Виталий Люкс, футболчу: “КЫЯЛЫМ – КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ МЕНЕН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА ЧЫГУУ”

Ушул жылдын күз айларынан тарта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында күчүн сынайт. Бул оюндарда команда чоң ишеним арта турган футболчулардын бири Виталий Люкс болору талашсыз. Азия Кубогунан кийин Кыргыз өлкөсүнүн булуң-бурчуна чейин таанылып, кыздардын жүрөгүнө чок салган чабуулчу жакында боло турган Мьянма жана Монголия менен беттештерге курама командага чакыруу алган. Чабуулчу алдыдагы олуттуу оюндар алдында маек курду.

– Саламатсызбы, Виталий? Алгачкы сурообузду Германиядагы жаңы футболдук сезон боюнча баштайлы. Сезон кандай жүрүп жатат?

– Жаңы сезон анчейин жакшы башталган жок. “Ульм” менен алдыңкы 2-3 оюнда утулуп калдык. 4 оюнду жеңдик. Акыркы оюнда жеңип, 3 упай алдык. Мындан дагы жакшы оюн көрсөтөлү дегенбиз. Чемпиондукта 1-2 орунду алып алдыга чыгууну максат кылганбыз. Эмнегедир бул тилегибиз орундалбай жатат.

– Сиз старттык курамда чыгып жатасызбы?

– Башында ошентип ойноп жаткам. Азыр машыктыруучу башка оюнчуларга ишеним артып жатат.

– Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Люксту оюн талаасына чакырганда бул клубдук карьерасына да жардамын тийгизет деген эле. Чынбы?

– Ооба. Анткени бул жактан негизги курамга чыгам. Германиядагы машыктыруучулар да бул оюндарды карап, байкап турушат да. Негизи, Германияда 17 жашымдан бери ойноп келе жатам. Быйыл 13 жыл болуп калды.

– Карьераңыздагы эсиңизде калган таасирдүү учур кайсы?

– Бул Айнтрахтка киргизген гол жана Филиппин курама командасынын дарбазасына 3 гол киргизгеним карьерамдагы эсте калган учур деп айта алам.

– Футболго кандайча келип калдыңыз эле?

– Телевизордон футболчу Роналдонун ойноп жатканын көрдүм. Бул спорт түрү ошондо жагып калды. Топту алдым да, эшикке чыгып ойноп баштадым. Мектепте жанымда отурган бала машыктыруучунун уулу болчу. Ал “эгер футбол жагып жатса мени менен машыгууга бар. Ошол жактан көрөбүз” деди. Башында жакшы ойной алчу эмесмин. Бирок менде талант бар экенин билчүмүн, өзүмө ишенчүмүн. Алгач жакшы ойной албаган командада ойноп жүрдүм. Кийин “жакшы ойногон балдардын командасында ойногум келет” деп ошол командага которулуп кеттим. Ошол кезде мен 11 жашта болчумун.

– Улуттук курамга биринчи жолу чакыруу алган күнүңүз эсиңиздеби?

– 5 жыл мурун “Кыргыз улуттук курама командасында ойногуң келеби?” деп Футбол федерациясынан чалышкан. Мен дароо эле “албетте, ойногум келет, төрөлгөн мамлекети үчүн ойногонду ким каалабасын?” дедим. Ошентип Германиядан бул жакка келип паспорт жасаттым.

– Кайсы жакта төрөлдүңүз эле?

– Кара-Балтада туулгам. 6 жашымда эле Германияга көчүп кетип калганыбызга байланыштуу көп нерсе эсимде жок. Ушул убакытка чейин Кара-Балтага бара элекмин, убакыт боло элек. Бул жакка келерим менен машыгуу, оюнга даярдык башталып бошобой калам.

– Улуттук курама командага кошулгандагы алгачкы матч, машыгуу эсиңиздеби?

– Ооба, биринчи машыгуу, беттеш 2015-жылы Дубайда болгон. Анда Бангладеш менен беттешкенбиз.

– Улуттук курам сизди кандай тосуп алышкан?

– Абдан жакшы тосуп алышкан. Бат эле командага алынып, көнүшүп кеттим.

– Биринчи расмий матчта Бангладеш менен дебют жасаган экенсиз. Кыргыз гимни жаңырып жатканда жоопкерчиликти сезип жаттыңызбы?

– Албетте, ошол күнү досумдун үйлөнүү тою болмок. Мен ага катышпай калганыма байланыштуу видео жөнөтүшүм керек болгон. Мен ошол жерде өзүмдүн мамлекетим үчүн ойноп жатканыма ишенбей турдум.

– Азия Кубогундагы көз ирмемдер тууралуу айтып берсеңиз.

– Биз ар бир оюнда утууну кааладык. Өзүбүздүн мамлекетибизди көрсөтүп, биз дагы футбол ойногонду билерибизди көрсөткүбүз келди. Келип жөн эле ойноп койбостон, жеңгибиз келди. Мен өзүбүздү жакшы көрсөтө алдык деп ойлойм. Азия Кубогунда жакшы ойнодук. Ойной аларыбызды көрсөттүк. Корея менен болгон беттеште да жакшы ойнодук. Бирок тилекке каршы, 1:0 эсеп менен жеңилип калдык.

– Филиппинди уткандан кийин кандай сезимдер болду?

– Чындыгында, ал күнү мен үчүн гана эмес, баары үчүн сонун күн болду. Дарбазачы Валерий келип “бүгүн сен гол киргизесиң” дегенде “киргизем” деген элем (күлүп). Бул оюндан кийин менин Инстаграм баракчам жарылып кете жаздады. Күйөрмандар тынбай жазып жатышты.

– БАЭни утабыз деп чыктыңар беле?

– Албетте, утмакпыз. Анткени биз жеңишти гана самап турдук. Жеңилүүнү ойлогон жокпуз. Ушундай болуп калды. 90-мүнөттө эсеп санын 2:2ге теңеп гол киргизе алдык. Бул дагы жакшы көрсөткүч. Бул турнирден кийин Улуттук курама командада менталдык өсүү болду. Бул бизге сезилип турду.

– Тилекке каршы, Азия Кубогунда утулуп калдыңыздар. Бишкекте сиздерди ушундай жакшы маанайда тосуп алышат деп күттүңүздөр беле?

– Жок, бул биз үчүн жагымдуу сюрприз болду. Оюн талаасынан, социалдык тармактардан, дээрлик бардык жерден мекендештерибиздин колдоосун сезип турабыз.

– Инстаграмдын активдүү колдонуучусузбу?

– Аз-аздан кирип турам. Мен көбүнчө башкалардын постторун карайм десем болот. Улуттук курамдагы футболчулар фанаттар үчүн видео, сүрөттөрдү көбүрөөк жүктө деп калышат.

– Мырзалардын колдоосу көбүрөөкпү же кыздардыкыбы?

– Теңме-тең десем болот го (күлүп).

– Сиздин бир туугандарыңыз барбы?

– Жок. Мен жалгыз уулмун. Ата-энем ажырашып кеткенине байланыштуу апамдын тарбиясында болдум. Атамдан быйыл айрылып калдым. Ошондуктан июнда Палестина менен болгон беттешке келе албай калдым.

– Тажикстандан эмнеге утулуп калдык деп ойлойсуз?

– Биз туура эмес тактиканы тандап алыптырбыз. Алгачкы 15 мүнөттө жакшы ойноп жатканбыз. Кийин кандай болуп кеткени түшүнүксүз болуп калды.

– Курамда сизге атаандаш ким?

– Эрнист Батырханов жакшы ойнойт. Топту жакшы кармайт.

– Япония менен болгон беттешти күтүп жатасызбы?

– Албетте, күтүп жатабыз. Алар дагы Австралиянын курама командасы сыяктуу күчтүү. Биз өзүбүздүн үйүбүздө Филиппинди уткандай жеңип кетербиз, балким.

– Келиңиз, маектин нугун жеке жашооңузга буралы. Ушул жылы 31 жашка чыгат экенсиз. Качан үйлөнөйүн деп жатасыз?

– Мен азыр үйлөнгөнгө даярмын. Болгону сүйүктүүмдү жолуктура элекмин.

– Буга чейин олуттуу мамиле болду беле?

– Бир жолу сүйгөм. Мен анда 17-18 жашта болчумун. Ал кыз менен 3 жыл бирге болдук, жашадык. Бул мамиленин болгонуна көп болуп калды. Көптөн бери кыздар менен мамиле кура элекмин. Сүйүктүү адамымды жолуктурсам дароо үйлөнөм. Чындап менин адамым экенин билиш үчүн 2-3 ай жетиштүү. Аны менен сейилдеп, тамактанууга ушул убакыт жетиштүү деп ойлойм.

– Кандай кыздар жагат?

– Билбейм. Жүрөк тандаган кызды сүйөм да. Блондинка же брюнетка экени маанилүү эмес. Негизи ак көңүл, күлүп турган кыздарды баалайм. Футболду түшүнөбү же түшүнбөйбү, маанилүү эмес.

– Улуттук курамада жакын досуңуз барбы?

– Баары менен жакынмын. Алардын ичинен Эдгар Бернхард, Виктор Майер, Азамат Байматов, Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин менен жакын мамиледемин.

– Эмнени кыялданасыз?

– Кыргыз улуттук курама менен Дүйнө чемпиондугуна чыгуу. Ушундай болсо сонун болмок.

– Апаңыз тууралуу айтып бериңизчи.

– Апамдын аты Ирина. Ал абдан боорукер аял. Күнүгө “эмне кылып жатасың?” деп жазып, чалып турат. Оюндарымды көрүп турат.

– Кайсы тилдерди билесиз?

– Англис, немис, орус тилдеринде эркин сүйлөйм. Кыргызча “алга, Кыргызстан, күч биримдикте, рахмат, бир, эки, үч” деген сөздөрдү билем.

– Кыргыз Премьер-Лигасын карап турасызбы?

– Ооба. “Дордой” менен “Алайды” билем. Кыргыз Премьер-Лигасынын командасынан сунуш түшсө ойлонуп көрмөкмүн.

– Кыргыз өлкөсү боюнча дагы эмнелерди билесиз?

– Бул жакта койду көтөрүп алып чуңкурга салат го, ошол спортту билем (ред.: улак тартыш тууралуу айтып жатат). Телевизордон көрүп калганда балдардан сурачумун “бул эмне болгон оюн?” деп (күлүп). Анан Валентина Шевченкону билем. Ысык-Көлгө бара элекмин, убакыт болсо, сөзсүз түрдө барам.

– Маек соңунда сизге эркин микрофон.

– Күйөрмандар, 10-октябрда Кыргыз-Мьянма мелдешине келиңиздер. Колдоп кетиңиздер, биз сиздерге ишенебиз, сиздерди сезебиз. Сиздер бизге керексиздер. Келиңиздер, Алга, Кыргызстан! Күч биримдикте!

– Маегиңизге рахмат! Татыктуу оюн көрсөтүңүздөр!

Динара Абдыкадырова
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Виталий Люкс: "Сары же кара кыз экени маанилүү эмес. Жүрөк тандаган кызды сүйөм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nukura_jigit
2019-10-14 10:25:54
Красавчик Люкс
0
SHERBOLAT
2019-10-14 10:44:35
Алгаа люкс
0
Apyn8793
2019-10-18 14:46:41
Молодец, туулган мекенинди унутпаган учун, Ахметовдой болбогону учун. Кыргызстан да сени менен!!!
0
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан