АТА-ЭНЕ МЕКТЕПТЕГИ ФОНДДОРГО АКЧА БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС!

Жыл сайын жаңы окуу жылынын башталышы менен мектептердеги акча чогултуулар тууралуу маселе кызуу талкууланат. Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында ата-энелер тобу бул маселени көтөрүп Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митингге чыгышты. Ошол эле күнү Билим берүү жана илим министрлиги мектеп администрациясы, мугалимдердин окуучулардан акча чогултуусуна тыюу салуу боюнча буйрук чыгарды. Бирок бул буйрук менен коомдогу талкуу токтогон жок. Ата-энелер «аталган буйрук акча чогултууларды токтотпойт» дешсе, министрлик «ата-энелер фондун жана камкордук кеңештерин жоё албайбыз» деп билдирүүдө. Биз түзүлгөн кырдаалды талдап көрдүк.

“КҮЗӨТ КЫЗМАТЫНА ЖЫЛЫНА 2 МИЛЛИОН СОМ ЧОГУЛТУЛАТ”

Мектептерде мыйзамсыз акча чогултуулар акыркы жылдары көбөйүп кеткенден улам окуучулардын ата-энелери быйыл сентябрь айында Республикалык ата-энелер коомдук бирикмесин түзүшкөн. Анын лидерлеринин бири Төрөхан Жунусбеков колунда жок ата-энелерди мектеп директорлору кыйнап, акча чогултуп жаткандан кийин бул маселени коомчулукка айтып чыгууга аргасыз болдук дейт.

– Конституциянын 45-беренесинде «билим берүү бекер» деп жазылган. Бирок ага карабастан мектептерде акча чогултуулар абдан көп. Жакында билим берүү министрлиги чыгарган буйрук 2017-жылы Жогорку Кеңештин «мыйзамсыз акча чогултуу болбосун» деп чыгарган токтомун кайталоо болуп саналат. Экинчиден, министрдин чыгарган буйругу бул фондду жоё албайт. Себеби буйрукта «акча чогултууга мугалимдер кийлигишпесин» деп айтылып жатат. Ал эми фонддор директордун жакын адамдары аркылуу ата-энелердин атынан деп иштерин жүргүзө берет.

Азыркы учурда мектеп күзөтчүсү үчүн деп ар бир окуучудан 500 сомдон чогултуп жатат. Эгер бир мектепте 4000 окуучу болсо 2 миллион сом чогулат. Күзөт кызматы үчүн жылына 2 миллион кетет деген эмне деген жомок? Менин кызым Бишкектеги №52 мектепте окуйт. Былтыр мектеп фондуна деп 2500 сомдон төлөгөнбүз. Быйыл мындан да көп каражат чогултулуп жатат.

Мектептерге жеке жардам берем деп мектепти сырдап же компьютер сатып берем дегендер болсо, эч ким аларга тоскоол болбойт. Бирок мажбурлап «баарыңар 500 сомдон бергиле» дегенди токтотуш керек. «Мышыкты бурчка такап ура берсең арстан болуп бетиңди апчыйт» дегендей, акча чогултуулар абдан көп болуп кеткендиктен ата-энелер аргасыздан нааразычылык билдирип чыгышууда.

Эгер мамлекет ошончолук эле мектепти каржылоого алыбыз жетпейт десе, ачык айтышсын. «Билим берүү бекер» деп айтылганы менен, «мектептерди оңдоо иштерине ар бир окуучу 200 сомдон чогултсун» дешсин. Ошондо адилеттүүлүк болот. Азыр андай эмес. Бир мектеп 200 сомдон чогултса, экинчи мектеп 5000ден чогултат.

Экинчи маселе, учурда чогултулган акчалардын отчёттуулугу жок, канча акча кандай иштерге жумшалып жатат, белгисиз. «Кардыма эмес, кадырыма күйөм» дегендей, биз акча берип жатканыбыз үчүн күйгөн жокпуз. Ошол акчалар кайсы жакка сарпталып, кимдин чөнтөгүнө кетип жатат деп сарсанаа болуудабыз.

“БИЗ МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ЭЛЕ ЖАШООСУН ОҢДОЙТ ЭКЕНБИЗ”

Мектеп фонддоруна акча чогултуу маселесин алгачкылардан болуп Чүй облусунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын ата-энелери көтөрүп чыгышкан. Алардын бири Жийдегүл Кожошова буларга токтолду:

– Бизде ата-энелердин мектептеги фондго нааразычылыгы ушул жылдын февраль айында башталган. Анткени ошол айда таңкы саат 7лерде мектепке келе жаткан 2 баланы машина сүзүп кеткен. Негизи биздин мектеп чоң жолдун боюнда жайгашкандыктан, окуучулар жолдон коопсуз өтүшү үчүн жер алдындагы өтмөк курулган. Бирок ал жерден балдар өтө алышчу эмес. Анткени жарык жок, ичин бүт селсаяктар ээлеп алган. Ошон үчүн унаалар көп өтчү чоң трассадан өтүүгө аргасыз болушкан. Мектеп директору бул окуяга кайдыгер карап, «бул кырсык мектептин аймагында болгон жок» деп койгондон кийин ата-энелер «фондго деп чогулткан акчанын эсебинен эмнеге жер алдындагы өтмөктү оңдобойсуңар?» деп нааразы болуп чыгышты. Мектеп жетекчилиги «бир айдын ичинде оңдойбуз» деп убада кылышкан. Бирок бир айдан кийин деле абал эч кандай өзгөргөн жок. Ошондон кийин 2-апрелде мектептин алдына 500дөй ата-эне чогулуп «фонд жоюлсун» деп нааразычылык акциясына чыкканбыз. Бул окуядан кийин нааразы болгон ата-энелерди мектеп администрациясы чакырып кысымга ала баштаган. Мени да директор чакырып, “эгер бул жер сага жакпай жатса, балаңдын делосун алып чыгып кет” деп айткан. Мындай кысымдан улам ата-энелер чогулуп, фондго деп чогулган акчалар каякка кеткенин аныктоо үчүн аудит жалдадык. Анын жыйынтыгында 2018-2019-жылы мектеп фондуна деп 3039 окуучудан акча чогултулуп, жалпы 9 айда 6 492 030 сом чогулганы аныкталган. Ал акчалардын көпчүлүгү кайсы иш үчүн кеткени ачыкталган эмес. Мындай көп каталар табылгандан кийин май айынын аягында директор жумуштан алынган.

Былтыр менин 4 балам мектепте окучу. Ай сайын фондго деп 2 улуу балама 550 сомдон, 3-балама 200 сомдон, төртүнчү балама 350 сомдон төлөчүмүн. Биз мектеп жетекчилеринин эле жашоосун оңдойт экенбиз да. Биздин балдар мектепке батпай, бир класста 50дөн, бир партада төрттөн отуруп окуп жатышат.

“АТА-ЭНЕ КААЛАСАМ БЕРЕМ, КААЛАБАСАМ БЕРБЕЙМ ДЕГЕН ПРИНЦИПТЕ БОЛУШ КЕРЕК”

Ата-энелердин оюн уккан соң биз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева менен жолугуп, министрликтин мектептерде чогултулуп жаткан каражаттар тууралуу пикирин уктук. Анын айтымында, камкордук кеңештерге акча берүү же бербесин ата-эне өзү чечиши керек:

– Мектептердеги камкордук кеңештери коммерциялык эмес уюмдар деген мыйзамдын негизинде түзүлгөн. Аталган мыйзамда «мамлекеттик мекемелердин коомдук уюмдарга киришүүгө укугу жок» деп так жазылып турат. Андыктан биз ал бирикмелерди текшерүүгө укугубуз жок. Мыйзамсыз акча чогултууларга бөгөт коюу үчүн жакын арада министрлик буйрук чыгарды.

Мектеп жетекчилиги, мугалимдер мектептен баланы чыгарып салууга, аны «акча төлө» деп мажбурлаганга укугу жок. Эгерде окуучуга мажбурлоо болуп жатса, ата-энелер Билим берүү министрлигине же жергиликтүү райондордун билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Андай факт катталган учурда мектептин мугалимдери болобу же директору болобу, Эмгек кодексинин негизинде балдарга кысым көрсөткөндүгү үчүн кызматтан алынат.

Советтер Союзунан бери эле ата-энелер мектепке жардам беришкен жана берип келе жатышат. Аны моюнга алыш керек. Бирок камкордук кеңеш же фонд 500 сом болобу, 10 сом болобу, милдеттүү түрдө ата-энелерге отчёт бериш керек. Демек, ата-энелер ошол отчётту өздөрү талап кылуулары керек. Керек болсо ата-эне ал уюмга акча төлөбөй койгонго да укуктуу. Ата-эне өзү «кааласам берем, каалабасам бербейм» деген принципте болушу керек. Себеби мыйзамда ошентип жазылган.

Кээ бир ата-энелердин "акча чогултууну мыйзамдаштырып, аны мамлекет көзөмөлдөп, ачык-айкын болушу керек" деген пикирин “бул теңсиздикке алып келет” дейт Гүлшан Абдылдаева.

– Балдардын улутуна, расасына, үй-бүлөсүнүн социалдык абалына карабай аларга бирдей билим беришибиз шарт. Акча чогултуу бийлик тарабынан болбойт. Эгер муну мыйзамдаштырсак социалдык теңсиздик жаралышы мүмкүн.

Мындан тышкары министрликтин башкы адиси мектептерде коопсуздук кызматы үчүн бюджеттен акча каралбаганын айтты. Бирок калган бардык кызматтарга, мисалы, мектептин кароолчусуна, устасына, тазалыкты сактоо персоналдарына деп бюджеттен каражат бөлүнөрүн кошумчалады.

“МЕКТЕПТИН ЧАРБАЛЫК ИШТЕРИНЕ БЮДЖЕТТЕН АКЧА БӨЛҮНӨТ”

Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башкы адиси Салмоор Асанов жыл сайын оңдоп-түзөө иштери үчүн мектептерге 100 миллион сом карала турганын айтты:

– Билим берүү тармагы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланат. Мектепте иштеген кызматкерлердин, мугалимдердин айлыгы, алардын иш сапары үчүн жумшалган каражаттар жана мектептердеги ремонт иштери үчүн каражат республикалык бюджеттен каралат. Республикалык бюджеттен ремонтко деп жыл сайын 100 миллион сом кетет.

Жергиликтүү бюджеттен мектеп чарбачылыгына деп каражаттар каралат. Тагыраагы, мектептин ысык суу, муздак суу, көмүр жана ремонт иштерине акчалар жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.

Кээде коомчулукта туура эмес маалымат жайылып кетет. Мисалы, «борду дагы өзүбүз сатып алабыз» деп ата-энелер же мугалимдер айтышат. Жок, андай эмес. Ар бир мектепке чарбалык иштерине деп бюджеттен акча каралат. Бирок маселе ал акчаны канчалык эффективдүү колдонгонунда болуп жатат. Албетте, жергиликтүү бюджеттен интерактивдүү доска алып берүүгө мүмкүнчүлүк жок, бирок ошол эле бор, сүлгү дегендерге акча бөлүнөт.

Ата-энелерге:

Камкордук кеңештерге жана ата-энелер фондуна деп акча төлөгөнгө милдеттүү эмессиз!

Албетте, ата-энелер фонду, камкордук кеңеш башында жакшы ниет менен мектепке жардам берүү үчүн түзүлгөн. Бирок убакыттын өтүшү менен ал жакшы ниеттер бузулуп, жеке кызыкчылыктар жарала баштаган. Буга негизги себеп – чогулган каражаттын отчёттуулугунун жоктугунда. Мындан улам ал акча билим берүү үчүн жумшалбай, көмүскө адамдардын чөнтөгүн гана калыңдатып жатат.

Мектептин чарбалык муктаждыктарына деп жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөт, демек, бор, шыпыргы деп окуучулардан акча чогултуу мыйзамсыз.

Мектептеги камкордук кеңешине же мектеп фондуна чогулган каражаттар ата-энелердин каалоосу менен чогулуп, алар мектеп үчүн гана жумшалышы керек. Ал эми бул каражаттын максаттуу пайдаланылышын ата-энелер өздөрү көзөмөлдөп, ошондой эле мектеп фондуна деп акча берүүгө милдеттүү эмес экенин да эстеринен чыгарбашы керек.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Mintip-menu-suybo
2019-10-14 11:14:02
Кантип ата -эне кааласам берем, каалабасам бербейм дейт... Бербей корсунчу , баласын басмырлашып, окуучулардан томон кылып коюшат...
+4
Aikan1966
2019-10-14 11:26:40
биздин №52 г.Ош 1200 сом фондко банкка толойбуз,20 сом айына пол жуугучка беребиз,анткени балдарыбыз окуп жатат,айла жок
+1
Isikkolumkeremet
2019-10-14 14:40:35
Бизде жыргал экен анда.тамак учун 1 жылга 360 сом толойбуз.бутту окуй берет.
+1
tular
2019-10-14 17:38:23
Фондго деп чогулган миллиондогон акчаларды директор жугору жактагыларга отметкага берип турушат.
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-14 19:48:24
Шаарда ошондой,айылда бир сом да бербейт.
+2
Eli.91
2019-10-14 20:01:25
Бизде болсо 300 сом фонтко беребиз.1-класста окуйт кызым.Андан сырткары житкый мыло 2штук бумага 2 салфетка кылып алып барып беребиз.Окунучко карай ошолордун баары школдо иштелсе кана.Эжейлер болуп болуп уйлоруно алып кетет деп уктум бир окуучу кыздан.
0
madina.87
2019-10-15 02:23:56
Менин кыздарым айылда окуганда,сентябрда акча чогултуп,чачык,крушка,тарелка,суу куйганы бочка,умывальник ж.б алып бергенбиз.Ар майрамда чайпите уюштуруп,мугалимдерге акча чогултуп белек берип, иши кылса өтө эле оор болчу.Азыр Оруссияда чеке жактамын.Полис жок,кыздарым кыргызстандын жарандыгы менен эле окушат.Бир маал тамак берет.Бир дагы фонд,топтомой деген нерсе жок!
Кыргызчылык кылып,анда санда белек берип койсом,эжекелер жинденет.Балама бакчага 50% төлөйм.Көп балалуу экенсиң деп жеңилде
+1
Asking-
2019-10-15 21:02:17
Кайран акча кайран сом деп жалооруп конулум шондо бир сынат....
+1
pero5184
2019-10-16 18:01:08
Фонддун акчасына мектепти оңдоп түзөп койгон директорлор да бар .Эч нерсе жасабай жутуп койгондору да бар .Адеп мугалимдерди жамман көрсөтүп акча сураткан ошол жогору жактагылар .Байкуш ата-энелер комитети жамман көрүнүп топтоп берет .Аларга же админдер ыраазычылык билдирип коюшбайт
0
jalguzum
2019-10-17 22:09:32
Менин да балам быйыл 1-класска барды. Кружка,тарелка, кашык, полотенцага, журналга акча чогултулду. Ещё айына этке деп 50сомдон берет экенбиз.
+1
asman.81
2019-10-18 15:08:08
Оштогу Киров мектеби озун озу билем болуп бутту,текшерген адам жок.1300 дон топтоп атат ар бир окуучудан.Жогоруда айтмакчы бир класска 50 дон да тыгып окутат,отчет деген нерсе жок .Бизде кааласан да каалабасан да бересин деген принциб мн иштейт дироктор.
0
asman.81
2019-10-18 15:11:05
Оштогу Киров мектеби да 1300 сомдон топтоп атат,ал акча каякка кетти отчет жок.Бир класска 50 дон баланы тыгып окутушат.Кааласан да каалабасан да толойсун деген принциб мн иштейт дироктор.Текшерген адам жок!!!
0
asman.81
2019-10-18 15:12:06
Не коментарийди очуруп атасынар
0
asman.81
2019-10-18 15:16:13
Оштогу Киров мектеби очуруп тур коментарийди деп силерге да болуштубу фондун акчасынан
0
munduz2016
2019-10-18 21:28:36
Биздин айылдагы мектепте фондго ар бир окуучудан 100сом бир жылга топтоп беребиз .300дөй окуучу бар. Мектеп кичинекей. Отчетун деле берет ошол 30000сомдун да
0
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан