«Супер-Инфо» гезити Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте «Суперфутбол-2019» турнирин өткөрөт. Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында уюштурулуп жаткан бул турнирде Саясат, Шоу-бизнес, Көк бөрүчүлөр, ЖМК өкүлдөрүнөн турган 4 команда ат салышат. Мелдеште Улуттук курамдын бардык оюнчулары конок болушат. Турнирди жылдыздар концерттик программа менен шаңга бөлөшөт. Бул чыгарылышта «Журналисттер» командасы менен тааныштырабыз.