АЛГА КЫЛЫЧОВ АТАМБАЕВЧИЛЕРГЕ КАРШЫ КӨРСӨТМӨ БЕРИП БАШТАДЫБЫ?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү колдоочусу, тарапташы, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кармалган Алга Кылычов тергөө менен иштешүүгө, Атамбаевге жана анын тарапташтарына каршы көрсөтмө берүүгө макул болгону айтылды. Бул маалыматты Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев ырастады.

Адвокаттын маалыматына таянсак, камактагы Кылычов Атамбаевдин тарапташтары менен беттештирилген. Анда ал КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген.

Ошондой эле Алга Кылычов Атамбаев бийликти басып алууну, төңкөрүш кылууну каалаган” деп да билдирди деген маалыматтар айтылууда.

Жактоочу Жоошев Кылычов тергөө менен кызматташып, эркиндик сурашы мүмкүн экенин айтат.

Мындай жоромолдорду далилдеген өңдөнүп, ИИМдин басма сөз кызматы Алга Кылычовдун иши тергелип бүтүп, тиешелүү органдарга берилгенин жар салды.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-октябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын, анын ичинде Алга Кылычовдун бөгөт чарасын карап, аны ушул жылдын 9-декабрына чейин камакта калтырууну чечкен. Кой-Таш окуясы боюнча Алга Кылычов “барымтага алуу” жана “массалык баш аламандык уюштуруу” боюнча айыпталууда.

9-октябрда КСДПнын атайын өкүлү, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары сурак берип келген Кундуз Жолдубаева ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка кирди. Суракка чейин жактоочу Жоошев анын макамы күбөдөн шектүүгө өзгөртүлөт деп божомолдоп жатканын билдирген. Бирок сурактан чыккан Жолдубаева Алга Кылычов менен беттештирилгенин айтып, бирок анын макамы өзгөрүлбөгөнүн кошумчалады. Ал эми Жоошев Жолдубаева 10-октябрда саат 14:00гө кайрадан суракка чакырылганын билдирди. Жактоочунун пикиринде, Жолдубаева ошол сурактан кийин камакка алынышы мүмкүн.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан