АСЕМАНЫ КҮЛДҮРҮП, ЭЛИЗАНЫ ЫЙЛАТКАН КАСТИНГ

Тамаша тор

Окурмандарга дагы бир жолу күлкү тартуулагыбыз келип, "Тамаша торубузду" жайдык. 50 миң доллар гонорарга кызыккан Асеманын жана ди-джей кыз Элизанын жоруктарына өзүңүздөр күбө болуңуздар.

Алгач актриса Асеманын продюсерине чалып, Түркия, Казакстан, Кыргызстан биргелешип кино тарта тургандыгын кабарладык. Башкы ролго кыргыз кызы керек экенин, ага Асема тандалганын продюсерине айтып, тезинен "MediaStar" продакшн студиясына келишин өтүндүк. Кирип келген Асеманы түрк улутундагы Шамил бей менен тааныштырып, режиссёр Сүйүн Откеев сүйлөшө баштады.

– Асема, бул эл аралык фестивалдарга даярдалып жаткан фильм. Эми болгон аракетиңди аябай, талантыңды көрсөт. Баса, бул жактан канча гонорар аласың?
– Мм... Ал жагын мен сүйлөш­пөйм, продюсерим сүйлө­шөт.
– Эгерде тартылып калсаң, гонора­рың 50 миң доллар болот. Кино өзү 60 миллионго тартылып жатат.
– Ачык кадрлар да барбы?
– Эми анча-мынча бар десек да болот.
– Ой, жок, жок, мен анда тартылбайм.
Асема таптакыр макул болбой турганын байкап, режиссёр анын талабына көндү.
– Эми кастингдин эрежелери боюнча аябай жиниңди келти­ресиң. Өзүң жакшы көргөн жаныбарларды туурайсың, анан мушташасың, акырында ыйлай­сың. Анда баштадык.

"Тамаша торду" уюштурууга жардам берген "MediaStar" продакшн студиясына жана режиссёр Сүйүн Откеевге ыраазычылык билдиребиз.

Асыл Орозбекова, Нуржамал Жийдебаева,
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
sani
2010-08-13 20:06:21
baikushtar
0
Замира
2010-08-13 20:18:00
xa xa chyn ele baikushtar
0
Адам
2010-08-14 00:53:28
Видеосун коюп койгулаа, көрүп алып жыргайлык.
0
Akjol
2010-08-14 03:21:36
Видеосун коруш керек экен,кочуросуздорбу?
0
Bellina
2010-08-14 04:04:09
baikuwtadi a9bai kuinaptirsinar go.. xa xa
0
adilxx
2010-08-14 13:17:56
"super info" siler supersiner!dagy aldyga oso bergile! videonu ko4urosunorbu?
0
MARAL
2010-08-16 22:19:11
мдаааа окуп алып артистер деп ушуларды айт деп койдум!!!
0
maradona
2010-08-17 13:11:17
ха ха ха ой олтургон турбайсынарбы?
0
aiklaus
2010-08-17 20:45:54
Gasetanyn myndai tamasha kyluuga akylary barby negisi?
0
Шаиста Шатманова
2010-08-19 09:23:24
Ошон үчүн "тамаша тор" да...
0
ayzyrek89
2015-08-31 18:31:06
Сиздин шымыныз шыпырылып калды дейли дейго;)
0
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан