ЧЫПАЛАК БААТЫР "ЭМИ ЫРЧЫ БОЛОМ" ДЕЙТ
Көпчүлүккө Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов ырчылыкка аттанды. Тагыраагы, ал "Бул жашоо, өмүр бир келет" аталышындагы ырды аткарып чыкты. Ыр Чыпалак баатырдын жашоосунун сүртүмдөрү экенин анын продюсери Микаш (Мыктыбек Ашырбай уулу) айтып берди.
– Чыпалак баатыр мага ырдап чыккысы келип жатканын айтты. Мен алгачкы ыры анын жашоосу тууралуу болсун дедим. Чыпалак баатыр мага башынан өткөн окуяларын, турмушун айтып берди. Дароо эле ырдын мазмуну көз алдыма келип текстин, андан соң обонун жаздым. Баары даяр болгондон кийин студияга барып аранжировкасын жасадык. Чыпалак баатыр өзүнө тиешелүү тексттерди ырдады, мен рэп айттым.
Чыгарманы интернетке, социалдык тармактарга жарыялагандан кийин окурмандардан жакшы пикирлерди угуп жатабыз. Учурда клип тартууга демөөрчүлөрдү издеп баштадык. Клип жөн салды эмес, мыкты болушу керек. Жаш, ишин жаңыдан баштаган клипмейкерлерден сунуш түшүп жатат. Бирок аларга көп ишеним арта албай жатабыз, - дейт ал.
Чыпалак баатырдын продюсери мындан ары күйөрмандарына жаңы чыгармаларды тартуулай тургандыктарын кошумчалады.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Маланият эсил кайран болуп кетти
Ой.ой
Тим эле койчу ушу сен.
Калгандары да жетишет
Өйдө төмөн сүйлөп эч жакпайт
Мен эле тартып бербейинби клипти!? Таззза кудай урбадыбы эми тууй ата. Актошум экообуз деле ырдап чыгат окшойбуз))
Кан басымымы котордун го чыпалак
Маданият министри каякты карап отурат ушуга окшогон, кайрат кыргыз дегендерди кой деген биро барбы. Акыркы кундору таш ыргытсан ырчынын башына тийип атат, тааныганв деле тааныбаганы деле карысы деле кичинеси деле ырдап калышты.
Жаш клипмейкерлерден сунуш түшүп жатат? Коой,Кудайды карап сүйлөсөң боло.
Ушуга окшогон ХХХХХ ким көзөмөлдөйт?! маданият,шоу бизнес,мал базар болуп барататкоо арким каалагандай мөөрөп?! билимине,талантына,вокалга,ырдын маанисине ким көңүл бурат ыя ?өздөрү деле уялбайбы деймда ,же билимим болбосо,же голосум болсочу деп
Мурда ырчылар,ырчы болуу үчүн канча татаал жолду басып өткөн.. залкарлардын артынан гастролго чыгып кирин жууп ,сөзүн тыңшап,кирин жууп, батасын алып дегендей.. азыркылар "ырдап чыккысы кыстап калып "эле чыга беришет тообо
Жаман нервим кайнап жүргөм азыркынын "тандалма"ырчыларына.ушунуку өттү.кысып эле жүргүлө кыргыздын баары ырчы болуп кетмей болду .."Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгаттан" болуп!
Жамман боорду эзген комменттер болуптур...Гулжайна Атаканова.Кайрат Кыргыз.Гулзат Мамытбек.Чыпалакты кошуп бир группа тузуп алышса.
Группанын атын кандай койсо жарашат????????