Жакында Талас жергесинде I Улуттук көчмөндөр оюндары болуп өттү. Анда көк бөрү боюнча мелдеште Чүй облусунун курама командасы чемпион аталды. Бүгүнкү биздин каарман Чүй облусунун гана эмес, Кыргыз курама командасынын да көзгө басар улакчысы, чабуулчу Сейитбек Анарбек уулу.
"ЫНТЫМАКТЫН" ЖЫЛДЫЗЫ
Туулган жылы – 1992-жыл, 17-декабрь
Туулган жери – Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы
Бою – 173 сантиметр, салмагы – 79 килограмм
Амплуасы – Чабуулчу
Жетишкендиктери – Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3 жолку чемпиону, I Улуттук көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү
Үй-бүлөлүү. Келинчеги менен бир уул жана бир кызды тарбиялап келишет.– Сейитбек мырза, сиздин оюндарыңызды карап, көк бөрү үчүн төрөлгөнбү деген ой келет. Көк бөрүгө болгон сүйүү балалык кезде эле башталганбы?
– Ата-тегим, бир туугандарым бардыгы улакчы. Андыктан улак тартпай коюу мен үчүн мүмкүн эместей сезилет. Алла Таала берген талантты колдонушум керек. Мен бул спортту өзүм жактырып, тандап алгам жана эч качан көк бөрүнү таштай албайм. Атамды, агаларымды ээрчип жүрүп, бул спортко болгон кызыгуум бала кезде эле күчөгөн.
– Канча жашыңызда республикалык деңгээлдеги чоң мелдештерге катыша баштадыңыз?
– 2009-жылы атам мени “ГУБДД” деген командага алып барып алардын катарына кошкон. Ал кезде мен 15 жашта болчумун. Ошол команда менен алгачкы жолу борбордогу “Аккула” ат майданына чыгып, улак тарткам. Андан кийин “Кожомкул”, “Рассвет”, “Кабылан” деген командаларда ойноп келдим. Учурда Талас облусунун “Ынтымак” командасынын чабуулчусумун. “Ынтымакка” 2014-жылы Нооруз майрамына карата өткөн мелдеште келип кошулгам. Команданын жетекчиси
Талас Бегалиев өзү чакырган. 5 жылдан бери келишимдин негизинде “Ынтымакта” ойноп келем.
– Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө арналган мелдештин финалында акыркы секунддарда "Достук" командасына жеңилип калдыңыздар... Канчалык өкүнүчтүү болду?
– Бул мелдешти жеңсек деп аябай даярданганбыз. Бирок кубок “Достук” командасына буюруптур. Биз үчүн, өзгөчө мен үчүн бул жеңилүү оор болду. Акыркы мүнөттөрдө улакты көтөрүп келе жатып атым жыгылып кетти. Жыйынтыгында каршылаш команданын оюнчулары улакты илип кетип, жеңиштик салымды 25 секунд калганда салып коюшту. Бул окуя спорттук карьерамдагы эң ызалуу учурлардын бири болду. Ал беттешти көпкө унута албай жүрдүм.
– Жеңилүүнүн артынан сөзсүз жеңиштер келет. Эсиңизде калган маанилүү жеңиштерден кеп кылсаңыз.
– Спортто сөзсүз түрдө бир эле жеңүүчү болот. Андыктан утканды да, утулганды да билиш керек. Эсте калган оюндардын көпчүлүгү “Достук” командасы менен болгон беттештер. Анткени ал команда менен оюндар абдан курч мүнөздө өтөт. Жыйынтыгы да көбүнчө 2:1, 8:7, 1:0 деген эсептер менен аяктайт. Оюндун тагдырын бир улак чечип койгону, албетте, күйөрмандардын да бүйүрүн кызытат.
Жогоруда Эгемендүүлүк күнүнө арналган мелдеште жеңилип, ызаланып калдым деп айтып кеттим го. Бир ай өтпөй Улуттук көчмөндөр оюндары өтүп, мен ойногон Чүй облусу чемпион болду. Бул жеңиш ошол Эгемендүүлүк майрамындагы жеңилүүдөгү ызаны жокко чыгарды. Негизи спортто жеңип эле турган жакшы да (күлүп).
– Спортто жаракат болбой койбойт. Бир жолу беттеш учурунда эсиңизди жоготуп койгонуңуз күйөрмандардын эсинде. Ошондон кийин “болду спорттон кетем” деген жок белеңиз?
– Бардыгы Кудайдан, басып баратып деле жаракат алып калышың мүмкүн. Ошондуктан жаракат алып калам деп сүйгөн оюндан баш тартуу туура эмес. Сиз айтып жаткан оюн өзүмдүн эсимде деле жок. Эсимди жоготуп койгон учурду кийин видеодон көргөм. Албетте, жаракат алгандан кийин бир аз коркуу сезимдер пайда болот. Бирок жаракат бир аз айыгып калганда кайра эле жан дүйнөң улакка тарта баштайт. Мисалы, жай мезгилинде мелдештер токтоп, улак тартпай калган кезде кадимкидей сагынып, буулугуп каласың.
– Эр жигитке 70 өнөр аздык кылат дейт. Билишимче, Сейитбек мырза көк бөрүчү гана эмес, мыкты саяпкер дагы...
– Кичинекей кезде мелдештерде, тойлордо ат чапчумун. Ошондо мен чапкан күлүктөрдүн ээлери, саяпкер байкелер мага өз тажрыйбаларынан бөлүшкөн. Ошентип мелдештерге чыгып, кээде өзүм атты даярдап отуруп саяпкерликти үйрөнүп алгам.
– Кээ бир улакчылар бир ат менен ойноп, ошол күлүк менен жылдызы жанат. А сиз карьераңызда Кобра, Кара-Куш, Торнадо, Ак-Тилек деген аттар менен оюн көргөзүп келесиз. Булардын бардыгын өзүңүз таптайсызбы?
– Жеке пикиримде, улакчы болгондон кийин ар кайсы атты минип, оюн көргөзүш керек деп эсептейм. Себеби ар кандай кырдаалдар болуп калат. Мелдеш жүрүп жатканда оюндар катары менен болуп, ат чарчап же жаракат алып калышы мүмкүн. Демек, улакчы баарына даяр болушу шарт. Бир атка көнүп алсаң жаман. Анткени башка атты минип, аны менен ойноп кетиш кыйынчылык жаратат. Мен башында эле ар кайсы атты чаптырып көнүп калгам. Кара-Куш менен Торнадо “Ынтымак” командасынын аттары. Ал эми Кобра менен Ак-Тилек меники. Аларды өзүм таптап, оюндарга даярдайм.
– "Ынтымак" командасында ойноп жүргөнүңүзгө 5 жылдай болуп калды. Ошол аралыкта “эмнеге Чүйдүн командасында ойнобойсуң?” деп сындагандар көп болсо керек.
– Беш жыл аралыгында ар кандай сындар айтылды. Албетте, эмнеге “Чүйдүн командасында ойнобойсуң?” деген сындар арбын болду. Азыр деле андай сөздөр айтылып келет. Бирок ар бир нерсенин убакыт сааты келет. Убагы келгенде Чүйдүн намысын дагы коргойбуз.
– Кийинки жылы “Ынтымак” командасында эле каласызбы же башка командалардан сунуштар түшүп жатабы?
– Толук маалымат бере албайм. Себеби кийинки сезон башталганча дагы убакыт бар. Учурда башка командалардан сунуштар келип жатат. Бирок ал жөнүндө азырынча ойлоно элекмин.
– Көк бөрүдө дагы футболдогудай келишимдер түзүлөбү? Улакчылардын айлыктары канча?
– Көпчүлүк келишимдер бир жылга түзүлөт. Анткени жылдын башындагы алгачкы мелдеште кайсы командада ойносоң жылдын аягына чейин башка командага ойной албайсың. Негизи келишимдер 1 жылга же 2 жылга 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин түзүлүшү мүмкүн.
– Кыргыз өлкөсүнүн Көк бөрү федерациясы улуттук курама команда Өзбекстанда боло турган Дүйнө чемпиондугуна барбайт деген чечим чыгарды. Буга кандай көз караштасыз?
– Кыргыз өлкөсү эл аралык мелдештерге катышабы же жокпу аны Көк бөрү федерациясы чечет. Алардын ишине биз кийлигише албайбыз. Учурда ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Айрымдар "мелдеш казактардын эрежеси менен өтүп, тай казаны жок оюн болот экен" деп айтып жатышат. Бирок азырынча мелдеш кайсы эрежелер боюнча болору белгисиз. Демек, биз федерациянын чечимин күтөбүз. Баргыла десе барабыз, барбагыла десе барбайбыз.
– Үй-бүлөңүз тууралуу сөз кылсак. Сиз 17 жашыңызда үйлөнгөнсүз. Эрте үй-бүлө куруунун артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу айтсаңыз.
– Туура, 17 жашымда үйлөнгөм. Эрте үйлөнгөндүн мен үчүн пайдасы чоң болду. Анткени азыр жанымда алтындай жубайым, эки балам бар. Кызым 9, балам 5 жашта. Учурда үчүнчү наристебизди күтүп жатабыз. Ушунун өзү бакыт эмеспи. Келинчегим менен чогуу түтүн булатканыбызга 10 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта ал эч качан “көк бөрү ойнобо” деп каршы чыккан эмес. Тескерисинче, дайыма колдоп келет. Эрте турмуш курсаң жашоонун өйдө-ылдыйын, маанисин да эрте түшүнөт экенсиң.
– Жубайыңыз аман-эсен көз жарып алсын. Бактылуу болуңуздар!
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg