"ЖЫЛАҢАЧ БААТЫР": КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ...

SUPER TV каналы уюштурган “Жылаңач баатыр” реалити-шоусу жыйынтыкталды. Анда 14 катышуучунун арасынан суурулуп чыккан күчтүү, чыдамкай, сабырдуу катышуучулар күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул санда Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөн реалити-шоунун кызыктары, жеңиштин даамы тууралуу сөз болот.

10-күн: БУТТАРЫ КАРЫШКАНЧА ДҮМҮРДӨ ТУРУШТУ

Кимдин кайсы жерге турушу алдын ала чүчүкулак аркылуу аныкталып, Шерхан Абкулов, Саниа, Кудайберди Айтбосунов, Айгерим Ибрагимова, Марс Мамаев өз ордуларын табышты. Бул ирет көл да оюнчуларга шарт түзүп бергендей, мелтиреп тыптынч болуп турду.

Буттары талып, ары-бери теңселип жатып биринчи Шерхан, андан соң Марс, Айгерим, Кудайберди сууга кулап түшүштү.



Шерхан Абкулов: – Үйдүн эркеси болгондуктан, кичине эле тамак жок болсо, ызы-чуу кылып жиберчүмүн. Бул жакка келип ачка деле жүрсө болорун билдим. Долбоор мага абдан жакты, өзүмдүн атымды чыгарып, жарнама да жасай алдым.

11-күн: ЧЫДАМКАЙЛЫКТЫ ТЕКШЕРҮҮ

Оюндун эрежеси боюнча, тактайдын бир четине суусу толтурулган чака, экинчи четине катышуучулар отурушуп, колу менен таянбай тең салмактуулукту сакташы керек.

2 мүнөткө жетпей Айгерим, Кудайберди, Марстын буттары талып, онтоп, бүктөлө башташты. Жалгыз гана Саниа сынынан жазбай отурду. 9 мүнөткө жакындаганда катышуучулардын чыдабай баратканын көрүп Саниа “мен үчөөңөрдү жакшы көрөм. Үчөөңөрдүн жеңишиңерди каалайм” деп өз каалоосу менен туруп кетти.

Ушуну менен финалчылар аныкталды. Эми баш байгеге Марс, Кудайберди, Айгерим ат салышмакчы.

Саниа: – Ушул күнгө чейин үчөө тең күчтүүлүгүн көрсөтүп келишти. Чынында, менин бутум ооруган деле жок. Бир аз интрига кылып отура бердим, аягында атаандаштарым чыдабай кетишкенде өз каалоом менен үчөөнө жол бошотуп бердим.

12-күн: КАП МЕНЕН СЕКИРИП, ЖЫЛАНДАЙ СОЙЛОШТУ

Катышуучулар кутучага атайын орундарга тизилген азыктарды (лимон, жумуртка, алма, киви жана башка) кандай иретте жайгашканын алдын ала көрүп, бирден азык алып капка түшүп секирип барып, тартылган жиптин асты менен жөрмөлөп өтүп, азыктарды кутучага алгачкы кутудагыдай тартипте тизиши керек.

Башында жыландай сойлоп, катуу ылдамдыкта жарышкан катышуучулар бара-бара жайлап, чарчап, кап менен секиргенге алы келбей калышты. Оюн жыйынтыкталарына аз калганда Айгерим колундагы жумурткасын жарып алып, утулуп калды. Ошентип, 3-орундун ээси аныкталды.

Айгерим Ибрагимова: – Аябай аракет кылгам. Утулганыма аябай ызаландым. Апам “биринчи орунду алмайын келбе” деген болчу. Эми кантем? Утсам акчаны карыздарга, андан кийин окуума, калганын катышуучуларга бермекмин. 3-орундун 20 миң сомун эми апама гана берем (күлүп).

13-күн: ФИНАЛ



Финалда Марс менен Кудайбердинин колдорун бийикте суюктук куюлган чакага кере байлап коюшту. Ким колун ылдыйга түшүрүп жиберсе, чакадагы суюктук төгүлүп, оюнчу утулмак.Колдору талып, уктап калганча чыдаган Кудайберди 18-мүнөттө колун түшүрүп жиберип, жеңишти Марска алдырып койду.

14 катышуучуну камтып, 14 күнгө созулган сыноолор ошентип, ырчы Марс Мамаевдин жеңиши менен жыйынтыкталды.

Марс Мамаев: – Мен 20 мүнөткө чейин чыдайм деп ойлогом. Колум уктап, муздай баштаган.

Кудайберди Айтбосунов: - Менин сабырым чыдады, бирок колум уктап калды. Жакшы эле чыдап келаткам. Колум такыр эле уктап, эч нерсени сезбей калганда "эмнеси болсо болсун" деп бош койсом, колум түшүп кетти.

14 күндө мен сонун адамдар менен тааныштым, ар кандай адамдарды көрдүм. Негизи утулганды да билиш керек экен, мен утулганды билбейм дечү элем. Мага күйөрмандык кылгандар үчүн рахмат, бирок ишеничиңиздерди актай албай калдым. Утулуп калганда, орусча айтканда, өзүмө “разочарование” болдум. Бирок эч нерсе эмес (ред: көзү жашылданып). Негизи такыр ыйлап көргөн эмесмин... Бирок баарыңарга рахмат!


Гүлжамал Абылкасымова
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тюлендей чумкуган Марс Айгеримди ыйлатты (10-күн)
Кудайберди менен Шерхандын тагдырын Саниа чечти (11-күн)
Финалчылар аныкталды. Кайсы оюнчу өз каалоосу менен кетти? (12-күн)
Жумурткасыз калган катышуучу 20 миң сом утту (13-күн)
Финал. Баш байге кимге буйруду? (14-күн)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
oSporte
2019-10-07 10:17:00
Ырчы пырчысы жок эле карапайым адамдар катышса кызыктуу болмок
0
oSporte
2019-10-07 10:17:28
2 сезонго алжелика самара асел сайкал дегендерди да чакырып койгула
0
tina.kg
2019-10-07 18:22:18
oSporte,алар келбейтда, тойдон эле кунуно 300$ 1000$ таап атса
0
mirkaa5182
2019-10-08 11:10:47
Эми бир жолу эле бардык артистерди чакырып алгыла.
0
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан