Гүлзинат Суранчиева: «КӨП УБАКЫТЫМ АШКАНАДА ӨТӨТ»

Жылдыздар турмушунан

“Эшигин көрүп, төрүнө өт”деп бекеринен айтылбаса керек кыргызда. Ар бир үйдүн босогосун аттаганда эле кожойкенин кандай экени байкалат. Анын сыңарындай Гүлзинат Суранчиеванын үйүндө ар бир буюму өз ордунда, жыйнактуу турганын көзүбүз чалды.

– Гүлзинат, буга чейин канча жолу үй алмаштырдыңыз?
– Алгач жолдошум экөөбүз баш кошкондо борбордогу Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан эки бөлмөлүү менин квартирамда жашачубуз. Себеби жолдошум кыргыз жараны болбогондуктан, бул жакта үйү жок эле. Андан кийин кайындарымдын жардамы менен Жантөшев көчөсү тараптан жер үй алып, ошол жакта жашап калдык. Ал эми бул үйгө көчүп келгенибизге эки жыл болуп калды.
Ии, баса, жакында кайсы бир гезиттен телефон чалып: “Эже, бизге кат келди. Силер үйүңөрдү көрсөтүп “Супер-Инфого” чыккан турбайсыңарбы?”,- деп калды. А мен эч нерседен кабарым жок болгондуктан, “ооба, мурда мен жер үйдө жашачумун” деп жооп бердим. Баарынан кызыгы, мен сиздердин гезитке бир да жолу үйүмдү көрсөтүп чыккан эмесмин. Болгону, теледен келип тартып, тамак жасап чыкканым эсимде. Ошондон улам гезитке чыкпасам, кайсы окурман кат жазмак эле деп оозум ачылды.
– Үй жыйнаганда кайсы бөлмөдөн биринчи баштайсыз?
– Негизи, ашкананын түйшүгү көп. Ошол бөлмөдө көп убакытым өтөт.
– Буюм-терим сатып аларда кимдин табитине көп таянасыз?
– Жолдошумдун табити мыкты. Анан экөөлөп кеңешип туруп, сатып алабыз.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
MARAL
2010-08-16 22:22:41
Гулзинат уйнузду коруп оз уйумду коргондой болдум!!!Азаматсыз аял кишинин озуно тын болгону жакшы жоролго!!!
0
bagdat
2010-08-19 01:39:17
Гулзинат сен чынында кыргыз аял затынын жылдызын ачып турган бир касиетин бар, менин музыкадан билимим жок, бирок ырдайм, ырчыларды озумчо сындайм дегендей, сен жакшы ырдайсын, унун дагы озуно жарашат, уккулуктуу, азаматсын, изденуудон эч качан тажаба, ал эми азербайджан куйо балага ийгилик, сени колдоп жургону корунуп турат, бактылуу болгула
0
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан