Назира Жетигенова, куудул, телеалпаруучу: «АТАМ ТҮШҮМӨ КИРИП, 4-5 ЖЫЛ КЫЙНАЛЫП ЖҮРДҮМ»

«Менин атамдай киши дүйнөдө саналуу гана» деп сөзүн баштады куудул, алпаруучу Назира Жетигенова. Кичинесинен атасына эркелеп өскөнүн айткан куудул бүгүн да дүйнөдөгү эң жакын адамын эстеп көзүнө жаш алды. Алпаруучу айымдын атасы Солто Шаршенов мындан 20 жыл мурун дүйнөдөн кайткан.

«МОЛДОМУСА КОНГАНТИЕВДИ АТАМА ОКШОШТУРУП ЖАКШЫ КӨРӨМ»

-Мактанбай эле коёюн, бирок менин атамдай киши бул дүйнөдө саналуу гана. Атам чынчыл, так, сөзүнө турган, баштаган ишин аягына чыгарган, өзүн таза, тыкан алып жүргөн киши болчу. Ал устачылык менен алектенчү. Биздин үйдү атам өзү салып, эмеректерди өз колу менен жасаган. Ошол үйдү апам «атаңдын жакшы көргөн кызы элең» деп мага белек кылган. Атамдын устаканасындагы бардык аспаптар, жадакалса майда мыктарына чейин тизилип, өз ордунда турчу. Атам уста эле эмес, чыгармачыл да адам болчу, ыр жазчу. Туулган күнүбүздө бизге ыр жазып окуп берер эле. Атам каза болгондон кийин бир күнү апамдын ыйлап отурганын көрүп калдык. Көрсө, атамдын блокнотторунун биринен бир келинге арнап жазган ырын окуп калыптыр. Атам ооруканада жатканда ошол келинди жактырып калган окшойт. Таежем каткырат, «каза болуп калган күйөөңдү эмне кызганып жатасың?» деп.

Мектепте окуп жүргөндө мен да ыр жазчумун. Азыр да уйкум аябай келип жатканда башыма сонун ыр саптары келет. Эртеси кагазга түшүрөйүн десем, эсимден чыгып кеткен болот.

Атам бизди киного, паркка, циркке, театрга көп алып барчу. Азыр ошол жактарга барганда атамды эстейм. Атама келбети, кийими же кыймыл-аракети окшош кишини көрсөм, атамды эстеп, сагынып ыйлайм. Өлгөн күнүндө, туулган күнүндө дайыма куран окутуп турам. Бук болгондо атамдын сүрөтүн карап алып, аны менен сүйлөшөм. Жалгыз калгым келген учурда атамдын мүрзөсүнө барам.

Мен ИИМдин ансамблинде эмгектенип жүргөндө Молдомуса Конгантиев (ред: мурдагы ички иштер министри) менен иштешип калдым. Ошол кишинин келбетин, мүнөзүн атама окшоштуруп аябай жакшы көрөм, сыйлайм.

«АТАМ МЕНЕН БАЙКЕМ БИР КҮНДӨ КАЗА БОЛУШТУ»

-Мен кичинемден атама жакын өстүм. Аны ээрчип эле жүрө берчүмүн. Атамсыз жашоону элестете алчу эмесмин. Атам мындан 20 жыл мурун 56 жашында жарык дүйнө менен коштошкон. Мага жашоо бүтүп калгандай болду. 1 айда 11 килограммга арыктадым. 4-5 жылдай түшүмө кирип, кыйналып жүрдүм. Алыс жакка кеткенде дайыма атам күтүп жаткандай үйгө кайтчумун. Анткени мен анын өлүмүн толук кабыл ала алган эмесмин, ал тирүү деп элестетким келчү.

Атам оорудан улам каза тапты. Анын бир тууган иниси 1997-жылы жоголуп кеткен. Үйүнө бир унаа келип токтоп, байкем ошого түшүп кетиптир. Ошол бойдон ал байкемден эч кандай кабар жок. Бул окуядан кийин атам инсульт алып, ооруп жүрдү. Өпкөсүнө да операция жасалды. Жер төлөдөгү устаканасынан өпкөсүнө суук тийген деп ойлойм.

Каза болор алдында 3 ай катуу ооруп төшөктө жатып калды. Атамдын өлөрүнө бир күн калганда экөөбүз көчөдөн жолукканбыз. Мен эртеси Балыкчыга гастролго кетмекмин. Кетер алдында азык-түлүк көтөрүп алып үйдөгүлөр менен коштошоюн деп үйгө баратсам, атам костюм-шым, шляпасын кийип, «жакшы болуп калдым, жумушка баратам» деп алдымдан чыгып калды.

Атам кайсы жумушта иштебесин дайыма костюм-шым, шляпа кийип, дипломат көтөрүп алчу. Ал учурда курулуш материалдарын саткан дүкөндө иштейт эле. Мага «жакшы барып кел» деп батасын берди. Жакының каза болордо сезесиң дешет, мен сезгем. Анткени Балыкчыда эч нерсеге көңүлүм жок жүрдүм. Концерттен эмнегедир жоголуп кеткен байкемди эстеп, «азыр концертке келип калса...» деп ойлоп койгом. Ошол күнү кечинде такыр уктай алган жокмун. Таң атканда жездем менен таякем келишти. Алардын үнүн укканда эле жамандыкты сездим. Эч нерсе уккум келбей, уктап калгым келди. Мага «атаң ооруканада, адам болбой калды. Коштошуп алайын деп балдарын чакырып жатат» дешти. Үйгө келсек, боз үй тигилип туруптур (ыйлап). Бул күнү атам эле эмес, бир тууган байкем да оорудан улам каза болгон.

«ДОСУНУН АКЧАСЫН УУРДАП АЛЫП, АТАМДЫ УЯТ КЫЛГАМ»

-Биз 1989-жылы Фрунзеге көчүп келгенбиз. Ага чейин Талас шаарында жашадык. Таласта атам эт комбинатында, апам нан заводдо иштечү. Ошондуктан биздин үйдөн колбаса менен нан үзүлчү эмес. Үйгө кирсем жумуш жасатып коюшат деп бир чөнтөгүмө нан, экинчисине колбаса салып алып, ошону жеп көчөдө жүрө берчүмүн. Атам келгенде гана үйгө кирип тамактанчумун. Атамдын артына жашынып алып баатыр болуп калчумун.

Атам мени аябай эркелетти. Кашым үч бурчтук болуп ылдый өсүп, күлкүлүү көрүнчүмүн. Тишим жок, мурдум жалпак, чачым тармал, аны таратпаган кыз элем. Ошондо да өзүмдү күзгүдөн карап алып «мурдум кырдач, оозум оймоктой. Бах, чиркин, эмнеге мынча сулуумун?» деп өзүмө суктана берчүмүн. Атам мени колдоп, «менин кызымдын сулуулугуна эч ким жетпейт» деп койсо, мен бактылуу болуп калар элем.

Атам бизге кол көтөргөн жок. Мени бир эле жолу жаакка чапкан. Анда мен 1-класста окучумун. Атамдын конокко келген досунун жерге түшүп калган акчасын алып алгам. Атам байкем, эжем үчөөбүздү тизип алып, байкем менен эжемдин сумкаларын аңтарып, аябай урушту. Менден жай эле «сен алдыңбы?» деп сурады. Мен «жок» дедим. Бирок чөнтөгүмө колун салса эле баягы 5 рубль чыкты. Атам бети кызарып досунан аябай уялды. Ошол элеси азыр да эсимден кетпейт. Ошондо биринчи жана акыркы жолу жаакка катуу чапкан. Апам столдун үстүнө колумду коюп алып чыбык менен чыпылдатып сабаган. Ошондон кийин уурдабай калгам.

«АТАМ КАЗА БОЛГОНДОН КИЙИН ГАНА АПАМА ЖАКЫН БОЛДУМ»

-Мен апама жакын болгон жокмун. Жиним келгенде апамды «атамдын жинди аялы» деп кыйкырып качып кетчүмүн. Апам менен атам урушуп кетип, апам мени таенемдикине алып кетейин десе, «барбайм, өзүң бара бер, мен атам менен калам, аны жалгыз таштабайм» деп барбай койчумун. Кийин балалуу болуп, эне түйшүгүн тарта баштаганда гана апамды түшүнө баштагам. Ага чейин мага атам эле керек болчу.

Бир күндө жолдошунан жана уулунан айрылган апам катуу депрессияга түшүп, аябай кыйналды. Ушул окуядан кийин апамды депрессиядан чыгарайын деп жүрүп ага жакын болуп калдым.

Азыр атам көрбөй кеткен жакшылыктарды апам көрсүн деп аракет кылам. Ата-энеге болгон карызыңдан өмүр бою кутула албайсың деп ойлойм, дүйнөнү сатып берсең да аздык кылат. Азыр колумдан келгенин апама кылып жатам. Бир туугандарым «апамды көптүрүп салдың» дешет. Кийим, алтын сатып берип, той өткөрүп берип, санаторийге алып барып көңүлүн алып турам. Атама мындай жакшы нерселерди кыла албай калдым. Атамдын 70-80 жашын өткөрүп, каалаганын алып берип сүйүнтсөм деген кыялдарым орундалбай калды. Кудайга шүгүр, азыр апамдын өмүрүн тилейбиз. Ата-энебиз бар кезде бала бойдон калат экенбиз. Аларды көзү барында сыйлайлы!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Назира Жетигенова: "Атам менен агам бир күндө көз жумганда оор болгон"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
katerina.li
2019-10-07 09:10:45
Назира калпты коп суйлойт
+1
katerina.li
2019-10-07 12:47:58
Будардын деги бироосу апасына жакын болушту беле?? Алинасы деле апама жакын эмес элем,уйуно барсам бат эле урушуп кетем деп суперге маек берди эле,эми назира апамды атамдын жинди катыны дее тилдечим дейт. Эне деген табылбайт. Жок дегенде маек бергенде жакшы соз арнап койсонор больойбу
-2
Baku88
2019-10-12 10:30:21
katerina.li, туура айттын
+1
madina.87
2019-10-07 12:54:12
Бир туугандарыңдын "апамды көптүрүп салдың"дегени эмнеси тооба.
Апаңыз көп жашасын
+7
tina.kg
2019-10-07 18:16:22
Мактангандай болбойун деп мактанып койдуго. Ар ким оз атасын жакшы корот, баары эле ойлойт менин атама эчким жетпейт андай киши саналуу гана деп. Менин деле Ата Апама эчким жетпейт )))
+5
AiperiO
2019-10-07 20:04:55
Иосиф Кабзонду мен да атама окшоштуруп жакшы кором. Эх, ата энелер коп жашасачы ээ...
+2
katerina.li
2019-10-07 20:26:50
AiperiO, Кобзон,Кабзон эмес
-6
Mamiev
2019-10-07 23:11:37
Албетте ар ким өзү билет,бирок мынчалык мактаныштын деле кереги жок го дейм. Супердин бул чыгарылышында Нарбаева менен Жетигенованын мактанганы эсте калат окшойт. Бири калың көп берсе бири апасына кылган жакшылыгын айтат. Жакшылыкты көп жасап бирок мактанып айтпаш керек. Атасын жакшына айтып келе жатып апасына жасаган жакшылыгын мактана кетиптир
+3
katerina.li
2019-10-07 23:49:56
Ата энеси жакшы кишилер болгон,бирок назира баш бербечи аларга. Ээнбаштыктын акесин таанытчы. Эми эле онолуп калбаса
+2
mikana
2019-10-08 08:19:43
Азаматсыз Назира эже мактансаныз да баарын ачык айтыпсыз. Уурулук кылып атасы уруп нан көтөрүп жеп деп. Кээ бирөөлөр такыр урган эмес укмуш болчумун дей берет го
0
karona12
2019-10-08 17:51:13
Жакында концерт демек буларга пияр керек.Алинасы калп эле бироо жаманаттф кылып атат деп жазып журот мунсу биякта.
0
Tiken
2019-10-12 04:18:29
Назира эже азаматсыз, апасын анча-мынча эзилген эркектерге караганда жакшы багат.
-1
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан