ЭРКИН МАМБЕТАЛИЕВ БАТКЕНДЕ АСКЕРЛЕРГЕ 2 ЖОЛ ТАНДАБАС БЕЛЕК КЫЛДЫБЫ?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир кездеги жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткенде чек ара кызматына “Chevrolet Suburban” үлгүсүндөгү эки жол тандабас автоунаа белек кылды деген маалымат тарады. Интернет желесине тараган сүрөттө аскердик кийимчен кызматкерлер катарга тизилип, окшош 2 унаанын жанында туруп Эркин Мамбеталиевге алакан жая бата берип жатканын көрүүгө болот.

Бул окуянын эртеси Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы "унаа белек кылды" деген маалыматты төгүндөп, "Эркин Мамбеталиевге караштуу унаалардын айнектери караңгылатылганы үчүн айып пул салынды" деп билдирди.

Жарандык коом ОИИБинин маалыматына ишенбегени байкалууда. Убагында адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп, соттолуп, кийин акталган адамдан мамлекеттик органдын белек алуусуна жол берилбеши керектигин айтып “эч жерде иштебеген Мамбеталиев бул унааларды кайсы акчасына сатып алды?” деген суроолор берилүүдө. “Патриот экен, жардамга муктаж чек арачыларга керектүү белек берди” деп аны мактагандар да бар.

Айта кетсек, 2008-жылы Эркин Мамбеталиевди Жогорку Сот "бир нече адамдын өлүмүнө катыштыгы бар" деп өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Мамбеталиев сот тарабынан акталып, эркиндикке чыккан.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан