Футбол боюнча Кыргыз курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарында 10-октябрда өз үйүндө Мьянма менен кез келет. Ал эми 15-октябрда Монголия курамасы менен Улан-Батор шаарында беттешет. Кыргыз курамасын колдоо максатында «Супер-Инфо» гезити менен SUPER.KG порталы Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте 6-октябрь күнү футбол турнирин уюштурду. Ага саясатчылардан, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн, көк бөрүчүлөрдөн жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда катышты. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган бул турнирдеги кызыктарды айтып беребиз.
Турнирдин ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматовго сөз берилип, ал өз сөзүндө бул иш-чара улуттук курамдын духун көтөрүп, ийгиликке умтулууга чоң түрткү болорун белгиледи.
Кыргыз курамасы алдыдагы жоопкерчиликтүү оюнга даярдык көрүп жаткан учуру. Турнирге команданын оюнчулары Азамат Байматов менен Эдгар Бернхард атайын конок болушту. Кубокту талаага көтөрүп чыккан футболчулар чүчү кулак тартышып, беттеше турган командаларды аныктап беришти. Алгач саясатчылар журналисттерге каршы ойномой болушту. Ал эми көк бөрүчүлөр шоу-бизнес өкүлдөрүнө кез келди.
«Журналисттер» vs «Саясат»: эсеп 7:4
Саясатчылар менен журналисттердин беттеши кызуу башталды. Атаандаштарынан бир топ улуу болгонуна карабай саясатчылардын активдүүлүгү көпчүлүктү таң калтырды. Алгачкы гол журналисттерден болгону менен, «Саясат» командасы жоопту көпкө күттүргөн жок. Алгачкы ийгиликти өз командасына Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров алып келди. Бул беттеште Абиров хет-трик жасоого да жетишти. Ал эми журналисттер командасынан Темирлан Владислав уулу мыкты оюн көрсөттү. Оюн талаасында эң көрүнүктүү оюнчулардын бири болгон Темирлан дубль жасоого жетишти. 7:4 эсеби
менен журналисттер саясатчыларды жеңип, финалга жолдомо алышты.
"Саясат" командасы: Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Жыргалбек Турускулов, Умбеталы Кыдыралиев, Жаныбек Бакчиев, Бактыбек Сыдыков, Улан Примов, Ильхом Маннанов, Айбек Алтынбеков, Жанар Акаев, Пархат Тулендыбаев, Марлен Маматалиев, өкмөт өкүлдөрү Улукбек Кочкоров, Нурлан Ражабалиев, Мирлан Парханов, саясатчы Равшан Жээнбеков, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев.
Журналист Адилет Керимбеков: – Каршылаш командада көбүнчөсү жашы улуулар экен. Биринчи таймда аларды сыйлап, жай ыргакта ойнодук. Абиров бизге гол киргизгенден кийин чабуулдарыбызды күчөтүүгө туура келди. Футбол талаасында Улукбек Кочкоровго карата бир аз орой ойноп койдум, андан кечирим сурайм. Бул оюнду утабыз деп ишенгенбиз, талаада ошондой эле болду.
Жаныбек Абиров: – Утайын деп келгенбиз. Голду чоң аракет менен киргиздик. Өзүңүздөр көргөндөй, «Журналисттер» командасы жалаң эле жаш балдардан түзүлүптүр. Биздин командада эң улуусу 58 жашта, көпчүлүгү 40 жаштагы агалар. Бирок биздин команда жакшы күч көрсөттү.
«Көк Бөрү» VS «ШОу-бизнес»: эсеп 1:0
Кезек «Шоу-бизнес» менен «Көк бөрү» командасына келди. Алардын кимиси жеңишти илип кетет деген суроо оюн аягына чейин көрүүчүлөрдү кызыктырды. Оюн жогорку чыңалуу менен башталды. Көк бөрүчүлөрдүн күйөрмандары кыйкырык-сүрөөн менен командасын алга сүрөштү. Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн түзүлгөн команда 11 жылдан бери футбол талаасында. Оюн башталганга чейин эле алар көк бөрүчүлөр менен кез келүүнү тилеп жатышкан. Кыязы, аларды утуп алуу жеңил болот деп ойлошкон.
Айыгышкан мелдеш күтүүсүз жыйынтык берди. Жогорку чыңалуудагы оюн 1:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Бул дагы автогол. Жеңүүчүлөр – көк бөрүчүлөр. Белгилей кетчү жагдай, жеңген команда эртең оюн деген түнү ар кайсы облустардан келип чогулгандар. Даярдыксыз талаага чыгып, мыкты жыйынтык көрсөтүштү.
Сейитбек Анарбек уулу:
– Утканыбызга кубанып жатам. Баары эле «Шоу-бизнес» командасы мыкты дегенинен ушул команда менен ойногубуз келген. Эл көк бөрүчүлөр футбол ойной албайт деп ойлошкон окшойт. Бирок биз күнүмдүк жашообузда күндө эле футбол ойноп жүрөбүз.
Мирбек Масалиев:
– Кандай гол болгонун көрдүңүздөр. Биздин дарбазачы топту тосуп калып, артка жылса, көк бөрүчүлөрдөн бирөө түртүп салды. Менин оюмча, калыс штраф бериши керек болчу. Бирок автогол деп эсептеп койду. Бир чети өзүбүзгө ишенип, каршылаштарыбызды баалай албаптырбыз.
«Шоу-Бизнес» VS «Саясат»: эсеп 5:3
3-орун үчүн беттеш бул турнирдин фаворити болгон «Шоу-бизнес» командасы менен саясатчылардын ортосунда орун алды. Саясатчылар жакшы чабуул менен оюнду башташты. Жаштардан куралган тажрыйбалуу командага алардан бир топ улуу саясатчылар татыктуу жооп кайтарып жатышты. «Саясат» командасы «Шоу-бизнестен» кем калбай, атаандашынын дарбазасына 3 гол киргизүүгө жетишти. Эсеп 5:3. Коло байгеге «Шоу-бизнес» командасы ээлик кылды.
Бегиш: – Биз 1-орунду мээлеп келгенбиз. Жакшы оюн көргөздүк. Даярдыгыбыз да жакшы болчу. Көк бөрүчүлөр менен ойногондо калыстар тобунун катасы болду, бизге бир гол кирип кетип утулуп калдык. Саясатчы байкелер менен сый-урматта ойнодук. Утуп жатып тырышып көп гол киргизе бербейли деп айрым учурда аларды өткөрүп коюп жаттык.
Узарбек Жылкыбаев:
– Оюн жакшы маанайда өттү. Спортто ошондой да, топ тоголок, күчтүүсү утат. Күчтүүлөр утту. 20-25 жаштардагы балдар менен ойнодук. Өзүбүздү уткандай эле сезип турабыз. Кыргыз курама командасынын алдыдагы оюндарына ийгилик каалайбыз.
«Көк бөрү» VS «Журналисттер»: Эсеп 4:1
Финал. Улакчылардын бүйүрүн кызыткан учур. Эсепти журналисттер ачышты. Бирок кийинки голдор катары менен журналисттердин дарбазасын көздөй максаттуу багытталып жатты.
Жыйынтык көк бөрүчүлөрдүн күчтүү экенин тастыктады. Айбек Раис уулу, Руслан Султановдун голдору жана Майрамбек Рыспеков жасаган дубль команданы түз эле биринчиликке жетеледи. Эсеп 4:1. Жеңишти «Көк бөрү» командасы илип кетти. Футбол аянтчасы шаңга бөлөнүп, «Көк бөрү» командасынын күйөрмандарынын кубанычында чек жок.
Рустам Тыналиев: – Утабыз деп күткөн эмеспиз. Катышалы деп эле келгенбиз. Жеңиш биз жакта экен, кубанып жатабыз. Биринчи оюнда «Шоу-бизнес» командасы менен кез келгенде көнө албай бир аз кыйналдык. Журналисттердин командасы менен болгон беттеште оюнга көнүп, ким кандай ойноорун түшүнүп калганбыз.
Темирлан Владислав уулу: – Көк бөрүчүлөрдүн кара күчүн көргөндөн кийин оюнга болгон каалоом төмөндөй түштү. Алардан корктум. Анткени буга чейин саясатчылар менен оюнда бутумду жабыркатып алгам. Ошол себептүү алардан качып ойногонго туура келди. Биринчи орун алабыз деп өзүбүздү даярдаганбыз. 2-орунга да шүгүр.
Сыйлык тапшыруу аземи
«Шоу-бизнес» командасы 3-орунду ээлеп,
10 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Өз күчүнө ишенип, жеңишке жетүүнү көздөп келген команданы бул ирет жыйынтык канааттандырбаган өңдүү.
«Журналисттер» командасына 2-орун буюрду. Алар 20 миң сом акчалай сыйлык алышты.
3 команданы артка таштап, топту да кыйын теберин «Көк бөрү» командасы далилдеди. Жеңүүчүлөр
30 миң сом акчалай сыйлык жана Кубокко ээ болушту. Ар бир команда дипломдор менен сыйланып, оюнчулар медаль тагынышты.
Турнирдин мыкты оюнчусу деп «Көк бөрү» командасынын капитаны Бактияр Таалайбек уулу табылды. Ага футбол курама командасынын оюнчуларынын кол жазмасы түшүрүлгөн топ белекке берилди.
Иш-чарага шаң кошуп, көрүүчүлөрдү зериктирбей жагымдуу чыгармаларын арнашкан ырчылар Курал Чокоев, Ильяз Андаш, Жанета, Айыма Айылчиева, «Музаман» тобу, Добр, Марс Мамаев, Калыс Жакыпов, Адилет Азимов, Нурхан Турганбаев, Темир Дамирбеков, Шерхан Абкулов, Елдос Алмаз болушту. Алып баруучулук милдетти Назира Айтбекова менен Айзада Жамгырчиева аркалады. Бул турнирдин жүрүшүн кызыктуу баяндап берген комментаторлор Эркин Абдуллаев, Адилет Темирланов, Азамат Асылбашев болушту. Көмөктөшкөндөргө ыраазычылык билдиребиз.
Перизат Музуратбекова
sport@super.kg