Айбек Абдырахманов 26 жаштагы үйрөнчүк музыкант. Көп жылдар бою изденип, өжөрлөнүп музыканы өздөштүрүп отуруп ийгиликтерге жете баштады. Анын өспүрүм кезинен сүйүп уккан ди-джейи Дэвид Гетта Айбектин музыкасын жактырып, сатып алды. Teddme каймана аты менен белгилүү болгон Айбек ийгилик сырлары менен бөлүштү.
«САПАТТУУ БИЛИМ АЛАМ ДЕП ТАЛАСТАН БИШКЕККЕ КЕЛГЕМ»
– Менин аты-жөнүм – Айбек Абдырахманов. Мени көпчүлүк ди-джей Teddme деп билет. Музыка чөйрөсүнө аттанганда эле максатым дүйнөлүк деңгээлге чыгуу болгон. Ошондуктан Teddme деген атты тандадым. Каймана аттын атайын чечмелениши деле жок. Болгону өзгөчө, эч ким колдонбогон ысым.
Өзүм Талас облусунун Манас районунда төрөлүп, 5-классымда сапаттуу билим алыш үчүн Бишкекке келгем. Мектепте жакшы окуп, 6-классымда "Сапат" түрк лицейине өтүп кеттим. 2 жыл бою бекер окудум, бирок ден соолугума байланыштуу дене тарбия сабагына катыша албагандыктан, мага берилген жеңилдетүүнү алып салышты. Окуу акысы кымбат болгондуктан окуумду Чыңгыз Айтматов атындагы лицейден уланттым.«МУЗЫКА ЖАЗУУНУ 3 ЖЫЛ БОЮ ӨЗДӨШТҮРДҮМ»
– Мектепти бүтүп Агрардык университеттин жерге жайгаштыруу факультетине тапшырдым. Бир жолу клубда бармен болуп иштеген досумдун жумушуна барып калып, ошол жактан биринчи жолу ди-джейди көрдүм. Анын жумушуна кызыктым, кандай программа колдонот, баарын сураштырдым. Эртеси аталган программаны сатып алып, 3 күндө өздөштүрүп алып кайра клубга келдим. Музыканы ойноп берсем, жетекчиси жактырып, жумушка чакырды. Ошентип 1 жарым жылдай сабактан кийин клубда ди-джей болуп иштедим. Кийинчерээк клубдун ызы-чуусу чарчатып, өзүмчө музыка жазууну чечтим. Музыка жаза турган программаларды изилдедим, аларды 3 жылдай өздөштүрдүм. Ошол аралыкта күн-түн уктабай, тамакты да унутуп, музыка дүйнөсүнө кирип кеттим. Ал кезде азыркыдай интернетте даяр сабактар жок болчу. Пираттык программаларды сатып алып иштечүмүн, жаратып жаткан музыкам аягына чыгып калганда ал өчүп калчу. Ошону менен көптөгөн эмгегим күйүп кетип, көп убара тарттым. «АЛГАЧ МИРБЕК АТАБЕКОВГО МУЗЫКА ЖАЗЫП БЕРГЕМ»
– Бир жолу тааныш бала менен музыка тууралуу сүйлөшүп калдык. Мен кыргыз ырчыларынан Мирбек Атабековдун чыгармачылыгын баалачумун. Ал тууралуу сөз болуп калганда, «менде Мирбектин номери бар, берейинби?» деп калды. Номерди алганым менен бир жылдай чалган жокмун. Бир жагынан тартындым, кандай кабыл алат деп ойлодум. 2013-жылы 25-майда жакшы маанайда болчумун. Бүгүн майрам, маанайы жакшы болсо керек деп Мирбекке чалдым, өзүмдү тааныштырып, музыка тууралуу сүйлөштүк. Жарым сааттан кийин жолугуп, ага музыкамды угузсам, «мен Орусияга гастролго аттанып жатам, келгенде байланышам» деди. Келгенде чалды, үйгө келип, музыкамды угуп, чогуу иштешели деген сунушун киргизди. Ошол учурда жубайына арнаган «Улечу» деген ырын 2 аранжировкачыга берип, көңүлүндөгүдөй болбой жаткан экен. Мен 2 күндө аранжировкалап берсем, жактырды. Ошону менен иштешип калдык.
Мирбек менен иштешкен ага да, мага да ийгиликтүү болду. Анткени анын ырларында жаңы стиль жаралды. Мага болсо Мирбектен кийин көп буюртмалар түшүп баштады. Учурда Баястан, Нурсултан Азыкбаев, Аяна Касымова, Гүлзада Рыскулова, Толгонай Арзыкеева, Айбек Замиров, Омар, Гүлназ Чыныбек кызы жана башкалар менен тыгыз иштешип келем. Андан сырткары казак ырчылары Кайрат Нуртас, Макпал Исабекова, Камшат Жолдыбаевага обон, аранжировка жазып бердим.
Акыркы кезде «Мирбек экөөңөр кыргыз эстрадасына жаңы багыт ачтыңар. Мирбектин ырларын туурап чыккандар көбөйдү» деп көп айтышат. Эгер чын эле мен кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө өзүмдүн салымымды кошо алсам, абдан кубанам.
«СТОКГОЛЬМ» АТТУУ ЭМГЕГИМ КАНАДАЛЫК МУЗЫКАЛЫК ЧАРТТА 2-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ»
– 2016-жылы алгачкы «Релис» аттуу музыкамды жаздырдым. Музыка купулума толгондуктан «Армада мюзик» аттуу голландиялык белгилүү музыкалык компанияга жөнөттүм. Көп өтпөй алар «музыкаңыз жакты, чыгаралы деп жатабыз, макулсузбу?» деген кат жөнөтүштү. Чынында мындай бат реакцияны күткөн эмесмин. Дүйнөгө белгилүү компания мендей үйрөнчүк баланын музыкасын кабыл алып жатканы жагымдуу болду. Сүйүнүчүмдө чек жок, бирок кайра адашып жазып алышканбы деп кайра-кайра катты окуп чыктым. Дароо макулдугумду берип, 5 жылдык келишим түздүк. 4 айдан кийин кезегим келгенде музыкамды баракчасына чыгарышты.
Чыгармам дүйнөлүк музыка талаасында жаңырып жатканына кубанып жүрсөм, мени дагы бир сюрприз күтүп туруптур. Бир жума өтүп-өтпөй жогорудагы компаниядан «франциялык ди-джей Дэвид Гетта музыкаңды колдонду» деген кат келди. Билдирүүнү адашып жазып алышканбы деп көргөн көзүмө ишене албай жаттым. Кайра өчүрүп салышпасын деп катты сүрөткө тартып да алдым (күлүп). Биз кичинекей кезде Дэвид Геттанын музыкасын угуп чоңойгонбуз да. Ошол убакта бельгиялык ди-джей Дмитрий Вегас жана Лайк Майк абдан популярдуу болуп, музыкалык чарттарда биринчиликти алып турган кез эле. Алар да музыкамды сатып алып, колдонушту. Атактуу адамдардын менин музыкамды тандаганы мага чоң стимул берди.
Кийинки жылы жаңы стилде «Стокгольм» деген аталыштагы музыкамды жөнөттүм. Аны кайра эле Дэвид Гетта сатып алып, репертуарына кошту. Музыка чыкканына бир жума болгондо америкалык музыкалык чартта 3-орунда турган. Вокалы жок инструменталдык музыка ушундай ийгиликке жеткенине өзүм да таң калдым. Ошол эле учурда канадалык музыкалык чартта 1-орунда Кэлвин Харрис, 2-орунда карапайым кыргыз жигити, менин музыкам турду. Бул мен үчүн чоң сыймык, азыр деле ошондой ийгилик болгонуна ишене албай кетем. Азыркы учурда «Стокгольмду» миллиондон ашык адам укту. Орто Азиядан чыккан музыка биринчи жолу ушундай көрсөткүчкө жетип жатат.
Учурда Дэвид Гетта жана нидерланддык ди-джей Дон Диабло менен байланышып, алар кеңештерин айтып турушат.
«ГЕРМАНИЯ, КЫТАЙ КЛУБДАРЫНА ЧАКЫРУУ ТҮШТҮ»
– «Армада мюзик» компаниясы музыкамды жарыялагандан бери чет өлкөдөн иштешүү сунуштары көп түшөт. Учурда Германия, Кытай клубдарына чакыруу келип жатат. Алар Teddme деген каймана атымдан улам мени АКШ же Европада жашайт деп ойлошот экен. Мага чет өлкөгө барып ди-джей катары чыгууга али эрте. Анткени азырынча 4 гана музыкам бар. Жакында, буюрса, «Армада мюзик» компаниясынын колдоосу менен альбом чыгарганы турам. Альбом чыкканда гана дүйнө кыдырып гастролдоп же атайын музыкалык фестивалга катышсам болот. Менин чоң максатым – дүйнөдө хит боло турган музыка жаратуу.
Ушул кезге чейин музыкам аз да болсо дүйнөлүк аренага чыкканын ата-энеме айтпайм. Аларга мен иштешкен кыргыз жылдыздардын жаңы ыры чыкканда, ушунун обонун же аранжировкасын жазгам десем, ошого деле кубанышат.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg