11 ЖАШАР БАЛАНЫ АВТОБУС СҮЙРӨП КЕТИП КАЗА БОЛДУ. АЛ ЭШИККЕ КЫПЧЫЛЫП КАЛГАН

3-октябрь Бишкектин ТЭЦ-2 жаңы конушундагы бир үй-бүлө үчүн каргашалуу күн болду. Үй ээсинин 5-класстагы баласы №18 каттамдагы автобустан түшүп жатып, эшигине кыпчылып калган. Айдоочу муну байкабай айдап кете берген...

АЙДООЧУ КАМАККА АЛЫНДЫ

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы алгач окуучунун буту эшикке кыпчылып калып автобус сүйрөп кеткен деп маалымат таратты.

“Күн-Туу айылынан келе жаткан №18 каттамдагы автобус аялдамадан жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Бирок айдоочу арткы эшиктен окуучу түшүп жатканын байкабай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучунун бир буту эшикке кыпчылып калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап кеткен. Автобус окуучуну бир канча метр жерге чейин сүйрөп барган. Бала алган жаракатынан улам каза болду”.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, окуучунун күрмөсүнүн боосу автобустун эшигине кыпчылып калып сүйрөп кеткен.

“Алдын ала маалыматтарга караганда, окуучу автобустун алдыңкы эшигинен түшкөн. Аны айдоочу көргөн. Бирок окуучу баланын күрмөсүнүн боосу эшикке кыпчылып, автобус жүргөндө ал кулап, дөңгөлөктүн алдында калган. Рулда №18 автобус каттамынын бригадири Н.Серенов болгон. Айдоочу "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында" 8 жылдан бери эмгектенип келет. Анын 14 жылдык айдоочулук тажрыйбасы бар.

Ал эми каза болгон М.Ж. №70 мектеп-гимназиясынын 5-классында билим алып жаткан. Атасы курулуш компаниясында иштейт, апасы экономист. Маркум 5 бир тууган болгон. Сокулук районунда жашайт”,- деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Бала каза тапкан №18 каттамдагы автобустун айдоочусу убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Ага жол коопсуздугунун эрежесин бузуу беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“МЕКТЕПКЕ УЗАТЫП, КАЙРА ТОСУП АЛБАЙ КАЛДЫМ”

Адил Жолдошбек уулу инисин жоготуп, канаты кайрылып турган чагы. Ал инимди мектепке өзүм узатып кайра тосуп ала албай калдым дейт.

– Саат 6:30да үйдөн чыгып, маршруттук таксиге чогуу түшкөнбүз. Ал мектепке 2 жолу транспорт алмаштырып барат. №4 ооруканага чейин чогуу барып, ал андан ары мектепке кеткен. Ошол жерден жол киреге, тамагына деп акча берип, коштошуп калгам. Көрсө, ошол биздин акыркы жолугушуубуз болуптур.

Мектептен ар кандай транспорт менен кайтчу: кээде автобус менен, кээде ошол багыттагы кичи автобус менен. Шаардан бери транспорттор элге жык-жыйма толуп келет. Бул аз келгенсип коомдук транспорттордун айдоочуларынын эрежелерди сактабаганы, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун ойлобой катуу айдагандары ар кандай кырсыктарды жаратат. Биз 5 бир тууган болчубуз: мен улуусумун, менден кийин карындашым бар, андан кийинки иним Мырза (ред.: маркум) болчу. Андан кийин 1 карындашым жана 1 иним бар. Мырза абдан идиректүү, бир нерсени бат илип алган шайыр бала болчу. Үй-бүлөбүз менен тамактанып отурганда Мырзанын эле үнү чыкчу. Анын азыр бардык маалыматты кабыл алып, өзүнө керектүүсүн сиңирип, бир нерсени билип алайын, үйрөнөйүн деп дүйнөгө кызыгуу менен карап турган мезгили болчу. Мен эми аны сагынам...

“КҮРМӨНҮН БООСУ АВТОБУСКА ИЛИНГЕН БОЮНЧА ТУРАТ”

Автобустун айдоочусунун кесиптеши Майрамбек Бектуров бул окуя кокустук деген пикирин айтты:

– Бул кокустук. Айдоочу аны атайын кылган жок да. Окуучунун кийиминин боосу автобуска илинип калган. Күрмөгө жип-шуу тагылып тигилиптир, ойлосоңуздар, күрмөнүн боосу 1,5 метр экен. Азыр ошол боо автобуска илинип калган боюнча турат. Муну эми укук коргоо органдарындагы эксперттер иликтеп чыгып баа берет. Кесиптешибиз автобустар ишке киргенден бери иштеп келе жатат. Ошондо 11 жыл болду. Ал №18 автобустун бригадири болчу. Үй-бүлөлүү, ишине так, келечекте өсө турган бала болчу.

“АЙДООЧУГА ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРДИМ”

Маркум окуучунун атасы Жолдошбек Айтмамбетов “Айдоочунун 2 баласы бар экен, ошолорду ойлоп тосмо арыз жазып бердим” дейт. Бирок ал баары бир транспорт каражатын башкарууда эрежени бузган деген пикирде. Анткени окуучу ал күнү сабакка күрмө кийип барган эмес.

– Айдоочу 34 жашта, үй-бүлөсүндө жалгыз уул жана анын 2 баласы бар экен. Туугандары куран окутуп келип кетишти. Мен анын 2 баласын ойлоп уулумду жерге бергендин эртеси күнү эле тосмо арыз жазып бергем. Өзүмө келип жакшылап ойлонсом, аны каматып жибергенде деле баламды баары бир кайтара албайт экенмин. Негизинен балдарымдын баарын 2011-жылдан бери мектепке, бала бакчага өзүм алып барып, кайра алып келип жүрчүмүн. Акыркы бир жылга жакын аралыкта автоунаам бузулуп калып, Мырзаны чоңоюп калды деп коомдук транспорт менен жиберип калганбыз. Ар бир ата-эне коомдук транспортко баласын салып, узатып жатканда айдоочуга ишенип, аман-эсен жеткирет деп жөнөтөт. Тилекке каршы, бул ишеничти айдоочулар акташпайт.

Ошол каргашалуу күнү баламдын кырсыктаганына күбө болгон кызды таап сүйлөштүк. Ал “Автобуста киши жык жыйма болчу, катуу жүрүп бараткан. Болжолу ТЭЦ-2 тараптан айдоочу токтоп кишилерди түшүрдү да, эшикти шарт жаап айдап кетти. Бир маалда эл ызы-чуу болуп “токтот эле токтот” деп кыйкырып калышты. Баарыбыз эшикке чыктык. Карасам жерде кичинекей бала жатыптыр. Мен анын автобуска кай жеринен илинип же кыпчылып калганын көргөн жокмун. Мурдунан жана оозунан кан агып калыптыр. Нес абалда калдым, жөн гана ошол жерден кетип калайын дедим, бирок мен медициналык окуу жайда окугандыктан, келечектеги дарыгер катары басып кете алган жокмун. Ошол жерде жардам берейин деген киши болгон жок. Мен “Тез жардамга” чалгыла деп жатсам бирөөлөр келип кайдагы бир билдирме тууралуу сурап, баланын аты-жөнүн тактоого аракеттенип жатышты. Кээ бирлери баланы каза болуп калды дешти. Мен анын оозу-мурдунан аккан канды тазалап, дем алсын деп оозун ачтым. Ал эсин жоготуп койгону менен, тирүү болчу. Аңгыча бир жүк ташуучу маршруттук унаа келип токтоп, ошого салып ооруканага алып кетишти. Унаага салып жатканда да бала дем алып жаткан. Интернетте бала ошол эле жерден каза болду деп жазып жатышат, бул калп!”,- деди ал.

Укук коргоо кызматы баламды окуя болгон жерден каза болгон деп маалымат таратты. Күбөнүн айтымында, ага “Тез жардам” келбептир, унаа токтоп жардамга келгенче 20-30 мүнөттөй убакыт өтүптүр. Мен ойлойм, балам ооруканадан же жолдо баратып үзүлгөн.

“БАЛАМДЫН ҮСТҮНДӨ КҮРМӨСҮ ЖОК БОЛГОН”

Баса, ошол күбө болгон кыз менен сүйлөшсөк, “балаңар классика стилинде, мектеп формасында болчу. Мен көргөндө анын үстүндө күрмөсү жок болчу” деди. Ошондой эле айдоочу аялдамага жетпей эле токтоп элди түшүрүптүр. Ошол себептен шашып айдап кеткен дагы, баламдын буту же сумкасы автобустун эшигине кыпчылып калган деген ойдомун. Анткени ошол жерде күркө иштеткен күбөлөрдөн сураштырсак рюкзак кыпчылып калгандай болду дешти. Дал ушул 18-каттамдагы автобус дайыма тыгылыш, эл жүктөлгөн абалда алыскы айылдарга чейин каттайт. Айдоочу адатынча кишини болушунча салган, эшик жабылгандан кийин ордунан жыларда күзгүдөн эки жагын карап койгон эмес жана аялдамадан токтогон эмес.

Шаардагы транспорттук каттамдардын жетишсиздиги да кырсыктарга себеп. Бир учурда биз жакка 262-каттамдагы "маршрутка" каттап, окуусуна түз барып сүйүнүп калганбыз. Андан кийин эле каттабай калды, кийин 161-каттамдагы маршруттук таксиге конкуренция жаратып кандайдыр бир конфликт болгон деп уктук.

Шаардык мэриядан өкүлчүлүк байланышып, жакын арада жолугуп сүйлөшүү жүргүзөлү дешти. Эмне жөнүндө сөз болот, билбейм. Баламды жерге берүүгө, жай казууга жардам көрсөтүштү. Баарынан баламдын оозу-мурдундагы канды коркпой тазалап, ошол жерде жалгыз жардам көрсөткөн кызга рахмат айткым келет. Ага үй-бүлөбүз менен ыраазыбыз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Автобустун эшигине кыпчылып каза болгон окуучу жерге берилди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mintip-menu-suybo
2019-10-14 11:07:50
Акмак да акмак... Кузгусун карабайбы жан талашпай... Негизи шаарда бала окутуш кыйын... Мектептери алыс...
-2
taalay25
2019-10-14 23:51:16
Кокустук эмес бул ишине шалакылык
-2
nd.9468
2019-10-15 17:56:30
Кырсык каш кабактын ортосунда.Айдоочу атайын өлтүрөйүн деген эмес да кокустук болуп кеткен.Эки үй-бүлөөгө да оор болуптур сабыр кылгыла
+2
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан