыз?

– Мурда мени «Аиданы» ырдаган Марс» деп таанышса, азыр көчөдөн колу менен көрсөтүшүп, «Жылаңач баатыр» деп таанып калышты. Ырчы болгондон кийин элге таанылыш үчүн аракет кылыш керек. Силер аркылуу мурдагыдан да таанымал болдум. Сиздердин жамаатка чоң ыраазычылык билдирем.

– Кыздар тууралуу сүйлөшпөсөк болбойт. Окурмандар «бул жигиттин жүрөгү бош бекен?» деп кызыгышат да...

– Жакында үйлөнөм деп бир туугандарыма айтып, даярдана баштагам. Анан эле сүйлөшкөн кызымды ала качып кетишти. Барып алып кетейин дедим, бирок ошол маалда шартым болбой калды.

– Жеке жашооңузда бакыт, чыгармачылыкта ийгилик болсун! Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Марс: "Көчөдөгү эл "жылаңач баатыр" деп кайрыла баштады"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
leili1
2019-10-07 21:29:54
Ийгилик!!!
+1
Shef87
2019-10-07 21:58:53
Салмагы 100
+1
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан