Кыргыз жеринде уран казууга тыюу салчу мыйзам долбооруна өкмөт тарабынан бут тосуу болуп жатканын парламентте “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты. Депутат мыйзам долбоору эбак парламентке келип, каралып башташы керек эле дейт.
"Биз февраль айында Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары элдин талабы менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагында уран жана торийди казууну токтотуу боюнча мыйзам иштеп чыкканбыз. Аны депутаттар колдоп, июнда кабыл алганбыз. Премьер-министр, биринчи вице-премьер келип, урандын казылышына каршыбыз, бул мыйзамга макулбуз дешкен. 4 ай өттү. Бул мыйзамды өкмөт парламент комитетине жибербей жатат”,- деди депутат.
Ошондой эле Шыкмаматов эгер өкмөт аталган мыйзамды колдобосо, анда өлкөдө уран менен торий казылсын деп ачык позициясын билдириши керек дейт. Айта кетсек, Ысык-Көл аймагынан уран казылып жатат деген кабар Кыргыз коомчулугунда катуу нааразычылык жаратып, көп өтпөй өкмөт бул демилгеден баш тартканын билдирген болчу.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg