25-сентябрь күнү ырчы Алтынай Нарбаева жалгыз уулу Темирландын үйлөнүү тоюн өткөрдү. Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн тойго 500дөн ашык конок келди. Ырчы эжекебиз тойдун жүрүшү жана кайненелик доордун башталышы тууралуу маек куруп берди.
Той манас айтуу менен башталды. Манас айтып тойду ачып берүү милдетин белгилүү манасчы Рыспай Исаков колго алды.
"Жар-жар" айтып, жаш жубайларды эл алдына алып чыккан ырчы, баатыр эне Гүлнара Кахарова болду. Той ээлери «балдарыбыз Гүлнарадай көп балалуу болушсун» деген тилек менен Гүлнара айымга ушул милдетти тапшырышыптыр.
Алтынай айым келинине ак жоолугун салып, толкунданып турган чагы. Келинин өз кызындай кабыл алганын айтып, кызым деп кайрылып жатты.
Солдон оңго: Алтынай Нарбаеванын жолдошу Тургуналы Акматов, кудагыйы Махбурат Малакулова, Алтынай Нарбаева жана анын кудасы Турсунбек Малакулов. Байкаганыңыздай, кудагыйлар сүйлөшүп алып тойдо атайын окшош көйнөк кийишкен.
Өзгөндөн чыккан өнөрпоздор той ээлерине ак кой жана алардын кудаларына кара кочкорду кооздоп алып келип белек кылышты. Мындан тышкары уйдун бышкан тилине ачкыч кадалган чынжырчаны байлап келишкен. Тилди кайнене менен келинге ооз тийгизип, ачкычты экөөнө карматып коюшту да, «келин менен кайнененин тили бир болсун» деп ырымын жасашты.
Ырчы «ушундай кызды тарбиялап чоңойтконуңуз үчүн» деп кудагыйынын колунан өөп ыраазычылыгын билдирди.
АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА: «ҮЙ ЖУМУШТАРЫН КЕЛИНИМЕ ӨТКӨРҮП БЕРИП ЖАТАМ»
– Той кут болсун, эже! Той ойлогонуңуздай өттүбү?
– Рахмат! Мен ойлогондон да жакшы өттү. 400дөн ашык конок чакырганбыз, 500дөн ашык келди. Мага эң жагымдуусу балам менен кызым (ред. келини) сөзү, обонун Нуржигит Молдояров жазган Ишен Назаров экөөбүз аткарган «Музыка экөөбүздү жолуктурсун» деген ырыбызга бийлегени болду. Бул ырды эл сынына чыгара элекпиз.
– Жакшы. Келиндин чайын ичип жатасыздарбы?
– Кудайга шүгүр, ичип жатабыз. Келинимди көрүп, өзүмдүн келин болуп барган күндөрүм эске түшүп жатат. Бирөөнүн үйүнө барып тез көнүп кетиш кыйын. Ошондуктан аны аяп, жакшы кайнене болуу аракетиндемин. Үй жумуштарын акырындан өткөрүп берип жатам. Келиндүү болгон жакшы экен, үйдөгүлөр ачка калды деп кабатырланбай, көңүлүң ток жүрөт экенсиң.
– Ата-энелик бир милдеттен кутулдуңуздар. Жеңилдеп калдыңыздарбы?
– Ар бир ата-эне уулун үйлөп, кызын турмушка берип, алардын бактылуу болуп жашашын кыялданат. Менин кыялдарымдын бири аткарылганына сүйүнүчүм, толкундануум азыр да тарай элек.
– Сыр болбосо канча калың бердиңиз?
– Кудаларымдын айтканын аткардык. Азыр канча калың берилип жатса, ошондон 4-5 эсе көп калың бердим. Суммасын айтсам, мактангандай болом. Кудаларым да андан ашык кылып кызыма сеп алып келишти. Үйүбүз эмеректерге толуп, жаңыланып, аурасы да өзгөрдү.
– Кудагыйыңызды шыр эле жакшы көрөрүңүздү айттыңыз?..
– Алгач таанышканда эле кудагыйым мээримдүү көрүндү. Чыныгы аялдык сапаттардын баарына ээ, жакшы аялзаты экен. Жубайлар бири-бирине окшош болушат да, кудам экөө окшош, бири-бирин сыйлаган адамдар. Мындай инсандарга туш болгонума бактылуумун.
- Эки жаш бактылуу болушсун!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg