Учурда К-рор музыкасы, дорамалары дүйнөнү каптап баратканы талашсыз. Миллиондогон күйөрман күтүп, сахнада жаркырап жүргөн жылдыздардын көшөгө артындагы түйшүгү канчалык экенин көпчүлүк биле бербейт. #MeeToo (#МенДагыАйтсамБолобу #МенАйтканданКоркпойм) 2017-жылы бул хештег Голливудду титиреткен. Голливуд жылдыздары: ырчы Мадонна, актрисалар Анжелина Жоли, Гвинет Пэлтроу, Кара Делевинь, модель Жейн Доу жана башка 70тен ашык аял белгилүү кинопродюсер Харви Вайнштейнди «роль берем, атактуу актриса, ырчы кылам, жумуш менен камсыздайм» деген шылтоо менен сексуалдык зомбулук кылганын айтып чыгышкан. Зомбулукка кабылганын айткан аялдардын чынжыры уланып отуруп, «Forbes» басылмасынын эсеби менен 700гө жакын аял коомчулукка сексуалдык зомбулукка туш болгонун жарыялашкан.
Дал ушундай эле маселе Түштүк Кореяда да абдан өнүккөн. Маданият тармагына келсек, өзгөчө жаңыдан актрисалыкка же ырчылыкка кадам таштаган кыздар чыгармачылыгынын өнүгүүсүнө салым кошом дегендердин курмандыгына айланышат. Бири бул кордукка чыдап жашап келсе, экинчиси өз өмүрүн кыйып, анын себеби «депрессия, стресс» деп аталып кала берет. Албетте, бардыгы дегенден алыспыз, бирок мындай мисалдар аз эмес. Төмөндө сексуалдук зомбулукка кабылгандыгын ачык айтып чыккан корей шоу-бизнес өкүлдөрүнө токтолобуз. Ali, ырчы: «ЖААГЫМ СЫНГЫЧА БЕТИМЕ МУШТАЙ БЕРИПТИР...»
Мен чыгармачылыгымды топтун курамында баштагам. 2008-жылдын июнь айы эле, ошол топтогу музыканттардын бири мени катуу сабап салды. Башка, бетке муштап жатканын билем, анан эс-учумду жоготтум. Жаак сөөгүм сынып, мээм чайкалгыча бетиме муштай бериптир... Ошол абалымда ал адам мени зордуктады. Көп убактым дарыланууга кетти. Бирок ошол коркунучту башынан өткөргөн адамдын акыл-эси өмүр бою кыйналарын, дарыдан айыкпай турганын ырымда айткым келген.
Ал адам кармалды. Биринчи соттук отурумда 2 жыл абакта отуруу жана 200 саат коомдук иштерди жасоо жазасы чыккан. Күлкүлүү жаза. Бирок кийинки соттук отурумда күбөлөр жана далил жок деп, 2 жыл абакка отуруу чечими жокко чыкты. Канча апелляциялык арыз менен кайрылдым, бирок соттун чечими өзгөргөн жок».Чан Жа Ён, актриса: «БУЛ ШАЙТАНДАРДАН МЕНИ ӨЛҮМ ГАНА КУТКАРАТ ОКШОЙТ...»
Актриса 2005-2009-жылдар аралыгында кайсы убакта, кайсы жерде, кандай зомбулукка кабылганын, агенттигинде иштеген менеджери сабап, режиссёрлордун, шоу-бизнес тууралуу жазган журналисттердин, саясатчылардын алдына салып бергенин жазып жүргөн. Карьерасы үчүн барып жаткан бул кордук түгөнбөгөнүн айткан ал «Мен бардык оорудан кутулгум келет... Суранам, мен үчүн өч алгылачы! Мындан ары чыдай албайм, башка жол таппай калдым. Бул шайтандардан мени өлүм гана куткарат окшойт. Тирүүмдө өч ала албасам да, өлгөндөн кийин өч алам. Мага жардам бергилечи... Мен алардын тизмесин жаздым. Эң жогорку жаза өтөшүн каалайм...» деп акыркы катын жазган да, тааныштарына чогулган каттарды жөнөтүп жиберген.
Бул окуяда 30дан ашык адамдын аты аталып, 80ден ашык адам суракка чакырылган. Бирок тергөөнүн жыйынтыгы менен 9 адамга гана иш козголгон. Алардын үчөө актриса иштеген агенттиктин кызматкерлери болсо, 2 кинорежиссёр, 3 банкир жана 1 жеке ишкер болгон. Арадан 10 жыл өтсө да, бул иш боюнча тергөө дагы деле уланууда.Бэк Жи Ён, ырчы: «БУЛ ОКУЯ МАГА КҮЧТҮҮ БОЛУУГА САБАК БОЛДУ»
Бул окуя Бэк Жи Ёндун карьерасына чоң сокку эле. Ал 5 жыл бою аракет кылып, бирок коомчулуктун колдоосун тапкан эмес. «Бир даана угарманым болсо да ал үчүн ырдай берем» деген ырчы көп кыйынчылыктан өткөн. 2006-жылы гана кайрадан аны кабыл алып, ишенген күйөрмандары Жи Ёндун талантын, чыгармачылыгын колдоого алышкан.
Журналисттин «Эгер өткөнгө барып, жагымсыз окуяны өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болсо, өчүрөт белеңиз?» деген суроосуна ырчы «Эч нерсени өзгөртпөйт болчумун. Бул окуя мага күчтүү болууга сабак болду. Кыйын мезгилде адамдын жүрөгүнө чейин жете турган, жан дүйнөсүн дарылай турган ырчы болуума түрткү болду» деп жооп берген.
Бул ирет сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгондорго токтолдук. Ал эми кийинки сандарда зордукчу аталган корей жылдыздары тууралуу маалымат беребиз.
Асыл Орозбекова
star@super.kg