ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙЫНДА ЭКСПОРТ ЭКИ ЭСЕГЕ АЗАЙЫП КЕТТИ

Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдын алгачкы 7 айынын жыйынтыгы менен жеңил өнөр жай тармагындагы экспорттун көлөмү дээрлик эки эсеге азайып кеткени маалым болду. 2018-жылы бул аралыкта чет өлкөлөргө 155 миллион долларлык товар сатылса, быйыл бул көрсөткүч 82 миллион долларды гана түздү. Бул расмий маалымат.

Акыркы жылдары кыргыз жергесинде жеңил өнөр жай тармагы өнүгүп, экпорттун өсүшү да байкалган. Өлкөдө чакан фирмалар, кийим тигүүчү цехтердин саны көбөйгөн. Ал эми 2019-жылы экспорт көрсөткүчүнүн артка кеткени экономиканын абалы өкмөттүн докладдарында айтылгандай мыкты эмес экенинен кабар берет.

Эксперттер мындай кырдаалдын жаралышына бир нече фактор таасир бергенин айтышат. Биринчиси – чек ара маселеси. Жергиликтүү ишкерлердин айтымында, Казакстандын чек араны жаап, текшерүүнү күчөткөнү товар экспорттоодо кыйынчылык жаратып жатат. Экинчиси – Орусиянын Кыргыз өлкөсүнө акча которууга чектөө киргизгендиги. Эске салсак, жыл башында Орусия бир нече чет өлкөлөргө, анын ичинде Кыргыз Республикасына акча которууга чектөө киргизген. Тагыраагы, бир жаран айына
100 миң сомдон ашык акча которо албайт деген талап койгон. Бул дагы ишкерлерге тоскоолдук жаратып жатканы айтылат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев канчалык жакшы план, программалар жөнүндө сөз кылбасын, факт деген өжөр нерсе. Чыныгы абалды узакка жаап-жашыруу мүмкүн эмес.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан