АГАЛАРДЫН БАКТЫСЫ ЖЕҢЕЛЕРДЕ

“Ай, жеңелер, айдай жеңелер, Гүлдөй назик, суудай тунук биздин жеңелер...” деген Санжар Кошбай уулунун жеңелер жөнүндөгү ырын билбегендер чанда кездешсе керек. Жеңе – көпчүлүгүбүзгө жакын курдаш, сырдаш, санаалаш. Болгон сырыңды ата-энеңе, ага-эжеңе эмес, дал ушул адамга айтышың мүмкүн. Биз белгилүүлөрдөн сүйүктүү жеңелери тууралуу сураганыбызда төмөндөгүдөй жылуу кепке туш болдук.

Акбар Сүйүнбаев, ырчы:
“ЖЕҢЕМДИ ЖҮДӨТҮП, ТИЙИШКЕНДИ ЖАКШЫ КӨРӨМ”
– Менин эки жеңем бар. Экөө тең менин курагымда. Улуу агам Нурландын жубайы – Алина, Русландыкы – Кенжегүл. Экинчи байкем Руслан Нурландан биринчи үйлөнгөн. Кенжегүл алгачкы жеңем болгондуктанбы, Алина жеңеме караганда ага жакынмын. Ал биздин бүлөгө 2005-жылы кирген. Анда мен 2-курстун студенти элем. Бирөөнүн бүлөсүнө батуу оңой эмес го. Бирок жеңем тез эле аралашты. Атүгүл мага сырдаш да, курдаш да болуп кетти.
Жеңем дайыма менин бир жоругумду эстеп каткыра берет. Руслан байкем экөөбүз жатаканада жашачубуз. Ал кезде байкем менен жеңем кыз-жигит эле. Бир күнү агамды издеп таппай калдык. Жеңем аябай тынчсызданып алган. Анда телефон деген жок. Досунун үйүндө болуш керек деп ойлоп, экөөбүз издеп чыктык. Маршруткада бара жатсак, бир аз кызып калган киши жеңеме тийишип баштады. Мен кыжырым келип, өзүмдү араң кармап отургам. Анан тиги киши чегинен ашып кеткенде мен да тура калып айдоочуга маршрутканы токтоттуруп, аны сыртка сүйрөп чыгып, сабап салдым. Анда жеңемдин жүрөгү түшүп, бир аз эсине келгенде: “Агаң да мага мынчалык болушкан эмес”,- деп аябай таң калган.
Учурда Руслан байкемдер менен чогуу турам. Кийимим жуулбай, үтүктөлбөй калды деп кам санабайм. Алтындай болгон жеңем айттырбай баарын жасап коёт. Анан жеңемди чымчылап, жоолугунан тартып жүдөтүп, тийишкенди жакшы көрөм. Анда анын кыжыры келип, мени кубалап, экөөбүз күрөшүп кетебиз. Кээде алы келбей калса, суу чачат.
Кандай кыз менен сүйлөшпөйүн, жеңем ал тууралуу билет. Азыркы сүйлөшкөн кызымды жеңем жылдыздуу, бат тил табышып кетет экен деп бир көрүп жактырды. Болочок абысынын “менин сиңдим да, нарындык” деп калат. Мындай мамилелерин колдойм. Анан атаандашкан абысындардан эмес, сырдашкан, кеңешкен абысындардан болушса деп тилейм.


Нурзат Токтосунова, телеалпаруучу:
“ЖЕҢЕМ ЭКӨӨБҮЗ КӨП КЫЛМЫШ ЖАСАГАНБЫЗ”
– Оо, мен деген жеңеге баймын. Беш жеңем бар. Улуу жеңем менден 25 жаш улуу. Кичүү жеңем Ажар жаш болгондуктанбы, ага өзгөчө жакынмын. Ал жаңы келин болуп келгенде мен 5-класста окучумун. Кошуналар “каяктан келин алдыңар?” деп менден сурашса, мурчуюп “баягы эле Түптөн да” деп койгон экем. Себеби беш жеңем тең Түп районунан. Баягы “Келиндер козголоңу” спектаклиндеги кайненеге окшоп “келиндер” деп эле кыйкыра берчүмүн тыкылдап. Ошол мүнөзүмө чыдаган жеңелерим да азамат.
Мен жигит менен сүйлөшүү дегенди билген эмесмин. Агаларым аябай катуу болушчу. Үйдүн короосуна эч бир жигит жолочу эмес. Ажар жеңемдин бир окуясы эсимден кетпейт. Мага айылдагы билимдүү, чет жакта окуп келген жигит сүйүү катын жазып жүргөн, аны жеңем билчү. Бир күнү ал келип, үйдүн сыртындагы отургучта отурса, жеңем “кокуй, тиги отургучта отурат, байкең азыр өлтүрөт” деп менден ашып бушайман болуп жүрөт. Аягында ал жигит “балдарды күтүп отурам” деп агамды алдап коюптур.
Жеңем экөөбүз көп кылмыш жасаганбыз. Алардын көбүн үйдөгүлөр билишпейт. Ал оюнкарак болчу. Экөөбүз ойноп кетип, жеңем жумуштарын бүтүрбөй, ызы-чуу эле болуп калчубуз. Бир жолу апамдар “жаңы туулган кулунду жакшылап карагыла” деп конокко кетишти. Биз аларды “ооба, бара бергиле” деп жөнөтүп, анан оюнга берилип, кулунду унутуп коюптурбуз. Ал байкуш арыктан суу ичем деп тайып түшкөн окшойт, ордунан тура албай өлүп калыптыр. Апам “карабай эмне кылдыңар?” деп жаңжал салганда биз “жылан чагып өлүп калды, биз көрдүк” деп алдаганбыз. Мындай кылмыштардын саны көп.


Азамат Байматов, футболчу:
“ЖЕҢЕМДИ ЖАШЫРУУН ЖОЛУГУШУУГА ЧАКЫРЫП...”
– Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз: Артур агам, мен жана иним. Бизде кыз бала болбогон соң агам үйлөнгөндө сүйүнүчүбүз көккө жеткен. Биз аны жеңе катары эмес, бир туугандай кабыл алдык. Шарипа жеңем 24 жашта. Экөөбүздүн жылдыз белгибиз Жаачы болгондуктанбы, айтор, мүнөзүбүз дал келип, оңой эле тил табышабыз.
Жеңем тамакты мыкты жасайт. Мага анын жасаган салаттары жагат. Биздин үй-бүлө “Оливье” салатын жакшы көрөбүз. Сыягы, агам ошол салатты мыкты жасай алсаң, анан алам деп койгон окшойт (күлүп). Анын колунан даярдалган бүт тамак-ашты тамшанып жейсиң.
Жеңемдин жароокер, акылдуу, агама татыктуу жубай болуп бере аларын алар үйлөнгөнгө чейин эле билгем. Кантип дебейсиңерби? Агам үйлөнөм деп толкунданып үйгө келди, апамдарга болочок жубайын мактап. Анан мен мактаган кызын текшерейин деп Артурдун телефонунан болочок жеңемдин телефон номерин алдым. Ага ашык болгон жигит болуп тийиштим. Кайра-кайра оюм түз экенин, көптөн бери сыртынан жактырып жүргөнүмдү айтып, жолугушууга келүүсүн абдан сурандым. Жок, эч макул болбой, “менин сүйгөнүм бар, ага жакында турмушка чыгам” деп туруп алгандан кийин агама туруктуу жубай болуп берерине көзүм жетти.
Жеңемдин мыктылыгын анын салт-санааны жакшы билгендигинен да көрүүгө болот. Мени азыркы келиндерче атымдан атабай, "бала" деп тергейт. Экөөнүн Адэлина аттуу татынакай наристеси бар. Жакында эле карындашымдын бакчасында чакан майрам болду. Агам бара албай, жеңем менен мен бардым. Бөбөгүмдүн талантына суктана карап, мен да балалуу болгум келип кетти.


Сапар Эркебаев, ырчы:
“ЖЕҢЕЛЕРИМ МЕНЕН АНЧА ЖАКШЫ ЭМЕСМИН”
– Негизи эле кайни менен жеңенин мамилеси жакшы болуп, көпчүлүк жигиттер жеңелери менен сырдаш, дос болушат го. Меники эмнегедир баары тескерисинче. Эки жеңем бар. Улуу агам Бакыттын жубайы – Айнагүл. Ал эми Талант байкем турмушта жолу болбой, үч жолу үйлөндү. Жеңелердин турмушка тыңдыгы жакшы. Бирок ашыкча тың болгонуна кубанбайт деле экенсиң. Тастаңдап, апаңа каяша айтып, сөз кайрып турса, анан кантип жеңең менен жакшы болосуң? Мындай кырдаалдарга учураганда “менин аялым апама каяша сүйлөсө, моюнун жулуп коём” деп өзүмө сөз бергем.
Жеңелерим менен анча жакшы эмесмин. Талант байкемдин экинчи жубайы Эльвира жеңем менен гана башкаларга салыштырмалуу жакшы болчумун. Ал сый-урмат дегенди билчү. Бишкектен үйгө түндө барып калсам да, ысык чайын берүүдөн баш тартчу эмес. Мына ошондой жеңеңдин жакшылыгын көргөндө ичиң жылыйт да. Экөө көпкө чейин наристелүү боло алышпай, кол үзүшүүгө туура келди окшойт. Учурда Талант байкем үчүнчү жубайы Ыкыбал менен өмүр сүрүүдө. Ал жеңемди мен жакшы тааныбайм. Ата-энеме кылган мамилеси берки жеңеме караганда түзүк экен. Ыкыбал жеңем медицина кызматкери болгон соң ата-энемдин ден соолугун карап, каректери менен тең айланып турат. Ошонусуна шүгүр.


Назира Жетигенова, куудул:
“ЖЕҢЕМДИ БИР ТУУГАНЫМДАН КЕМ КӨРБӨЙМ”
– Жеңем Дамира биздин үйгө келин болуп келгенде мен 6-класста окучумун. Агамдын келин алып келе жатат дегенин укканда мен тимеле жасанып алгам. Өмүрү көйнөк кийбеген жаным артист көйнөк кийип, чачымды жасап алып аябай күткөнүм такыр эстен кетпейт. Жеңем келгенде кол узарып, мен такыр жумуш кылбай, оңуп эле калдым.
Чоңоюп бой жеткенде жеңем мага жеңелик милдетин аткарып жүрдү. Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн кезде мени жолугушууга чакырып калды. Апамдан кантип суранарымды билбей турганда жеңем шылтоо таап, "таенемдин үйүнө барам деп айт" деп өзү ишендире айтып, айтор, акыры жолугушууга барып келгем. Үйдөгүлөр билбей калышкан.
Биз Бишкекке келгенибизде жеңемдер да Таластан көчүп келишти. Кандай тамак жегенди кааласак, жеңеме чалып заказ кылып койчубуз. Унчукпай жасап, бизди кучак жайып тосуп алчу.
Кээде байкем менен жеңем урушуп кетсе, баарыбыз жеңем тарапта болчубуз. Ошондо агам чычалап, “силер менин бир тууганымсыңарбы же Дамираныкыбы?” деп ызырынып алып, анан ачуусу тарап кетчү. Алмаз акем 1999-жылы каза болуп калды. Жеңем “эки баланы чоңойтом, башка турмушка чыкпайм” деген. Учурда Орусияда. Аны менен ар күнү болбосо да, күн алыс кабарлашып турабыз. Жагымдуу кабар болсо, мен ага, ал мага айтууга шашылабыз. Капа болгондо бири-бирибизди сооротуп, кеп-кеңешибизди айтуудан баш тартпайбыз. Экөөбүз эч качан кайын сиңди-жеңедей болгон жокпуз. Бири-бирибизге жакын курдаш, насаатчыбыз. Жеңекем акылдуу, сөздү орду менен сүйлөгөн, аткарган ишине так, аябай жакшы адам. Балдарын элден кем кылбай өзү тарбиялап жатканына баа берем. Биз да аларга жардам берип, балдарына төркүн болуп турабыз. Дамира жеңемди бир тууганымдан кем көрбөйм.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
MARAL
2010-08-13 22:52:26
А Менин женелерим ыймандуу,боорукер!!!
0
alexandra
2010-08-14 04:47:40
a men jenem kandai ekenin bilbeym, ozuncho jashap algam
0
Tokmok
2010-08-14 17:23:28
jakshyken. Menda uluu jenem menen jakshymyn, kynks menen symn. Negz sy ele bolgon jakshgo chogu jashaba ele.
0
milli
2010-08-16 19:12:08
Menin jenem tamakty ayabay jakshy jazayt, Kyrgyzstanga bargan sayin, kaalagan tamagymdy jasap beret. Eh, baykem menen aman bolushsun.
0
хулиганка
2010-08-20 02:18:18
Менда кайниме жакшы жене болом ;-).
0
Шаиста Шатманова
2010-09-14 13:02:51
Башынан эле мамилелери жакшы эмес окшойт, эми Сапар агаларынын үйүнө кирбей калбаса болду. Ортодо сый мамиле болгонуна не жетсин?
0
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан