6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты, Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү адамдарынын бири Руслан Казакбаев уулун үйлөнтүп чоң той берди. Той Бишкектеги ресторандардын биринде өтүп, ага 700дөй конок чакырылды.
Көпчүлүктү тойдун өзүнөн мурун, келген коноктор кызыктырды. Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү, мурдагы чиновниктер, көз карашы таптакыр келишпеген саясатчылар бир залга топтолуп, бир столду тегеректеп отурганы талкууга түштү. Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Исхак Масалиев бир столдо, жанындагы столдо Адахан Мадумаров баштаган белгилүүлөр, алардын капталында коомчулук көп талкууга алган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, башка столдо Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева менен уулу Кадыр Атамбаев отурушту. Бул көрүнүшкө “Кыргыз саясатчыларында принцип жок, эл көзүнө бири-бирин сындашып, тойдо кучакташып эле жүрүшөт” деген пикирлер көп жазылды. Саясат өз жолунда, той – кыргыздын салты, ага чакырылган соң барып конок болуу нормалдуу эле көрүнүш дегенди коомчулук туура көрбөй турганы байкалды.
Айрыкча, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин бул тойдо Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда туруп сүрөткө түшкөнү узун сөз болду. Бул тойдон кийин Кадыр Атамбаев аспирантурага тапшыруу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болду. Кайсы өлкөгө кеткени айтылган жок.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg