Мурдагы башкы прокурор, саясатчы Азимбек Бекназаровго бийлик элчилик кызматты сунуштады.
Бул тууралуу Бекназаров өзү 7-октябрда Бишкекте маалымат жыйынында билдирди. "Президент мага элчи бол деп бир нече мамлекетти сунуштады. Быйыл жайында Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматын сунуш кылган. Мен президент менен жолукканда “Элдик курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм” деп айттым. Конституциялык реформа, кендерге байланыштуу маселелер ачык бойдон калып жатканын билдиргем",- деди Бекназаров. Саясатчы ушул аптада президент менен кайрадан жолугуп, сунушталып жаткан кызматтар тууралуу чечим чыгара турганын кошумчалады.
Маалымат жыйынында Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков Элдик курултай кыймылынын талаптарын жалпысынан колдой турганын жарыялады. Талаптардын негизгиси – конституциялык реформа деп белгилейт саясатчы. “Конституциялык реформадагы негизги маселе мамлекеттик башкаруунун түрүн: президенттик башкаруубу же парламенттикпи, бул тандоону эл чечсин деп жатабыз”,- деди Бекназаров.
Адатта, мындай билдирүүлөр жөн жасалбайт. Ушундай билдирүүлөрдү таратуу менен Ак үй элдин реакциясын, маанайын байкаган учурлар көп эле. Бекназаровдун сөздөрү коомчулукта “бийлик Конституцияны кайрадан өзгөрткөнү жатабы?” деген суроо жаратты.
Өлкө эгемендикте жашаган 28 жыл ичинде бийлик Конституцияны 9 жолу өзгөрткөн. Ал өзгөртүүлөр бийликте турган топтун ыйгарым укуктарын күчөтүүдөн башка элдин жашоосун оңдоп, өлкөнүн экономикасын көтөрүп жиберген эмес.
Саясатчылар, эксперттер Конституцияны өзгөртүү сунушуна кандай пикирде? Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Конституцияны өзгөртүү керектигин, бирок азыр эмес, кийинки президенттик шайлоодо жасоо туура болорун айтат. Ал эми саясатчылар Адахан Мадумаров менен Ишенбай Кадырбеков өлкөнү артка тартып жаткан факторлордун бири ар бир бийликтин тушунда Конституцияны өзгөртө берүү экенин айтышат. Мадумаров “кеп Конституцияда эмес, кишиде. Киши иштебесе, Конституцияны алтын тамга менен жазса да пайда чыкпайт” дейт.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg