КОЙ (21.03-20.04)
Аптада токтоолук керектелет. Анткени тез чечим кабыл алууну талап кылуучу кырдаалдар көп болот. Башкалардын ишине кийлигишпеңиз. Рулдагылар жолдо жүрүүдө сак болбосо чыр-чатакка кезигүүсү мүмкүн. Алгач таанышканда жакшы таасир калтырган адамга ишеним артпаңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жалгыз калып жумушта, достор арасында болуп жаткан окуяларды талдаңыз. Сизден бирөөлөр бир нерсени жашырып жатышы мүмкүн. Ишиңиз жакпаса, мүмкүн, башка иш издөөнү ойлоносуз. Үйдөгүлөр менен кышка камылга көрүү тууралуу кеңешесиз. Таарынычтар акчаны туура эмес бөлүштүрүүдөн чыгышы ыктымал.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чөйрөңүздө бир адам жадатат, ал сизди жактырып жүргөн адам, же коңшуңуз болушу мүмкүн. Катуу айтып чырдашпай куулук менен кутулуу кажет. Үй-бүлөлүк жашооңузга кийлигишкилери келген туугандарга бөгөт койгонуңуз жакшы. Иште милдетиңиз көбөйөт, жакшы иштесеңиз көбүрөөк акча аласыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07))
Айрымдар айлыгы көбүрөөк кызмат орунга жылуулары мүмкүн. Керектүү буюмду акция боюнча сатып алууңузга мүмкүнчүлүк чыгат. Сизди кызыктырган иш-чарага катышууга чакырышат, барсаңыз олжолуу кайтасыз. Сүйүктүү адамыңыз ар тараптан колдоп кубантат. Тааныштар конокко келүүгө кулак кагыш кылышат, муну каражатыңызга карап чечиңиз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Чоң талкууга түшүп калбоо үчүн чөйрөдөгүлөргө эгоисттик мүнөздү көрсөтө бербеңиз, ошондой эле социалдык тармактарга пикириңизди ойлонуп жазыңыз. Бул өзгөчө амбициясы жогоруларга таандык. Жакындарыңыздан материалдык жардам келет. Эски доско жолугуп, өткөндөрдү эскересиздер.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Учурда кереги жок нерселерди сатып албай, акчаны топтоо сунушталат. Жаңы ишке киргендер өзүнө тиешелүү эмес нерселерге мурдун тыкпоосу оң. Дем алыш күнү үйдө бир жакшылыкты белгилейсиздер же конок келет. Кимдер менен мындан ары баарлашпайм деп чечсеңиз аларды тизмеден чыгарыңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чөйрөдөгүлөрдүн кызыкчылыгы менен болуп, каршы чыкпоо кажет. Болбосо сизге карата чара көрүүнү пландашат. Маселеңиз көп болсо намыс кылбай, керектүү адамдарга кайрылыңыз. Кирешелер менен чыгашаларды эсептеп көрүп, чыгашаларды кыскартуунун жолун табыңыз.
Чоң пландарды түзбөй туруңуз. Анткени күтүүсүз кырдаалдар аны бузат. Андан көрө балдарга, улууларга кам көрүңүз. Кубанычтуу кабар угасыз. Пайдалуу кокустукту өткөрүп жибербөө үчүн жаңылыктардан кабар алып туруңуз. Кооз, жакшы буюмдарды сатып алышыңыз мүмкүн.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көп иштерди бүткөрөсүз, бирок актуалдуусунан бүтпөгөнү баары бир калат. Өзүн жакшы сезбегендерге врачтын текшерүүсүнөн өтүү сунушталат. Аптада бирөөлөр сиздин суранычты аткарып сүйүнтүшөт. Электр буюмун сатып алуу муктаждыгы чыгат. Сырткы келбетти өзгөртүү үчүн достордон кеңеш сурайсыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өзүңүздү сын көз менен карай берүүнү, бир нерселерге үйдөгүлөрдү күнөөлөй берүүнү жыйыштырыңыз. Булар жеке жашооңуздун жакшырышына терс таасирин тийгизет. Алыстан келе турган адамды тосуп аласыз же узатасыз. Бүтпөгөн чарба иштерин бүтүрүү же мал алуу үчүн карыз алууңуз ыктымал.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Өткөн жакшы күндөргө куса болуп отура бербей, жашоону кызыктуу кылууга киришкениңиз оң. Кийим-кечени иреттеп, керектүүлөрдү алууну пландайсыз. Досторго сырыңызды ачпай туруңуз, болбосо арасынан бир-экөөсү оюңуздагыны ишке ашырууга жолтоо болот.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Сизди көп нерселерге үйрөтө турган жакшы адам менен таанышууңуз ишиңизди алга жылдырат. Үй-бүлөлүк бюджетиңиз өсөт. Кыска сапарга бир иштер боюнча чугууңуз ыктымал. Сүйүктүүңүздүн жемесине калбоо үчүн аны кызганууга жеткирбөө, орунсуз сүйлөбөө керек.