АНДРЕЙ МАЛАХОВ ЖАНА ЭРМАН ЖҮРСҮН КЫРГЫЗДАРДАН КЕЧИРИМ СУРАДЫ

24-сентябрда орусиялык "Россия 1" телеканалынын "Прямой эфир" берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов эфир учурунда мекендешибиз жана Кыргыз өлкөсү тууралуу орой сөз айткан. Бул берүү быйыл 8-июлда жол кырсыгында каза болгон орусиялык миллионердин баласы Александр Маруговдун өлүмү тууралуу болгон. Кырсыкка шектелип кыргызстандык Исламбек Акбаров аттуу жаран кармалган. Кырсыкта такси менен мотоцикл сүзүшүп, экөө тең өрттөнүп кеткен.

Эфирдин жүрүшүндө Малахов аталган жол кырсыгы кокустук эмес деп кыйытып, атайын буюртма болушу мүмкүн деп божомолдогон. Бул сөздөрдү студияда отурган адамдар колдогон.

Берүүгө каза болгон жигиттин апасы катышкан. Ошондой эле Орусиядагы кыргыз элчилигинин өкүлү жана кылмышка шектүү Акбаровдун жактоочусу келген. Маркумдун апасы алардын көңүл айтуу сөздөрүн кабыл алып, шектүүгө эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Ал эми Андрей Малахов “унааны Кыргыз өлкөсүнөн келген, мурдунун суусун тарта албаган мадыра баш башкарып бара жаткан. Ага 100 миң доллар берсең анын үй-бүлөсү, бүтүндөй айылы өмүр бою бактылуу болушат. Алар эч качан мындай акчаны таба алышпайт. Анткени алардын айлыгы 10 доллар" деген сөздөрдү айтты. Алып баруучунун бул сөзү үчүн кыргыз коомчулугу “Малахов бүтүндөй кыргыз элин кемсинтти, мазактады” деп кечирим сурашын талап кылышты.

1-октябрь күнү Андрей Малахов “Прямой эфир” телеберүүсү аркылуу кыргыз жарандарына кайрылып, сөзүн кыргыз коомчулугу туура эмес түшүнүп алганын айтып, кыргыз тилинде кечирим сурады.

Аптада мындай окуя дагы кайталанды. Жакында Казакстандын Караганда облусунда өткөн “Кыргыз-казак” айтышына Кыргызстандан төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр барып катышып келген. Сыйлык тапшырууда казактын Эрман Жүрсүн аттуу акыны “300 миң теңге кыргыздар үчүн чоң акча” деп Жеңишбек мырзага акча тапшырганы коомчулуктун талкуусуна алынган. Эрмандын бул айткан сөзүнө көп өтпөй эле Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш” фондунун төрагасы
Садык Шер-Нияз өз жообун берген. Кыргыздардын “саламы” казак акыны Эрман Жүрсүнгө жеткен өңдөнөт, ал коомчулук алдында кечирим сурады.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nevestkaa
2019-10-07 11:38:49
Казактардын пейили тар болот окшойт.
+3
Aimani
2019-10-07 16:47:25
300мин тенге канча 60 миң сом болобу ошондо. Пффф.
+8
vikidiki
2019-10-08 13:34:16
Создун ачыгын айтканда , кээ Бир казактар бизге келишсе Акчасын аяп,ажа....га кирбей кетишет.
+3
Dushabolna
2019-10-08 17:38:05
Урматтуу чондор ылайым эле ынсап берсе экен силерге. Силердин айынардан коншу олколордон укпаган созду угуп эки бетиб з кызарып отурат. Силер таза иштеп, ишканалар курсанар айлык акыны котрсонор, пособуя пенсияны жогорулатсанар ушинтип шылдын болбойт элек. Ылайым эле олкобуз онуксо экен. Дагы Рахмат бизге иштеп баарын кылып атабыз. Эгер арамза болсок ото ото кедей олко болмокпуз.
0
aimai
2019-10-09 20:03:10
Malahov kechirim suraarin go suradi birok azir Moskvada taxi aidagan kirgizdardi kuuratip jatat deit
-1
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан