Мындан 4-5 жыл мурун мырзалар, кыздар деле сулууларга суктанып калышкан. Себеби ал учурда үтүктү сайсаң деле Кубаныч Ажыбаевдин “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ыры жаңырчу. Ыр кандай жаралган, автор менен ырчы эмнеге чырдашкан? Убагында хитке айланган ырдын көшөгө артындагы “жашоосу” тууралуу айтып беребиз.
Кубаныч Ажыбаев, ырчы: «ЫРДЫ РАДИОДОН АЛДЫРЫП САЛАМ ДЕГЕМ»
– Кубаныч мырза, сизди калың журтка тааныткан “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырды кандайча аткарып калдыңыз?
– 4-5 жыл мурун болсо керек, Аскат Мусабековдун концерти менен Нарынга барып, актёр, режиссёр Кенжекул Мендебаировго жолуккам. Ал “ыр бар, угуп көрчү” деп сунуштаган. Сөзү аябай жакты, обону “частушкага” окшош экен, кичине обон кошуп алып, Мирлан Ниязовго аранжировкалатып ырдап чыктым. Ага чейин агайдын “Кечирип кой” деген ырын ырдагам.
Алгач ырды тойлордо ырдайм деп жаздыргам. Элге тарагандан кийин ыр өзү эле радиого жетип калыптыр. Ага чейинки берген ырларымды чыгарышчу эмес. Ыр чыккандан 1 жылдан кийин эл арасында хит болуп кетти. Азыр деле “ырдап берчи” деп сурай беришет. Өмүрү узун ыр болду.
– "Ырдын обону өзүмдүкү" деп айтканыңыз чынбы?
– Кенжекул Мендебаировдун ырдала турган ырлары көп болчу. Ал кишинин мени обонун "өзүнүкү кылып алды" дегенин угуп, таарынып ырдабай койгом. Жадакалса аталган ырды радиодон алдыртам деп чыккам. Бирок радиодон “ушул ырды коюп бергиле” деп сурангандар көп болгондуктан алдырышкан жок.
Мага чейин “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырды ал көп ырчыларга сунуштаптыр. Аны аранжировкалап, элге чыгаргандан кийин ичи тарып калдыбы, айтор, мени "сотко берем" деп чыкты. Жогоруда айткандай, алгачкы варианты “частушкага” окшош болчу, аны мен иштеп чыккам. Бирок обону меники деп айткан эмесмин.
– Бул ыр мени багып жатат деп айтып каласыз. 5 жылдан бери багып келатса, жакшы эле ийгиликтүү болуптур да?..
– Радиого берген интервьюмда “бул ыр мени багып жатат” деп тамаша иретинде айткам. Чынында мен 2003-жылдан бери тамадалык кылып келем. Бул ырга чейин эле темир тулпар, үй алгам. Мени эл тамада деп билет. Тойго барганда суранып ырдатышат, аны танбайм. Албетте, ырды чыгарган да жакшы, бирок аны элге жеткирген адамды деле баалаш керек. Авторлор ошону туура түшүнбөй таарынышат.
Бир адамды бир ыры таанытат экен. Андан кийинкилер чыкса да биринчи ырдагыдай болбойт. “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырдан кийин бир нече ыр жаздырдым, болбой эле аталган ырды сурай беришет.
Жолочу Рысбаев, акын: «ЫР КУБАНЫЧ ҮЧҮН ЖАРАЛГАНДАЙ»
Жолочу Рысбаевдин калемине таандык “Акым бар” аттуу ыр мындан 15 жыл мурун жазылган. Акын ал ыр хит болмок тургай обон жазылат деп күтпөгөнүн айтат.
– Агай, “сулууларга суктанган” ырыңызды качан жаздыңыз эле?
– Ырды “40 жашымда мен мынчалык көппөгөм” деп жазганыма караганда, 50 жашымда жазсам керек. “40 жашымда деген” жерин Кубаныч Ажыбаев 30 деп өзгөртүп алыптыр. Аны “эмне 30 деп оңдоп койдуң?” десем, “мен 40 жашка чыга элекмин да” деген (күлүп). Ал айрым жерлерин ошентип өзүнө ыңгайлаштырып алыптыр.
– Мындай ыр саптарынын жаралышына ким же эмне түрткү болду эле?
– Байбичеңиз ырларыңызды билеби деп сурагың келип жатабы? Албетте, ырларымдын баарын байбичеме окуп берем. “Сулууларга суктанууга акым бар” деп ыр жазсам эле өзгөрүп кетмек белем? Байбичем мени жакшы билет да, чыгармачылыгымды туура эле түшүнөт.
Мен акынмын, калем кармайм дегендер махабат, сүйүү темасынан кыя өтпөйт. Мен деле алардын катарында бул темага кайрылгам. Ырды атайын бирөөгө деле арнап жазган эмесмин. Жөн эле отурсам 1-2 сабы оюма келди.
Баарын башымда бышырып жүрүп, бир күнү отура калып 1-2 саатта кагазга түшүргөм.
– Ырыңыздын багы качан ачылды?
– Көп болуп калды, бир күнү Кенжекул Мендебаиров мага чалып, обон жазганын айткан. Бирок анын ыр болуп чыкканын билген эмесмин. Бир күнү ырчы Анарбек Ибраев “жакшы ыр чыгыптыр, уксаңыз” деп калды. Ошол боюнча аңдып жүрүп ырды жарым жылдан кийин уктум. Ыр аябай жакты. Өзүм Кубанычты таап, байланыштым. Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум” деген ырын маркум Элмира Кайып кызынан артык эч ким ырдай алган эмес. Ошол сыңары “Сулууларга суктанууга акым бар” аттуу ырды канчасы аткарса да, Кубанычка жеткен жок. Ыр Кубаныч үчүн жаралгандай.
Кызыгы, муну көрүнгөн ырдап, “автору менмин” дегендер чыгып жатыптыр.
– Ырга обон чыгат деп күттүңүз беле?
– Ырга обон чыгат деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Убагында жазылып, китепке басылып, унутулуп калган эле. Китептерде аталышы “Акым бар” деп чыккан. Аны кийин “Сулууларга суктанууга акым бар” деп калышпадыбы.
Кенжекул Мендебаиров, обончу: «КУБАНЫЧ ЫРДЫН АВТОРУМУН ДЕП ЧЫКТЫ»
Ырдын обонун белгилүү актёр Назым Мендебаировдун атасы Кенжекул Мендебаиров жазган. Обончу ырдын аткаруучусуна нааразычылыгын да айта кетти.
– Мен 1962-жылдан бери обон чыгарам. Бир ирет казак акыны Олжас Сулейменовдун китебин окуп отуруп “Кызганбачы, көзүмдү кызганбачы” деген аялына жазган ырын окуп калдым. Анда “сулуулар өтөт, мен сулууларды карап каниет кылам, а сен жаман көзүң менен карайсың” деген мааниде жазылыптыр. Ошондо ушундай ыр болсо деп ойлоп калгам.
Бир күнү көчөдө баратсам жерде айрык гезит жатыптыр. Алып окусам, Жолочу Рысбаевдин интервьюсу бар экен. Аягында “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ыры туруптур. Көктөн издегеним жерден табылып, баса калдым. Өзүм да сулуулукту, назиктикти жакшы көрөм. Үйгө келип пианиного отура калып 4-5 күн обонун иштеп чыктым. Өзүмдүн да кичине өпкөм жогураак, ырдайм деп чыктым (күлүп). Байбичем болсо “жакшы обон экен. Бирок, сакалың өрттөнгүр, кантип ырдайсың? Балдарың эмне дейт? Кыздарың, келиндериң эмне дейт?” деди. Ошол боюнча таштап койгом.
Ага чейин Кубаныч Ажыбаев “Кечирип кой” аттуу ырымды сурап алып, ырдап жүргөн. Бир күнү “байке, дагы бир ыр бербесеңиз болбой калды. Элден кечирим сурап эле жүрө беремби?” деп келип калыптыр. Ошондо “Сулууларга суктанууга акым барды” ырдап берсем, чап кенедей жабышты. Эки жумадан кийин ыр тарап, элдин баары сулууларга суктанып жатып калышты (күлүп).
Ыр чыккандан кийин ал “Кечирип кой”, “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырлардын авторлошумун” деп чыкты. Аябай таарындым. Аны менен чырдашып кеттик. Балдарым ага жолугуп, “уят эмеспи?” деп айтышыптыр. Ошондон кийин мени айтып калды. Кубаныч мени элге тааныттым деп жатпайбы. Эл ага чейин эле мени таанычу. Эми ооз аныкы да...
Негизи Кубаныч менин окуучум болот. Мен Нарын театрында спектакль коюп, ага Тайлак баатырдын ролун бергем. Аябай сонун ойногону үчүн “актёрлукка тапшырбайсыңбы?” десем, болбой эстрадага кетип калды.
Кубаныч “Сулууларга суктанууга акым бар” аттуу ырды ырдагандан кийин байбичем “сен да ырдасаң болмок” деп аттиң кылып калды. Ага “сен менин убалыма калдың” деп тамашалап калам.
Азыр концерттерде аталган ырды суранып ырдатышат. Мен Кубанычтай болуп бир жерге туруп алып ырдабайм, сахнада бийлеп ырдайм.
Кубаныч Ажыбаев
«СУЛУУЛАРГА СУКТАНУУГА АКЫМ БАР»
Сөзү: Ж.Рысбаевдики
Обону: К.Мендебаировдуку
Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм,
Суктанамын, көз электен өткөрөм.
Жылмаңдаймын баарысына тийишип,
Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм.
Кайырма:
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, менде да бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм.
Оолукканды сурабагын, айтпагын,
Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм.
Кайырма:
Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып,
Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм.
Кайырма:
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg